КЫРГЫЗСТАНДА КОРОНАВИРУСКА КАРШЫ ЭМДӨӨ ЖҮРҮҮДӨ. SINOPHARM эмне болгон вакцина? Канчалык ишенимдүү?

Учурда коронавируска каршы Орусиянын Спутник-V, ЭпиВакКорона, Кытайдын Sinopharm, CoronaVac, Улуу Британиянын AstraZeneca, Американын Pfizer жана Moderna вакциналары көбүрөөк колдонулуп жатат. Кыргызстанга Sinopharm вакцинасы алынып келинип, калкты эмдөө башталды. Аталган вакцина эмне болгон вакцина жана анын таасирдүүлүгү канчалык? Өлкөдө канча адам эмделди жана аларда терс таасирлер байкалдыбы? Ушул жаатта кеп козгойбуз.

SINOPHARM ЭМНЕ БОЛГОН ВАКЦИНА?

Кытайдын Sinopharm вакцинасы Ухандагы вирусология институту менен Пекиндеги биологиялык продуктулар институту тарабынан иштелип чыккан. Түрү – өлтүрүлгөн (инактивированный) вакцина. Мындай вакцинаны түзүүдө өлтүрүлгөн бүтүн микроорганизм же вирус, же клеткалардын кабыкчаларынын компоненттери же оору козгогучтардын башка бөлүктөрү колдонулат. Мындай технология дүйнөдөгү эң ишенимдүү технологиялардын бири.

Сактоо мөөнөтү – 3 жыл. +2-8 градуста сакталат.

ВАКЦИНАНЫН СЫНАКТАН ӨТҮШҮ

Вакцинанын клиникалык 1-2-сынагы Кытайдын Хэнань провинциясында 2020-жылдын апрель айында өткөн. Ага 18-59 жашка чейинки 1120 адам өз ыктыяры менен катышканы айтылган.

Вакцинанын 3-сынагы 10 өлкөдө, анын ичинде Бириккен Араб Эмираттарында, Бахрейн, Перу, Сербия, Марокко, Аргентина, Иордания, Пакистанда жүргүзүлгөн. Перуда бир адамда неврологиялык Гийен-Барре синдрому күтүлгөндөн кийин сыноо токтотулган.

2020-жылдын аягында Кытай бийлиги Sinopharm вакцинасын рынокко чыгарууга уруксат берген. Чыгарган компаниянын маалыматына караганда вакцинанын таасирдүүлүгү 79 пайыз. Башкача айтканда, эмдөө алгандардын 79 пайызында коронавируска каршы антитела иштелип чыгат. Дүйнөлүк эксперттер жана эпидемиологдор “Кытай Sinopharm вакцинасын сынактан өткөрүүдө толук канча адам катышкандыгы, терс таасирлери тууралуу маалыматты ачыкка чыгарбай келе жатат” деп анын таасирдүүлүгүнөн шектенишет.

Кош бойлууларга кандай таасир берери тууралуу маалымат азырынча жок. Бир ирет гана Кытайдын саламаттыкты сактоо улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары Цзэн Исинь (Ичинь) сынакка катышкандардын 0,1 пайызында чыйрыгуу, калтыроо (лихорадка), миллион адамдын ичинен экөөсүндө олуттуу аллергия байкалганын айткан.

Кытайга келсек, анын басма сөзүндө Батышта колдонулуп жаткан Pfizer вакцинасынын терс таасирлерин аны чыгаруучулар жашырып жатат деп күнөөлөшөт. Бирок ошол эле учурда Кытайдын фармокомпаниялары вакцианаларга керектүү компоненттерди Pfizer вакцинасын чыгарган компаниядан алары айтылат.

Спутник-V, Pfizer жана Moderna вакциналарынын таасирдүүлүгү 90 пайыздан ашат деген маалыматтар бар. Кытай бийлиги 2021-жылдын этегине чейин Sinopharm вакцинасынан 1 миллиард доза чыгарыша тургандыгын кабарлаган.

Учурда Sinopharm вакцинасы 10 өлкөдө, алардын ичинде Кытай, Грузия, Беларус, Ирак, Түркия, Бахрейн, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдө колдонулууда.

2021-жылдын 22-февралындагы маалымат боюнча, 43 миллион доза вакцина чыгарылып, анын 34 миллиону Кытайда, калганы башка өлкөлөрдө колдонулган.

Дүйнөдө аталган вакцина менен азыркы күнгө чейин канча миллион адам эмделгендиги тууралуу так маалымат жок. Кээ бир интернет сайттарда 3 миллиондон ашык делсе, айрымында 40 миллиондон ашык экени айтылат. Кытай өнүгүп келе жаткан 53 өлкөгө вакцина жаатта жардам берерин, 22 өлкөгө вакцина сатарын билдиргени бар.

КЫРГЫЗСТАНДА 784 АДАМ ЭМДЕЛДИ

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова:

– Кыргызстанга 2021-жылдын 19-мартында Кытайдан гуманитардык жардам катары 150 000 дозада Sinopharm вакцинасы алынып келинген. Эмдөө башталган 29-марттан 6-апрелге чейин 784 адам эмделди. Эмдөөнү Бишкек шаарында, Чүй облусунда баштоо каралган. Учурда Ысык-Көл, Ош облустары кошулду.

Алгачкылардан болуп коронавирус жугуу коркунучу жогору болгондор: медициналык, социалдык жана күч органдарынын кызматкерлери, окуу жайлардын окутуучулары эмделүүдө. Жашы 65 жаштан өтүп калгандар да өз ыктыяры менен эмделүүдө. Статистика боюнча, Бишкектен 238, Ош облусунан 105, Ысык-Көл облусунан 51, Чүй облусунан 123, Ош шаарынан 267 адам эмделди.

Эмдөө 2 этапта жүргүзүлөт, 2-дозасы биринчисинен 25-28 күндөн кийин сайылат.

Атайын электрондук база бар. Ал жакка вакцина алгандардын аты, фамилиясы, иштеген жери киргизилет. Вакцина алгандан кийин терс таасирлери күтүлдүбү же жокпу ал да базада белгиленет.

Кандай гана вакцина болбосун алгандан кийин организм реакция берет, алар төмөнкүлөр: дене табынын 37 градуска же андан ашыгыраак көтөрүлүшү, инъекция сайылган жердин кызарып жана бир аз калыңдашы, баштын оорушу.

Sinopharm вакцинасын алгандардын эч кимисинде вакцинанын олуттуу терс таасирлери катталган жок.

Орусиядан 500 000 доза Спутник-V вакцинасынын келиши күтүлүүдө. Кытайдан дагы вакцина алуу жаатында сүйлөшүү жүрүп жатат. Дүйнөлүк жана Ислам банктары менен да сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

ВАКЦИНАНЫ КИМДЕРГЕ АЛУУГА БОЛБОЙТ?

Нурила Алтымышева, Ден соолукту чыңдоо республикалык борборунун директору:

– Sinopharm вакцинасын 18 жашка чейинкилер, учурда ооруп дарыланып жаткандар, кош бойлууларга алганга болбойт.

Эмдөө жүргүзүп жаткан врачтарга барганда алар өздөрү дене табыңызды, кан басымыңызды өлчөп, кандай оорулар менен ооруганыңызды, жакын арада эмне менен ооруп айыкканыңызды, эмнелерге аллергияңыз бар экендигин сурап тактап, ошого жараша вакцина саюу же сайбаш керектигин чечишет. Ал эми боор, өт, бөйрөк, кант диабети, жогорку кан басым сыяктуу өнөкөт оорусу барлар вакцинаны 2-этапта алышат (коронавируска чалдыгуу коркунучу жогору болгондор алып бүткөндөн кийин). Аллергиктер, астма, псориаз, дерматит сыяктуу оорусу барларга да саюу же сайбоо керектигин врачтар жарандардын өздөрүнөн сурап, тактагандан кийин айтышат. Вакцина сайылгандан кийинки реакция: сайылган жердин кызарышы, калыңдап шишиши, оорутушу, дене табынын көтөрүлүшү, алсыроо.

ЭМДӨӨ АЛГАНДАРДА ВАКЦИНАНЫН ТЕРС ТААСИРЛЕРИ БИЛИНДИБИ?

Өлкөдөгү айрым ири ооруканалардын жетекчилерине чалып, канча кызматкер эмдөөдөн өткөнүн, вакцинанын терс таасирлери болгон же болбогонун сураштырып көрдүк.

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы 20 медициналык кызматкер (өнөкөт оорусу барлар, коронавирус менен ооруй электер) эмделгенин, алардын абалына 3 күн көзөмөл жасалгандыгын, бирок эч кимисинен терс таасирлер байкалбаганын билдирди. Бишкектеги балдардын тез жардам клиникалык ооруканасы (№3 оорукана) 2 медициналык кызматкер вакцина алганын, терс таасири билинбегенин айтышты. Ош облусунун Ноокат райондук ооруканасынан “6-апрелде 40 кызматкер вакцина алды, биринде да терс таасирлери байкалган жок” деп жооп беришти.

КАЗА БОЛГОН ШАКИРОВДОН ВАКЦИНА АЛГАНДАГЫ БЕЛГИЛЕР ТАБЫЛГАН ЭМЕС

2021-жылдын 1-апрелинде Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров коронавируска каршы вакцина алгандан кийин каза болгондугу тууралуу маалыматтар тараган. Бул боюнча Республикалык иммунологиялык профилактикалоо борбору эмдөө боюнча түзүлгөн базада Шакировдун аты-жөнү катталбагандыгын билдирген. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев “Шакировдун өлүмүнүн себеби гистологиялык изилдөөлөрдөн кийин гана билинет. Балдар ооруканасында вакцинациянын жасалышы мүмкүн эмес” деди. Мындай маалыматтар менен кошо Шакировдун Энени жана баланы коргоо борборуна барып антибиотик алгандыгы, анан каза болгондугу тууралуу да маалыматтар чыкты. Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун эксперттери “денесине кароо жүргүзүлгөндө ийин бөлүгүндө эмдөө алганда кала турган белги табылган жок. Экспертизанын жыйынтыгы 14 күндөн кийин чыгат” деген маалымат таратты.

КОРОНАВИРУСКА КАРШЫ ЭМДӨӨ АЛАСЫЗБЫ?

Мукарам Кадирова, 68 жашта, пенсионер, Исфана:

– Кытайдын вакцинасы дешкенинен бир аз кооптонуп, алсамбы же албай эле койсомбу деп ойлонуп жатам. Минтип мен курактуулардын көбү ойлонуп жатат болушу керек. Орусиянын вакцинасы болсо ишенимдүү деп дароо эле алмакмын.

Анарбек Чуңгулов, 40 жашта, тепловоздун машинисти, Бишкек:

– Мен албайм. Вакцинанын таасирдүүлүгүнө ишенбегенден эмес, иммунитетим жакшы болгондугу үчүн. Ден соолугума жакшы кам көрөм, туура тамактанам, спортко жакынмын. Эмделүүгө эч ким мажбурлабайт, ар кимдин өз эрки.



Айгерим Асанова, 29 жашта, үй кожойкеси, Жалал-Абад:

– Эмдөө алгандарда вакцинанын терс таасирлери билиндиби же жокпу, кабардар болуп туруу керек. Эгер терс таасирлери билинбесе анда алуу кажет. Вакциналар буга чейин эле элди оорулардан сактап келген да. Коронавирус менен ооруп, өмүрдү тобокелге салгыча алган оң.

Маматзия Айсабеков, 54 жашта, ветеринар, Чоң-Алай:

– Менин билишимче, вакцина алгандан кийин анын курамындагылар организмге 14-20 күндө сиңип бүтөт.

Коронавируска каршы вакцинаны алгандан кийин иштелип чыккан иммунитет канча убакка жетери белгисиз экен. Бирок башка арга жок, алууга туура келет.

Айгерим Абдырахманова, 21 жашта, студент, Бишкек:

– Мен албайм, ойлонуп ушундай чечимге келдим. Вакцина жаңы эле чыкты. Мен эле эмес, көпчүлүк эл ишенбей турат. Алгандардан бирөө каза болду деп маалымат да чыгып жатат. Алгандан кийин арты кандай болот, эч ким билбейт.

Куралбек Мамыров, 35 жашта, айдоочу, Каракол:

– Вакцинаны албайм. Эгер адам иммунитетине ишенсе, өзүнө жакшы кам көрсө албай деле койсо болот. Өнөкөт оорусу барлар, карыларга коронавирус жукса катуу ооруп калуу коркунучу бар. Алар алууга тийиш.



Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 957, 8-14-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан