Сары кычы (горчица) 1 жылдык өсүмдүк. Гүлү сары өңдө. Мекени – Азия. Уругунан горчица майы алынат. Горчица татымалы болсо уругунун талкаланып майдаланганы. Айрым өлкөлөрдө козу карын, жашылчаны консервациялоодо уругу бүтүн колдонулат. Татымалды байыркы мезгилде Кытайда, Европада пайдаланышкан. Башында майдаланган татымалга суу же уксус кошуунун ордуна жүзүм ширесин кошушкан. Бирок укроп, кориандар, бал кошкондору да болгон.
Фармацевтикада уругунун талкаланган упасы горчичник жасоодо колдонулат. Горчичник суук тийгенде көбүнчө көкүрөккө, далыга коюлат, бутка ванна жасалат.
Канымжан Усупбекова