Орусиялык Forbes журналы 2021-жылдагы Орусиядагы бай бизнесмендердин ондугун аныктады. Журналдын версиясы боюнча, Telegram мессенжерин жана ВКонтакте социалдык түйүнүн негиздеген Павел Дуров онунчу орунга илинген. Маалыматка ылайык, анын байлыгы 17,2 миллиард долларды түзүп, бир жылда 13,8 миллиард долларга өскөн. Анын байлыгы 2017-жылы 1,7 миллиард доллар эле.
Ал эми Forbes`тун дүйнөлүк рейтинги боюнча Павел Дуров 2020-жылы 565-орунда болсо, 2021-жылы 112 орунга көтөрүлдү.
Асел Ишенбай кызы