Залкарбек Касымов, актёр: “МАГА АКТЁРЛУК КЕСИП ЖАКПАЙТ”

Кыз-келиндердин образын жаратып, элге күлкү тартуулаган актёр Залкарбек Касымовду көрүп эле жүрөсүз. Бай жигитти кыялданган Гулянын ролун мыкты аткарган актёр жашоодо кандай? Күйөрмандарга Залкарбек мырзаны жакындан тааныштырабыз.

Аты-жөнү – Залкарбек Касымов

Туулган жылы – 1991-жыл, 21-май

Туулган жери – Ош облусу, Ноокат району

Бою – 180 сантиметр

Салмагы – 78 килограмм

Билими – Кыргыз-Орус Славян университетинин архитектура, дизайн жана курулуш факультетин бүтүргөн

Хоббиси – шахмат ойноо

Үй-бүлөдө – эки бир туугандын улуусу, бойдок

Кыздардагы баалаган сапаты – жөнөкөйлүк, акылдуулук

Көп айткан сөзү – өляя, тириктер



– Арыбаңыз, Залкарбек. Маанайыңыз кандай?

– Бар болуңуздар. Баары жакшы, рахмат.

– Маегибиздин башында өзүңүздү жакындан тааныштыра кетсеңиз?

– Аты-жөнүм Залкарбек Касымов. Ош облусунун Ноокат районунун кулуну болом. Оштон экеним сүйлөгөнүмдөн эле билинип турса керек, ээ? Ата-энем Бишкекке көчүп келип, борбор калаада окуп, чоңойдум. Кесибим курулуш архитектору, учурда чыгармачылык менен алектенип жатам.

– Чыгармачылык жол кантип башталып, архитектор кантип актёрго айланды?

– “Чайки & Зайкидеги” Зайканын ролун аткарган Жаныш экөөбүз классташпыз. Чогуу бир окуу жайга тапшырдык. Ошол жакта атайын ырчыларды, музыканттарды, КВНде ойногон жаш таланттарды тарбиялап өстүрчү клубдар бар. Биз ошол КВНчилердин клубуна барып өзүбүздү сынап көрдүк. Карасак окшошуп жатат. Анан ошол кезде “Тамашоу” жакшы чыгып жаткан убакта командабыз менен катышып ойноп жүрдүк. Ал жактан финалга чейин жеттик. Бардык нерсенин убагы келет экен, “Тамашоунун” ветераны болуп калык (күлүп).

Андан кийин командабыздагы балдар менен өз алдынча долбоорлорду ачып, вайндарды тартып, өзүбүзчө иштеп баштадык. Мисалы, “Эл эмне дейт?” деген долбоор. Бирок мен өзүмдү актёр катары сезбейм. Чындыгында Жаныш, Эмилдердей күчтүү актёр эмесмин. Мен сценарий жазуу жагына жакын экем, ушул нерсени байкадым. Кино тармагында бири роль аткарганга, башкасы сценарий жазууга шыктуу болот эмеспи. Балдар менен кеңешип, идеяларыбызды айтып, чогуу фильм, вайндарды тартабыз. Жакында “Чайки & Зайкилер” тасмасын тарттык. Буюрса, экинчи бөлүгү да болот.

– Актёрлук сиз үчүн кесиппи же хоббиби?

– Актёрлук – хоббим десем болот. Бала кезде куруучу болом деп кыялданчумун. Ылайдан үй куруп ойночубуз. Жогорку окуу жайга тапшырарда архитектураны тандагам. Бирок шартка байланыштуу бюджетке гана өтүп окушум керек эле. Өтпөй калсам окубайм дегем. Бир жыл Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин журналистика бөлүмүндө бюджетке өтүп окудум. Кийинки жылы Кыргыз-Орус Славян университетине экзамен ташырып, бюджетке өттүм. Архитектура, дизайн жана курулуш факультетинде 6 жыл окуп бүтүрдүм. Өз кесибим менен иштеп көрдүм, бирок бул жаатта иштөөгө мага эрте экенин байкадым. Иштөө кыйын болду. Анан чыгармачылык чөйрөгө аралашкандан кийин тартып кетти. Алпаруучулук менен да алектендим. Учурда комедиялык жанрдагы тасманын сценарийин жазып, балдар менен чогуу ошол тасманын үстүндө иштеп жатабыз. Бала чактагы кыялданган кесиптин ээси болдум. Буюрса, келечекте имарат куруучу компания түптөп, ошону менен иштөө максатым да бар. Убактысы келгенде аны да ишке ашырабыз.

– Жогоруда “өзүмдү актёр катары сезбейм” деп айтып кеттиңиз. Эмне үчүн?

– Чынында мага актёрлук кесип жакпайт. Кыйын актёр болгум да келбейт. Роль аткарсаң окшошо берет, элге дагы жага берет. Бирок өзүмдү актёр катары сезбейм. Чыныгы актёрлук билим алган, тажрыйбалуу актёрлордун жанында роль ойносоң өзүңдү билесиң да кандай деңгээлде экениңди. Профессионал деңгээлдеги актёр болуу үчүн атайын 6 жыл окуп, билим алуу керек. А мен окугум келбейт. Көбүрөөк сценарий жазганга кызыгам, юморго жакынмын.

– Сөздү “Чайки & Зайки” менен уланталы. Кыздардын ролун аткаруу оңой болбосо керек?

– Үч курбу кыз жүрсө, бирөөсү сөзсүз Айка сыяктуу шаардык болот. Экинчиси космосто жүргөн кыялкеч Зайкадай болсо, үчүнчүсү эптүү, тың Гулядай болот. Жигиттерге салыштырмалуу кыздардын дүйнөсү абдан кызыктуу экен. Кыз болуу да өзүнчө кыйын. Мисалы, жолугушууга жигиттер башты жууп эле чыгып кете беребиз. Ал эми кыздар чачын жасашат, боёнушат, ылайыктуу кийим тандашат экен. Дагы маникюр, педикюр дегендери бар. Негизи эле кыздардын эмгегине таазим.

Учурда дүйнө эли кыйынчылыкты баштан өткөрүп жатат. Ушундай мезгилде жалаң эле жаман жаңылыктар менен жашабай, аз болсо да элибиздин маанайын көтөрөлү деген максатта комедия жанрындагы ушул тасманы тарттык. Кудайга шүгүр, күйөрмандарыбыз жакшы кабыл алышты. Чайки & Зайки – бул азыркы кыздар. Заманыбыздын талабына жараша зайки да, чайки да кыздарыбыз бар. Студент кезде түнкү клубда иштеп калдык. Ошондо түрдүү кыздар келчү. Баарын байкап, эмнелерди сүйлөшөрүнө чейин билип калганбыз. Бул тасманы тартуудан мурда жасалма чачтарды кийип алып вайн катары баштаганбыз. Кыздын ролун аткарып баштаганыбызда терең ойлонгонбуз. “Ушинтип чыкканыбыз туура элеби? Эл кандай кабыл алат?”- деп керектүү адамдардан кеңеш алганбыз. Ата-энелерибизге дагы түшүндүрдүк. Ар бир амал ниетке жараша болот. Элди адаштырган, туура эмес багытка үндөгөн максатта болбошу керектигин устаттарыбыз түшүндүрүштү. Чындыгында, элди жаман жакка үндөгөн терс көрүнүштөр жок. Эң негизги ниетибиз адамдардын көңүлүн ачуу болду. Учурдагы кыздардын реалдуу жашоосун, айрым социалдык көйгөйлөрдү чагылдырдык. Мисалы, кыздарды ала качпаш керек. Алар өздөрү жакшы көргөн жигитке турмушка чыккысы келет. Кыздардын сүйүүсүнө тоскоолдук жаратып, кан басымын көтөрбөш керек дегендей (күлүп).

Эмне үчүн жигиттер кыздардын ролун аткарды? Бул сценарийди биздин татынакай актрисаларыбызга берсек күлкүлүү болмок эмес. Жигиттердин аткаруусу менен жеткиликтүү, кызыктуу, күлкүлүү болду десек болот.

– “Тирик” деген сөз эмнени түшүндүрөт?

– “Тирик” деген бул түштүк диалектисиндеги сөз. Ошто колдонуп эле жүрүшөт. Тирик деген адамга карата жашоодо тың, эптүү деген маанидеги сөз.

– Чыныгы жашоодо Залкар кандай адам?

– Чыныгы жашоодо Залкар бою узун, сапсары, бир аз курсагы чыккан мырза. Спортко өтө кызыкпайм. Балдар менен футбол ойноп калабыз. Негизи мага багбанчылык жагат. Өзүбүздүн короодо бак-дарак, гүлдөрдү өстүрүп, сугарып карагандан ырахат алам. Буюрса, ландшафт дизайны боюнча да иштейин деп жатам.

– Кыялыңыздагы кыздар кандай болушу керек?

– Кыргыз улутундагы жоош, жөнөкөй, назик, акылдуу, кыздар жагат. Эрке кыздар көп жага бербейт. Себеби чыгармачыл чөйрөдө жүрүп өзүбүздүн жашообуз ызы-чуу болуп кетет да. Анан үйгө келгенде тынч эс алгың келет. Келинчегиң көп сүйлөбөй, жумушуңду түшүнүү менен кабыл алса жакшы да.

– “Жашоодо талантың, шыгың болсо билим алуу маанилүү эмес” дегенге кошуласызбы?

– Жок, буга кошулбайм. Ар бир адам сөзсүз билим алышы керек. Бул – жашоодогу эң маанилүү нерсе. Бирок жүрөгүңө жаккан ишти жасасаң ал сага акча да, ырахат да алып келет. Билимдүү менен билимсиз адамдын айырмасы асман менен жердей эле болорун баарыбыз эле билебиз.


– Маегиңизге рахмат. Максаттарыңыздын ишке ашуусуна тилектешпиз.

Гүлдана Мамадали кызы

 Кыстарылган видео 
"Мага актёрлук кесип жакпайт" дейт Залкарбек Касымов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 957, 8-14-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан