Ринат Момунов: «КЫЗДАР «НАЗМИҢ БОЛОЮН» ДЕП СМС ЖАЗЫШЧУ»

Капырай, куюп койгондой...

Биздин "Капырай, куюп койгондой..." аттуу сынагыбыз аягына чыкты. Сайтыбызда жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Ринат Момунов эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү деп табылды.

– Ринат, өзүң тууралуу айтып өтсөң...
– Мен Москва районуна караштуу Беловодск айылында 1987-жылы төрөлгөм. Учурда Кыргыз агрардык университетинин ветеринардык факультетинин студентимин.
– Ырчы Сапар Сопубеков менен таанышсыңбы же туугандык жайың барбы?
– Туугандык жайыбыз жок. Болгону, бир жолу өзүм иштеген кафеге Сапар байке достору менен келип калды. Ырчынын достору мени көрүп, “Сапарга окшош экенсиң” деп таң калышкан. Ошондо экөөбүз учурашып, эсткеликке сүрөткө түшүп койгон элек.
– Көчөдөн көргөндөр Сапар менен алмаштырып алышабы?
– Ооба. Мурда кыздар “сенин Назмиң болоюн, Сапар” деп СМС жазышчу. Азыр деле “сен Сапарсың да...” деп айырмалай алыш­пайт.
– Сапар “Ринат, экөөбүз окшош экенбиз, кел, дуэт ырдайбыз” десе эмне кылат элең?
– Мен ырдаганга кызыгам. Ошондуктан жан дилим менен кабыл алмакмын.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
meerime
2010-10-25 17:38:56
oo aiabai okshosh eken.
0
Nurzatka
2010-10-25 22:59:37
азамат куттуктайм.
0
aminali
2010-10-25 23:10:19
KUTTUKTAM MEN DAGI.
0
Aelina
2010-10-25 23:27:17
Ayabay okshosh eken, tim ele egizderdey bolup.
0
Altingul
2010-10-26 18:56:06
окшош экенсинер!Ринат Сапар байкедей ийгилике жетишинди каалайм!
0
BIMO
2010-10-27 08:11:40
Birok...kel yrdaibyz debeit da!
0
swan
2010-10-27 21:02:34
OOOO Agrarnui degen soz kulagima sonun ugulup ketti. Men da owol jakta okuim da
0
№ 416, 22-28-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан