ШИМПАНЗЕЛЕР ӨБҮШКӨНДҮ, КУЧАКТАШКАНДЫ БИЛИШЕТ

Шимпанзелер жалпысынан 2 чоң түргө бөлүнөт: кадимки жана бонобо аталышын алып жүргөн карлик шимпанзе болуп. 2 түрү тең Кызыл китепке киргизилген. “Шимпанзе” сөзү Конго Демократиялык Республикасында жашаган чилуба (луба) элинин "кивиди-чимпанзе", бизче "адамга окшош" деген сөзүнөн алынган болсо керек деген божомол бар.

БАЙЫРЛАГАН ӨЛКӨЛӨРҮ

Шимпанзелер көбүнчө Батыш жана Борбордук Африкада таралган.

10-12ден топ-топ болуп токойлордо, деңиз жана дарыя бойлорунда жашашат. Кадимки шимпанзенин боюнун бийиктиги 1-1,5 метрге, салмагы 34-70 килограммга жетет. Бонобонун бойлору 70-83 сантиметрге жетип, салмагы 27-38 килограммды чапчыйт. Боноболор Конго Демократиялык Республикасындагы (Борбордук Африка) Конго дарыясынын түштүгүндө, токойлорунда жашайт.

КАДИМКИ ШИМПАНЗЕНИН ТҮРЛӨРҮ

Кара мурундуу – булар Камерун, Экватордук Гвинея, Габон, Конго Демократиялык Республикасында кезигет.

Батыш шимпанзеси – булар Экватордук Гвинея, Мали, Сьерра-Леон, Либерия, Гана, Нигерияда жашашат.

Швейнфурт шимпанзеси Түштүк Суданда, Конго Демократиялык Республикасы, Уганда, Руанда, Бурунди, Танзания жана Замбияда жолугат.

Кадимки шимпанзе – Нигерия, Камерунда кезигет.

ТАМАК-АШЫ, ТҮНӨГҮ

Шимпанзелер бардык нерселерди жей тургандар. Негизги тамагы – жемиш, жалбырактар, курт-кумурскалар жана анча чоң эмес жаныбарлар. Кээде маймылдардын кичинекей балдарын, канаттууларды кармап жешет. Айылдарга кирип барышып, жүгөрү, манго, папайяларды жеп кетишет.

Түнкүсүн дарактарга чыгып бекинишет, бутак-шактар жана алардын жалбырактары төшөнчү болуп берет.

Ургаачылары баласын курсагында 7-8 ай көтөрүп, жарыкка алып келишет. Балдары ата-энелери менен болжолдуу түрдө 5 жылдай чогуу жашап, анан топ түзүш үчүн өз алдынча кетишет. Бир туугандар бири-бирин таанышат. Иттин үргөнүнө окшош үндөрдү чыгарышат.

АТААНДАШТАРЫН ӨЛТҮРҮҮГӨ ЧЕЙИН БАРЫШАТ

Башка топтогу шимпанзелер менен жашоого ыңгайлуу аймак, керектүү тамак-ашы көп жерлер үчүн күрөшүп, аларды өлтүрүүгө чейин жетишет. Башкача айтканда, атаандаштарынан кутулуу үчүн агрессивдүүлүктү көрсөтүшөт. Көбүнчө эркек шимпанзелерди, балдарын өлтүрүп, ургаачыларына тийишишпейт. Өлтүрүүгө 5тен 30га чейинки сандагы шимпанзе катышып, курмандыгынын кекиртегин айрып, жулуп салышат.

АКЫЛДУУ ЖАНЫБАРЛАР

Алар өбүшкөндү, кучакташканды, бири-бирин колдоо үчүн далыга таптоону, кол кысышканды билишет. Ачууланганда жакынынын кучагында болуп, тынчтанууну да билишет. Өлгөн тууганы үчүн кайгырышат. Дарактын коңулунда чогулган сууну ичүү үчүн бутактын башын чайнап, сууга салып, анан бутактагы сууну сорууга акылы жетет.

Таллиндеги (Эстония) зоопарктагы шимпанзе кызматкер унутуп таштап кеткен шыпыргыны алып, өзү камалган жайды шыпыргандыгы тууралуу маалымат бар. Лондондогу Конго аттуу шимпанзе сүрөт тартууну үйрөнүп, жалпы 400дөй сүрөт тарткан.

СССР убагында зоопарктын бириндеги Иони аттуу шимпанзеге да сүрөт тартканды үйрөтүшкөндөн кийин андан калемди алып койгондо ыйлай баштаган.

БАЛДАРЫ ҮЧҮН СУРОО-ТАЛАП КӨП

Шимпанзелер Кызыл китепке киргендигине карабай “чёрный рынокто” суроо-талап көп. Жеке зоопарктар, бай адамдар шимпанзелерди, өзгөчө балдарын чоң суммадагы акчага сатып алышат. Көбүнчө Оман, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы, Иран, Кытай сыяктуу өлкөлөрдөн сатып алуучулар көп чыгат.


Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 956, 1-7-апрель. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан