БОРБОР АЗИЯДАГЫ АМЕРИКА УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАҢЫ МУУН АКАДЕМИЯСЫНДА АКЫСЫЗ БИЛИМ АЛУУГА СЫНАК


Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ) Жаңы муун академиясы (ЖМА) бир жылдык интенсивдүү жогорку окуу жайларга даярдоочу окуу программасын сунуш кылат. ЖМАнын негизин англис тили, тестирлөөгө даярдоо курстары (TOEFL pBT/iBT), академиялык жазуу жана математика сабактары түзөт. Окуудан тышкары академиянын студенттери орус/кыргыз тилдерин окуу менен бирге, БААУнун студенттик ийримдерине катыша алышат.

Сынакка бардык орто билим берүүчү окуу жайларынын – орто мектеп, техникум, колледж жана институттардын – быйылкы окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү катышууга чакырылат. Сынактын жүрүшүндө Кыргызстандын 7 дубанынан окууну ийгиликтүү аяктаган 25 бүтүрүүчү Жаңы муун академиясында 2021-2022-окуу жылында БЕКЕР билим алууга мүмкүнчүлүк алат.

ЖМАнын стипендиялык программасы студенттердин бир жылдык окуусунун толук наркын, студенттик жатаканада жашоосун жана ай сайын берилүүчү стипендиясын каржылайт.

ЖМАнын СТИПЕНДИЯСЫНЫН ТАНДОО ТАЛАПТАРЫ:

  • Кыргызстандын жараны болуу.
  • Орто билим берүү окуу жайын ийгиликтүү аяктоо же бүтүрүүчү класста/курста окуу.
  • Англис тилинде орто деңгээлде жазуу жана сүйлөө.
  • Финансылык талаптарга туура келүү.


ЖМАнын СТИПЕНДИЯСЫНА ТАПШЫРУУ ЖОЛДОРУ:

I баскыч: 2021-жылдын 7-майына чейин ЖМАнын атайын толтуруу формасын жана бардык талап кылынган документтерди ЖМАнын башкы бөлүмүнө алып келип тапшыруу.

II баскыч: 2021-жылдын июнь айында жарым финалчылар англис тилинен тест тапшыруу жана маектешүүдөн өтүү.

МААНИЛҮҮ: ЖМАнын стипендиясынын атайын формасын ЖМАнын сайтынан же ЖМАнын кеңсесинен (420-кабинет) алууга болот.

Керектүү документтер жөнүндө толук маалымат ЖМАнын www.nga.auca.kg сайтында жазылган.

ЖМАнын БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНҮН ОЙ-ПИКИРЛЕРИ:

Айзана Арсланбекова, ЖМА’20:

– ЖМА мага жаркын келечек үчүн трамплин болду. Бул жөн гана даярдык программасы эмес, кесиптик жана жеке жөндөмдөрүн өркүндөтүү үчүн бүтүндөй аянтча деп айтар элем. ЖМА биздин идеяларды ишке ашырууга мүмкүндүк берди: биз студенттик клубдарды ачтык, академиялык жана көңүл ачуучу иш-чараларды уюштурдук, социалдык долбоорлорду ишке ашырдык, ошондой эле ар кандай БААУнун сынактарына катыштык. Мындан тышкары даярдык ушунчалык жемиштүү болгондуктан, биз англис тилибизди мыкты деңгээлде жогорулатып, БААУга ийгиликтүү кирдик. Ушул билимим менен U.S.-CAEF стипендия программасынын финалчысы болуп, акысыз окууга жетиштим. ЖМА кыялыма жетүү үчүн тоскоолдуктарды жеңүүгө жардам берди, бул мен үчүн эң баалуу сезим.

Нурмухамад Туркбаев, ЖМА’17:

БААУнун бизнести башкаруу факультетинин 3-курсунун студенти:

– Жаңы муун академиясынын даярдоо программасы инсандык өнүгүүмдө жана өзгөрүүмдө абдан чоң салым кошту. Өзүм билбеген ички мүмкүнчүлүктөрүмдү жана сапаттарымды ачтым. Дебат ойноого кызыгып, БААУда жана Борбор Азиядагы университетте өткөн дебаттык сынактарга катышып өз күчүмдү сыноого жетиштим. Ал гана эмес, Душанбе шаарында өткөн дебаттык оюндарда мыкты оюн көрсөтө алдым.

БАЙЛАНЫШ ҮЧҮН МААЛЫМАТ:

Бишкек шаары, Аалы Токомбаев көчөсү, 7/6

Борбор Азиядагы Америка университети

Жаңы муун академиясы, 420-кабинет

Тел.: 0312 91 50 00 (485/486) жана +996 220 118 243

Электрондук дарек: nga@auca.kg

Сайт: www.nga.auca.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 956, 1-7-апрель. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан