"МЫКААЧЫЛЫКТЫ МЫКААЧЫЛЫК МЕНЕН ЖАЗАЛАШ КЕРЕК” ДЕГЕН ВИНЧЕНЦО

Винченцо Кассано. Атын окуп Италияны элестетип, итальяндар тарткан тасма тууралуу сөз кылат турбайбызбы дебеңиз. Бүгүн корейлердин италиялык мафиози жөнүндө тарткан кызыктуу “Винченцо” дорамасы тууралуу айталы дедик. Бул сериалда “Биг босс” атка конгон атактуу Сон Жун Ки мафиозинин ролунда.

Тарткан өлкө: Түштүк Корея

Чыккан жылы: 2021-жыл

Серия: 16-20

Жанры: криминал, драма, романтика, комедия

Режиссёру: Ким Хи Вон

Сценаристи: Пак Жэ Бом

Башкы ролдордо: Сон Жун Ки, Чон Ё Бин, Ок Тэк Ён, Ю Жэ Мён, Ким Ё Жин, Ян Кён Вон жана башка

КЫЗЫГУУ, КҮЛКҮ, ЧЫҢАЛУУ ЖАРАТКАН СЮЖЕТ

Кино, сериалдарды таратуучу америкалык Netflix компаниясы Түштүк Кореянын кинематографиясына жеткенине көп болду. Албетте, дүйнөнү k-pop каптап жатканда компаниянын бул кадамы түшүнүктүү эле нерсе. Бул ирет Netflix менен tvN каналы биргеликте “Винченцо” дорамасын көрүүчүлөргө сунушташты.

Кичинесинен италиялык үй-бүлө тарабынан багып алынган корей жигит чоңоюп, аты Винченцо Кассано деп өзгөртүлүп, мыкты юрист болуп чыга келди. Кесибинин аркасы менен “кара дүйнөгө” аралашып, мафия менен иштешип калат. Бул дүйнө криминал, коркунуч, мыкаачылыгы менен таанымал эле. Бир күнү далыга таптап мактаган адам, кемчилик кетирсең эртеси эле башыңа тапанча такап, мээңди чачырата атканга даяр. Дал ошондой күн келип, мафия менен пикир келишпестик чыкканда Винченцо Кассанонун өмүрүнө коркунуч жаралат. Жанын сакташ үчүн ал Түштүк Кореяга келе берди.

Өз мекенине келип өч алуу планын ойлоно баштаган ал адвокат Хон Ча Ён менен таанышып калат. Ча Ён да өз ишинин мыктысы эле. Жардамчысы, стажёр Чан Жун У экөө далай кылмыш ишинин бетин ачышкан. Тагдыр үчөөнү бириктирип, адилетсиздик менен күрөшүүгө бел байлашты. Канча кыйынчылык, коркунучтан өткөндөн кийин алардын эң негизги душманы, бандиттердин башчысы баягы эч кимге зыяны тийбеген, Ча Ён эмне десе аткарган стажёр Чан Жун У болуп чыкпадыбы...

Мындай көрөрманды чыңалууда кармаган учурлар сериалда көп. Андан сырткары баш каармандардын ортосундагы романтика, кыткылыктатып күлкүгө бөлөй турчу көз ирмемдер да бар, ыйлаак болсоңуз кол жоолугуңуздун кереги тийчү учур да кезигет. Айтор, мен сунуштай турган дорамалардын катарына “Винченцо” да кирди.

ДОРАМАНЫ КӨРКҮНӨ ЧЫГАРГАН АКТЁРДУК КУРАМ

Сон Жун Ки

Акылдуу, келишимдүү, күчтүү Винченцо Кассанонун ролу 36 жаштагы актёр Сон Жун Киге куп жарашты. Буга чейин “Күн мураскерлери” сериалындагы ролунан кийин “Биг босс” атка конгон актёр бул ирет да көрүүчүлөрдүн купулуна толо алды. Винченцо: “Мыкаачылыкты мыкаачылык жол менен жазалаш керек”,- деген девизди карманат. Кантип жазалайт? Аны сериалдан көрөсүз.

Чон Ё Бин

32 жаштагы актриса Чон Ё Бин буга чейин сериал тармагында анча белгилүү эмес эле. Ал көбүнчө толук метраждуу тасмаларга тартылчу. Бирок 2019-жылы чыккан “Менин өлүмүмдөн кийин” сериалы актрисага “Мыкты жаңы актриса” наамын алып келди. “Винченцо” сериалында ачык-айрым, эркек мүнөз Хон Ча Ён аттуу адвокаттын ролунда. “Винченцо Кассано менен Хон Ча Ён бири-бирин толуктап турган каармандар. Винченцодо жок сапаттар Ча Ёндо бар же тескерисинче. Менин каарманым жаман адамдардын талуу жерин таап, чукуган адам. Анын образы аркылуу мен чыныгы жашоодогу мага жетпеген сапаттарды көрсөтө алдым”,- дейт.

Ок Тэк Ён

“2PM” k-pop тобунун ырчысы Ок Тэк Ён буга чейин “Мени куткар”, “Кел кармашабыз, арбак”, “Сен кимсиң?” жана башка сериалдардагы ролу менен актёр катары да тааныла алган. 33 жаштагы Тэк Ён “Винченцо” дорамасында эки жүздүү Чан Жун Унун ролунда. Жөнөкөй стажёр чындыгында бандиттердин башчысы болуп чыкты. «Чан Жун Унун ролу мен үчүн чакырык болду. Көрөрмандар кандай кабыл алат деп ойлодум. Жаңы нерсенин даамын татып көргүң келет го, бул образ да мен үчүн ойноп көргүм келген азгырык болду”,- дейт.

Ян Кён Вон

Бул актёрду “Сүйүүнүн авариялык конуусу” сериалынан көрүп жактыргам. Юмору күчтүү, жасалмасы жок каарман эле. Ян Кён Вон 40 жашта. Баш каармандардын бири Сон Жун Ки менен буга чейин “Асдалдын хроникасы” сериалында да бирге тартылышкан. “Винченцо” сериалында да позитивдүү каармандын ролун аткарган актёр көп жолу жүзүңүздө жылмаюу жаратат деп ишенем.

Сериалда Италияны көрсөткөн учурлар көп. Пандемия учурунда тартуучу топ чет өлкөгө кантип барып келди деген суроолор болгон. Бирок ал кадрлардын баары компьютердик графиканын жардамы менен жасалган. Эч ким графика деп ойлобогон эмгек жаралган. Бали!

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Afrodita1993
2021-04-12 20:59:35
Мекенине качпай эле алтындын аркасынан келдиго.
+1
Sweet-home-
2021-04-15 17:14:06
Afrodita1993,туура айтасыз
+1
№ 957, 8-14-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан