АЯНТТА ЭЛ КӨП, БИРОК ЖЫЙЫНТЫК ЖОК...

Парламенттик шайлоо өттү, бирок анын расмий жыйынтыгы бүгүнкү күнгө чейин жок. Алдын ала берилген маалыматтарга таянып, Кыргызстандын туш тарабында нааразычылык акциялар өткөрүлүүдө.

Парламенттик шайлоонун өткөнүнө он күндөн ашты. Бул аралыкта анын алдын ала жыйынтыктары белгилүү болуп, шайлоонун 5 пайыздык чегинен 5 партия өткөнү кабарланган. Өткөн аптанын аягында “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевден тышкары төрт партиянын лидерлери Москва шаарына сапар тартышты. “Орусия – биздин стратегиялык шериктеш” деп үгүтүн баштаган “Ар-намыс”, “Республика”, “Ата Журт” жана КСДПнын лидерлеринен турган “квартет” эмнегедир Москвага барган себептерин ачык айтышкан жок. Бири “ооруп жаткан досума бардым” десе, экинчиси “жеке иштер боюнча” деп гана кутулушту. Чынында, өкмөттүк коалиция, дегеле кийинки кадамдар жөнүндө акылдашканы барышканы айдан ачык эмеспи.
Ошол эле учурда БШК “протоколдорду текшерип чыгуу көп убакытты алат” деген кеп менен тил эмизип, шайлоонун расмий жыйынтыгын кечеңдетип, эл арасында нааразычылыктарды пайда кылууда. Эгер протоколдордо каталар байкалса, бардык добуштар кайрадан эсептелип чыгышы ыктымал. Ошондуктан расмий жыйынтык алдын ала берилген маалыматтардан башкача болуп калышы да толук мүмкүн. А балким, бул жолкусу жокко чыгарылып, кайрадан шайлоо жарыяланат?
Бул аралыкта “Ала-Тоо” аянтында “Мекен шейиттери” жана “Айкөл Ала-Тоо” кыймылдарынын катышуучулары “Ата Журт” партиясын “бакиевчил” деп атап, аларды Жогорку Кеңешке өткөрбөө керектигин талап кылып митингге чыгышты. 7-апрелде каза болгондордун туугандары “ата журтчуларды” кууганга аракет жасашса, ал эми “Бүтүн Кыргызстан” ЖКдан орун алууга далалат кылууда. Анын лидери Адахан Мадумаров БШКнын алдын ала берген маалыматтарына каршы чыгып, 24-октябрга чейин убакыт берип, нааразылык акциясын убактылуу токтотту. “БШК кандай чечим кабыл алганына карап иш алып барабыз”,- деди Адахан мырза.
20-октябрда БШКнын төрагасы Акылбек Сариев: “Бүгүндөн баштап добуш берүүнүн түпкү протоколдору камтылган сейф-пакеттерди ачабыз. Текшерип чыккандан кийин гана шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялайбыз”,- деди. Сейф-пакеттердин саны 2 миңден ашуун. Салыштырып карап чыгууга бир аптадай убакыт сарпталат.
Кыскасы, азыр баарынын күткөнү эле БШКнын жыйынтыгы. Андыктан БШК элдин сабырын сынабай, эртерээк жыйынтыкты билдирсе, өздөрү да тынчып, башкалардын да көксөөсүн суутмак...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
meerime
2010-10-25 17:43:03
kandai jyiyntyk bolso da kyrgyz elibiz aman bolsun...
0
№ 416, 22-28-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан