Каминдердин түрлөрү бир топ. Учурда биокаминдер популярдуу болуп жаткан учуру. Анын артыкчылыктары, күйүү үчүн эмне колдонула тургандыктары боюнча маалымдайбыз.
МОРДУН КЕРЕГИ ЖОК
Биокаминге тазаланган табигый спирт-этанол колдонулат. Спирттин уникалдуулугу күйгөндө зыяндуу газдарды бөлүп чыгарбайт. Ага мордун кереги жок. Аны чоң же чакан бөлмөлөрдө колдонсо деле болот. Биокаминге орточо эсеп менен 1 саат үчүн 300 грамм спирт куюлат. Иштетүүдө эрежелерди сактап, кароосуз калтырбоо керек.
БИОКАМИНДИН ТҮЗҮЛҮШҮ
Бардык сыр спирт куюлуучу керамикалык чакан бакта. Мунун негизги артыкчылыгы – кокустан кулап кетсе, ичиндеги спирт төгүлбөйт. Биокаминдеги спирт түгөнүп, кайра куюш үчүн алгач отту толугу менен өчүрүп, биокамин муздаганча күтүү керек, болжол менен 15 мүнөт.
Биокаминде, жогоруда айткандай, спирт колдонулгандыктан күйгөндөн кийин башка от жагылчу каминдерге окшоп күл калбайт.
Биокаминдин артыкчылыктарына дагы төмөнкүлөр керет:
КҮЙГҮЗҮП, ИШТЕТҮҮ
Шаймандын туткасын бурганда капкак (жапкыч) ачылат, ошондо ширеңкени жакындатсаңыз, от күйөт. Колду күйгүзүп албоо үчүн узун ширеңкелерди колдонуп же алыс туруп күйгүзүү зарыл.
Жолдубек Качкынбаев