Окурмандын ою
– Кыргызстанда көптөгөн абийирсиз саясатчылар элди акмак ойлогон “оюндарды” жакшы өздөштүрүп алышты. Бул “оюн” кээ бир аткаминерлерге бийлик жана казынага оңой кирүүгө жардам берип жатып популярдуу болууга жетишти. Саясатчылар кезектеги “оюнга” Кыргызстан менен Орусиянын элин ийгиликтүү кызыктыра алышты. Саясатчылар кыргыздарды “демократия жана адилеттүүлүк орнойт” деп алдашса, орустарга “түбөлүктүү достук” деп тил эмизишти. Ошол эле учурда Орусияны америкалык аскердик майдан жана аймактагы орусиялык кызыкчылыктарга таяп пайдалангылары келишет.
Ал эми парламенттик шайлоонун алдында керек болсо президент Дмитрий Медведевди да жогорудагы “оюнга” оңой эле кийирип алышты. Ал кээ бир кыргыз саясатчыларынын “Орусияга болгон жакшы көрүү сезимине” ишенип кеттиби, башка өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөө керектигин да унутуп, атүгүл Кыргызстандагы орустардын партиясын көзүнө илбей, аларга “түкүрүп койду”.
Орусиянын жетекчилигине “чоң оюндун” катышуучуларынын “орусиячыл маанайда” же “америкачыл маанайда” экенине басым кылбай, алардын сөзгө бекем тургандыгына жана калыстыгына көңүл бурууга кеңеш берер элем. Антпесе, шайлоодон жеңип чыккан орусиячыл партиялар да, Орусия өзү да жеңилүүгө дуушар болушат.
Аскар Мамбеталиев