– Менин күчүм көп нерсеге жетти, жетип келе жатат. Болгону ызамды тыйганга, атама болгон жек көрүүмдү жойгонго жетпеди. Мага атадан да, энеден да айтпаптыр. Эне-атанын мээримине чулганып өспөдүм, керек болсо кандай болорун сезген жокмун. Ажырашкан үй-бүлөнүн курмандыгы болдум. Атам менен апам мен кичинекей кезде эле эки ажырым жолго түшүптүр. Апам мени өзү менен алып кетпей, эмнеге таштап кеткени мага суроо бойдон калды. Кийин апамды сураштырсам, атам менен ажырашкандан кийин эле жол кырсыгынан каза болуптур. Атам бул темада сүйлөшмөк түгүл, учурашканыма тыңыраак жооп бербейт.
– Кагылып кетейин, балакетиң алайын,- деген чоң энемдин сөздөрү азыр да кулагымда. Тилекке каршы, чоң энем мен 3-класста окуп жаткан жылы каза болуп калды. Чоң энемдин мээрими ата-энемдин жок экенин билгизбептир. Эч ким мага жаман мамиле кылчу эмес. Чоң энемден айбыгышчу көрүнөт. Энемдин өлүмүнөн кийин баары өзгөрдү. Жеңем, байкем, кимиси болбосун “айдап кел, байлап кел, эшикти шыпыр, муну алып кел” деп эле ителеп жумшаганга өтүштү. Мындай жумуштардан атам жаш аял алганда кутулдум. Ал атамдан 15 жашка кичүү, бирок атама караганда акылы терең, жакшы адам. Мен аны жеңе деп калдым. Атамды менин бар-жогум, эмне кылып жүргөнүм, мектепте кандай окуп жатканым кызыктырчу эмес. Бир күнү мени чоң апамдын үйүнөн атамдын үйүнө кийим-кечегим менен көчүрүштү. Эмнеге мындай болгонуна мен түшүнбөй калгам. Көрсө, атамдын жаңы аялы – жеңем атамды макул кылып мени алдырган экен. Көнүп калганымдай короону тазалап эшикте жүрсөм, жеңем мени чакырды.
– Бул дагы эмнеге жумшаганы турат?- деп сүйлөнүп алып жанына бардым.
– Сабактарыңды оку.
Оокатка алаксыба, андай иштерди кылууга кичинекейсиң,- деди. Ичимден кудуңдап сүйүнүп кеттим. Уккан кулагыма ишене албай турдум. Ошентип көкөйгө тийген тиричиликтен кутулдум. Жеңем мага мээрим төгүп үзүлбөсө да, аяр мамиле кылды. Азыр да жылуу кабыл алып, мага төркүн болуп жатат.
Адатта аталар кыздарын алаканына салып бөпөлөп ханыша кылып өстүрүшөт го. Мындай аталарды көргөндө жарама туз сепкендей ичим ачышып кетет. Атасына эркелеп өскөн кыздарга суктанам. Сен эмнеге мени камкордугуңа алып өстүрө албадың? Жакшы сөзүңө, мээримиңе зар болуп жүрүп үйдөн узадым. Окууну бүткөндөн кийинки келечегим да сени ойлондурган жок. Колуңда жок, ичкилик ичкен, жашоодон безип качкан адам болсоң бир жөн. “Мейли, анын мени ойлогонго чамасы келбей калды” дейт элем. Бирок андай эмессиң да. Мектепти бүткөндө классташтарымды ата-энелери окууга ээрчитип кетип жатты. А мен айылда, үйдө калдым. Коркконумдан батынып окуйм деп айта албай жүрдүм. Бир күнү:
– Шаарга барып эжеңе жардам бер,- дедиң сен кебелбей туруп.
– Окушум керек,- деген сөз оозумдан өзүнөн-өзү чыгып кетти.
– Ошол эжең окутат,- деп мени шаарга карындашыңдыкына салып жибердиң менден кутулганга шашкандай. Жеңем ал учурда ооруп калбаса, балким, мени окууга тапшыртмак деп азыр да ойлоп жүрөм. Ал оору менен алышып жатып, мени деле ойлоно албады көрүнөт. А сен мени жөн гана көрбөй койдуң. Азыр да көрбөгөн бойдонсуң.
Классташтарым студенттик күндөрдүн барагын ачып жаткан кезде мен түйшүктүн жүгүн тартып, эжемдин балдарын багып, үй ишин жасап жаттым. Жыл жаңыргандан кийин мени ала качып кетти. Эжемдин тааныштарынын баласы экен, өзү барып “мындай жерди таппайсың, мындан ары эч жакка батпайсың” деп туруп отургузуп кетти. Айла жок жашап калдым. Атам болсо менден кабар алган жок. Жеңеме рахмат, төшөнчүмдү камдатып берип жибериптир. 3 балалуу болдук, үй салдык, канча той бердик. Кайын журтум атамдарды чакырганын койбойт. Же ал бир келип койсочу. Ата, сенин айыңдан жолдошумдун, кайын журтумдун алдында басынып бүттүм. Сен мага эч качан ата боло албадың...
Кызың Мунара