«АЙЫЛ БАНК» КАЛК ҮЧҮН «КЕНЧ» МӨӨНӨТТҮҮ ДЕПОЗИТИН СУНУШТАЙТ

Акча топтоп, аны сактоого үйрөнүү – ар бир жарандын жакшы жошоосунун өзөгүн, пайдубалын түптөйт. Жыйым топтоо – бул, бир жагынан, күтүүсүз келип чыккан жагдайдан чыгуу ыкмасы болсо, экинчи жагынан, туруктуу пассивдүү киреше булагы болуп саналат.

Топтогон каражатты үйдө сактоо мурдатан канга сиңип, калыптанып, адатка айланган көндүм. Ар ким ойлоп табуучулук дареметине жараша топтогон жыйымын төшөк арасына катып, сандыкка же идишке салып, же сейфке сактап келген. Албетте, каалаган учурда катып койгон жериңден керектүү суммадагы акчаны алып, пайдаланууга оңтойлуу болгону менен, төмөндө келтирилгендей көкөй кести көйгөйлөр менен да коштолушу ыктымал:

  • катылган акчанын көбөйбөй, кыймылсыз жата бериши;
  • колдогу акчанын көбүрөөк коромжу болушу;
  • уурдалып кетүү ыктымалдыгы.


АКЧАНЫ КӨБӨЙТҮП АЛУУГА МҮМКҮНЧҮЛҮК

Аталган жагдайларды эске алуу менен «Айыл банк» калктын бардык катмарын канааттандыра алган депозиттик продуктуларды элге сунуштап келет. Алардын бири – "Кенч" мөөнөттүү депозити.

"Кенч" мөөнөттүү депозити – бул толуктоого же бөлүп алууга мүмкүн болбогон, жогорулатылган пайыздык чен алдында, белгилүү бир мөөнөткө банкка салып коюуга боло турган ашыкча акча каражатына ээ болгон кардарлар үчүн каралган.

Жетиштүү кирешеси барлар, же жакында эле кыймылдуу, же кыймылсыз мүлкүн сатып, түшкөн акчасын көбөйтүп алууга кызыкдар болгондор банк сунуштаган мына ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кепилденген туруктуу киреше алууга үлгүрүп калууга тийиш.

Толук маалымат алуу үчүн ab.kg сайтына өтүңүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 957, 8-14-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан