Москва шаарынын Таганск райондук дүйнөлүк соту TikTok`ко 2,6 миллион рубль айып пул салды. Бул тууралуу орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты. Иш козгоп, айып пул салуунун себеби – TikTok өспүрүмдөрдү уруксатсыз акцияга катышууга чакырган маалыматты өчүрүүдөн баш тарткандыгында. Ал маалымат ушул жылдын 24-январында чыккан. Ошондуктан Москванын №422 дүйнөлүк сот участогу административдик укукту бузуу кодексинин негизинде социалдык түйүндү күнөөлүү деп таап, юридикалык жакты айып пулга жыккан. Ушул сыяктуу күнөө менен Telegram мессенжерине да иш козголуп, 12-апрелде сотто каралганы жатат.
Асел Ишенбай кызы