Саткын Абдрахманова, акын Эсенгул Ибраевдин жубайы: “ЭСЕНГУЛ ТАЛАНТЫ КАЙНАП ТУРГАН КЕЗИНДЕ КЕТЕ БЕРДИ...”

Тунук болсом –

Тилим менен тунукмун,

Улук болсом –

Тилим менен улукмун,

Улут болсом –

Тилим менен улутмун!

Ар бир кыргызга тааныш бул саптар Кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраевге таандык. Өлбөс-өчпөс ырларды жараткан акын көзү тирүү болгондо бул жылы 88 жашка чыкмак. Залкарды өмүрлүк жары Саткын Абдрахманова менен бирге эскердик.

– Арыбаңыз, Саткын апа! Маегибизди жакында эле өткөн агайды эскерүү кечесинен баштасак. Кече кандай өттү?

– Бар болгула. Кече жакшы өттү. Агайыңар өмүрүнүн акыркы жылдарында Махмуд Кашгари Барскани атындагы Чыгыш университетинде иштеп калды. Дал ушул окуу жай жыл сайын эскерүү кечесин өткөрүп турат.

Көзү өткөндөн кийин окуу жай мага Эсенгулдун музейин уюштуруу үчүн орун берген. Бул аракеттери үчүн университеттин жетекчилигине ыраазымын.

– Агай кандай адам эле, мүнөзүн, адаттарын эстеп айтып берсеңиз.

– Агайыңар кыргызга күйгөн, элине бир жакшы нерсе калтырып кетейин деп аракет кылган адам эле. Адилетсиздикке тынч карап тура алчу эмес, аны ырлары менен жеткирүүгө аракет кылчу. Калыс болчу, бирөөгө туура эмес мамиле кылып алса, сөзсүз кечирим сурайт эле. Акындар жумшак болот дешет, бирок Эсенгул үйдө катуу болду. Анткен менен ар бир адамдын көңүлүнө карап мамиле жасачу. Кээде башкалардын оюн укчу, кээде буйрук берип эле, “мен айткандай жасайсыңар” деп койчу. Анын айтканы дайым туура чыкчу. Сөзгө чечен, эс-тутуму күчтүү эле. Өзүнүн бардык ырларын жатка билчү. Ар бир ырын жаңылбай, кагазды карабай айтып бере алчу.

– Агайдын жакын санаалаштары кимдер болду?

– Бир топ чыгармачыл инсандар менен аралашып иштеп, баары менен сый-урматта жашап өттү. Эң жакын досторунан Жалил Садыков, Бексултан Жакиевди айтар элем. Шакирттерин да айта кетейин, Байтемир Асаналиев, Шайлообек Дүйшеев сыяктуу бир топ шакирттерди тарбиялады.

– Акындын жубайы болуу оор болсо керек. Өмүрлүк жар катары ал кишини кандай эскересиз?

– Бул киши аялзатын абдан сыйлачу. Аялдарга арнап жазган сонун ырлары бар. Мага арнаган ырлары да бар. Менин жакшы жагымды да, кайгырганымды да жазды. Ушул жерден бир окуяны айтып берейин. Жакшы тамада болчу. Бир ирет тойдо отурсак, бир жаш келин “агай жакшы алып барып жатат. Уруксат болсо, мен бетинен өөп коёюн” деп менден суранды да, барып Эсенгулдун оозунан өөп алды. Отургандар дуулдап кол чаап калышты. Өзү дагы өңдүү келин экен. Мен абдан капа болгом. Жанында отурсам эмнеге мени көзгө албай өбүшөт деп аябай ызалангам. Ал киши “мен эркек болсом. Аял келип өзү өөп жатса, анан мен “жок, сени өппөйт элем” деп кантип айтмак элем? Уят да!” деп мага түшүндүрүп кечирим сураган. Бирок мен бир ай капа болуп жүрдүм. Ушуну дагы ырга салып жазган, “Дүйнөдө эки аялдын ичи тар болсо, ошонун бирөөсү менин аялым...” деп (күлүп).

– Ушул жерден экөөңүздөр кантип табышканыңыздарды сурайынчы.

– Мен 10-классты аяктап келип, Улуттук университеттин журналистика факультетине тапшырдым. Эсенгул да журналистикада окучу. Мен келгенде ал 2-курста эле. Журналисттерге өткөрүлгөн иш-чараларда аралашып жүрүп таанышып калганбыз. Мага тийишип ырларды жазып, сезимдерин билдирип жүрдү. Ошентип жылдызыбыз келишип, эки жылдай сүйлөшүп баш кошконбуз. Үч уул, бир кызды тарбиялап өстүрдүк. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, азыр 16 небере, 6 чөбүрөбүз бар.

– Балдарыңыздан, небере, чөбүрөлөрүңүздөн агайдын жолун жолдоочулары барбы?

– Атабек аттуу эң улуу неберебиз орусча ырларды жазып жүрдү. Кийин “окшошпой жатат” деп таштап койду. Башка эч кимиси чыгармачылыкка жакын эмес.

– Сиз да чыгармачыл чөйрөдөн экенсиз. Сиздин эмгек жолуңуз кандай болду?

– Мен журналистиканы бүтүп, “Ленинчил жаш” гезитинде, кийин радиодо, телевидениеде иштедим. Бирок иштейм деп балдарым жакшы каралбай калды. Анан Эсенгул экөөбүз кеңешип, бирөөбүз эле иштемей болдук. Мен үйдө отуруп иштеп жүрдүм, кийин балдарыма көбүрөөк көңүл бурайын деп ишти толугу менен таштадым.

– Агай оорудан улам каза тааптыр. Акыркы жылдарын кандай жашады, ошону айтып берсеңиз.

– Ооба, Эсенгул узак убакыт оору менен күрөштү, ашказанында жара бар эле. Акыркы бир жарым жылда Москвада жүрүп, ашказанына үч жолу операция жасаттык. Ал оорунун дабасы жок экен, өнөкөткө айланып кетиптир. Акыркы убакта абдан кыйналды. Ошондо да калемин түшүргөн жок. Ошондогу жазган ыры:

Ден соолук, сенин

Билбептирмин баркыңды,

Шат менен баштап,

Дарт менен бүттүм артыңды.

Канчага жетер экен деп

Өмүр билигин эсептеп жатам,

Күндөрүң эмес саатыңды.

Бул киши таланты кайнап турган кезинде кете берди. Дагы жашаганда бир топ жакшы чыгармалар жаралмак. Акыркы убакта алы кетип колуна калем кармай албай, сүйлөгөнгө да күчү калбай калган. Ошондо “болду эми ыр жазбай, дарыңды ичип, жатып эс ал” десем болбой “кулагыңды тос, сага айтам, сен жаз” деп мени жаздырды. Өлөрүнүн алдында ушул ырын жазды.

Жылдыздай жанып беришти,

Жылдыздай жылт деп келишти,

Ыр деген улуу ыйык сөз,

Коёюн, кош бол, чекитти,- деп өмүрүнүн акырына чекит койду. Анан мени менен да ыры аркылуу коштошту:

Ак дилимден арноомду кабылдагын,

Алыс болгун, кырсыкка кабылбагын.

Ыраак, алыс жүрөт деп эч ойлобо,

Ырым турса мен сенин жаныңдамын,- деп жазып кете берди (көзүнө жаш алып).

Көзү өткөндөн кийин балдарым менен биргеликте фонд түзүп, ырларынын 10 томдугун чыгардык. Азыр да агайыңарга арналган ырларды, чыгармаларды, макалаларды чогултуп жүрөм. Көзүмдүн тирүүсүндө бул кишини эстебей коё албайм. Кудай буюрса, дагы эки томдугун чыгарам. Кээде концерттерге барып калганда автордун атын атабай, Эсенгулдун ырларын, сатираларын өздөрү жазгандай эле айткандар бар. Аттарын атабай эле коёюн. Мен алардан өтүнөр элем, пайдаланышсын, бирок ушул кишинин атын атап койгулачы. Бул кишини эскерүү мен үчүн бакыт. Эстеп, кабар алып келгениңер үчүн силерге рахмат.

– Маегиңизге рахмат. Ден соолукта болуп, көп жашаңыз.


Гүлдана Мамадали кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 956, 1-7-апрель. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан