Атактуулуктун жолу бирөөгө тикендүү, бирөөгө тегиз дегендей, түрлүү болот тура. Атактуу режиссёр өзүнүн баскан жолун күлдүрүп, таасирлентип, таң калтырып айтып берди. Окуйм деп кайнатасынын балдарына энчилеген уйларын сатканы, “Таранчынын” таржымалы, Элина Абай кызынын жылдызы кантип жанганы, Манас дүйнөсү, аяндары... Ар бири өзүнчө тарых. Таң калтырганы – 43 жашында биринчи эң чоң тасмасын тартканы болду. Демек, эч кимге атактуу болушка кеч эмес экен.
“АПАМДЫ КАМЕРА АЛЫП БЕР ДЕП КЫЙНАГАМ”
– Өзүмө “режиссёр болом” деп айткандан бери 48 жыл болду. 12 жашымда бир элес келди. Тоонун этегинде кино тартылып жатат, режиссёрдун креслосунда мен отурам. Кино тартам деп чечим чыгарганымдан кийин эмнегедир чоңойгондой сезим пайда болду. “Мектепти бүтүп, Москвадагы жогорку окуу жайга тапшырам, анан укмуштай бир кинолорду тартам” деп максат койдум. Бирок жогорку окуу жайда окуган жокмун, 33 жашымда алгачкы тасмам – “Менин пирим – Алмамбетти” тарттым. Чыныгы чоң тасмамды – “Айыл өкмөтүн” 43 жашымда тарттым. Тасмам менен дүйнө жүзүн кыдыра баштаганда “мына режиссёр болдум” дедим. 2017-жылы “Саякбай” тасмасын тартканда “мен жакшы режиссёр болгон турбаймынбы” дедим. Анткени Манас дүйнөсүн тартуу – бул чоң буйрук. Эми супер режиссёр болом деп турам (күлүп).
Кичинемден кино дүйнөсүндөгү адамдар башкача сезилчү. Эсимде, ата-энем “Таня Эмгек сиңирген артист наамын алыптыр” деп кеп кылышты. Таня актриса Таттыбүбү Турсунбаева эле, ал атамдар менен чогуу көчөдө ойноп жүргөн, бир айылдын, бир көчөнүн балдары болгон экен, ошондуктан Таня дешчү. Кино менен оорудум деп жатпаймынбы, ага тиешелүү эмне болсо кызыга берчүмүн. Ал кезде “Искусство кино” деген журнал болор эле, ата-энемди кыйнап отуруп ошол журналга жаздырткам. Биринчи жолу келгенде боорума кысып алып жыттап жытына тойбойм десең (күлүп). Ичи өтө татаал жазылган эле, жакшы деле түшүнчү эмесмин, бирок ачкың келген кызыктуу дүйнө болот эмеспи, журнал мен үчүн ошондой эле.
Мектепте жүргөндө эле сценарий жаза баштадым. Апамды кыйнап “кино тартканга камера алабыз” дедим. Ал кезде камера алсам эле тарта берем деп ойлоптурмун, ага плёнка, монтаж кыла турган стол керек экен, ал эми камера өзү эле 140 рубль турчу. Апам “менин бүт айлыгым экен, муну алып бере албайм, андан көрө ай сайын 10 сомдон чогултуп, анан алалы” деди. Бир жылдан ашык чогултуп жүрүп апам экөөбүз бардык. Сатуучу орус киши экен “кимге?” деди. “Бул балага” десе, “бул жөн эле оюнчук болуп калат, тигилерди кошуп алыш керек” деди. Ийинге коюп жүргөн магнитофондор мода эле ал кезде, апам камеранын ордуна ошону алып берди. Кийин жол салып иштеп камерага керек проектор, штатив, монтаждык стол сатып алып, 5 кино тарткам. Студенттик фестивалдарга катышып, чоң сыйлыктарды алып жүрчүмүн.
Ата-энем кесибиме каршы болгон, апам отургузуп алып “режиссёрлор ичкилик ичишет, үй-бүлөнү көрбөйт, тиги-бу” деп айнытканга аракет кылчу. “Наристе” деген ансамблде барабанчы элем, ыраматылык Шамшыбек Өтөбаев апама телефон чалып, “балаңызды жиберсеңиз каалаган окуусуна өткөрөм, музыкага шыктуу” дептир. Мен “киностудияга барам” дегениме карабай апам документтеримди өткөрүп салган. Ош шаарында музыкалык окуу жайда 1 жыл окуп, таштап салдым. Ошондон кийин кино жолунан кайтпай турганымды түшүнүштү окшойт, жайыма коюшкан.
“ЭКИ УЙДУ АРЫКТАТЫП АЛЫП КЕЛИП САТКАМ”
– Менин тилегим – Москвага жогорку окууга тапшыруу эле. Алгач сценарийди орусча жакшы жазганды үйрөнүшүм керек деп орус тил, адабияты боюнча мугалим болдум. Сары-Жазда, Жумгалда мугалим болуп иштедим. Үйлөнүп, бала-чакалуу болуп калганда, 1988-жылы киного аралаша баштадым. Окуйм деген каалоом күчтүү дагы деле. Эки балалуу болуп калгам, кайнатам, балдарыма энчилеп торпок берди эле, ойлонсом, алар уй болуп калышыптыр. Аларды алып келип, саттым. Анын окуясы да өзгөчө, тээ Сары-Жаздан алып келгиче алар арыктап кетип, жарым баасына эле кетип калган. Акча табарын таптым, бирок биринчи эле сынактан оңкомдон кеттим (күлүп). “Өмүрүм кыйрады” дедим. Депрессия болдум. 12 жашымдан бери койгон программам бир күндө жок болду. “Кино тартпасам өмүрдүн кереги эмне мага?” деп 7 күн жаттым. Бир убакта ой келди. “Мына Москвага барсам эле режиссёр болуп келем дегенсиң, келдиң! Сага ким тоскоол болуп жатат? Эч ким!” дедим. Күзгүгө бардым да “Эрнест мырза, сага мен режиссёр деген наамды ыйгарам!” деп өзүмдү өзүм режиссёр деп жарыялап, Бишкекке кайттым. Акча табыш керек, сценарий жазыш керек, кино тартыш керек деген максат дагы деле өчпөдү. Толтура нерселерди кылдым. Аракет кыла бердим, кыла бердим.
Союз кулады. 1992-жылы киностудияда редактордун орун басары болуп иштеп калдым. Актан Арым Кубат менен таанышып, ал мага "Селкинчек" тасмасына сценарий жазып бер деди. Тасмада жардамчы болуп иштеп, Алматыга чейин барып, музыкасын жазып бердим. Дилгирлигимди, эмгегимди баалап, "экөөбүз тартабыз" деп киностудиядан даректүү тасманы алдык. Кийин Актан тасманы мага берип, өзү чыга берди. Быссмылда деген тасмам “Менин пирим – Алмамбет” болду. Ошентип кинодо жолум башталды.
“КЕЛИНЧЕГИМДИ “БОЗ САЛКЫНДАГЫДАЙ” ЭЛЕ АЛА КАЧКАМ”
– Кинолорумдун баарында мен бармын. Мисалы, “Боз салкындагы” Сагын менмин, келинчегимди дал ошентип ала качып үйлөнгөм. Экөөбүздүн сезимибиз баары кинодо кандай болсо дал ошондой болгон эле. 36 жылдан бери чогуу жашап келе жатабыз, 4 балабыз, 5 неберебиз бар. Бала кезимде кекечтенип сүйлөчүмүн, аны “Кекеч” тасмасында бердим. Кичинемде Манас дүйнөсү менен тыгыз байланышта болбосом, “Саякбай” тасмасын тарта алмак эмесмин. Режиссёр ички дүйнөсүн чагылдырбаса, ал эч качан жакшы тасма тарта албайт. Ар биринде менин ойлонууларым, дүйнө таанымым, жашоом бар.
“ЭЛИНА БИЙЛЕП КӨЗҮМӨ ИЛИНГЕН”
– Элина Абай кызы, Асема, Чолпонай, Тамга, Тынчтык Абылкасымов, айтор, бир топ эл көзүндөгү кыз-жигиттерди киного тарттым. Кином аркылуу жылдыз болгондор бар. Мисалы, Элинаны мен тандаган эмесмин. Бир жолу концерт уюштуруп көрүүчүлөрдүн арасынан сахнага чыгып бийлеткенбиз. Залдан чыгып бийлегендердин ичинен Элина анан Айнура деген эки кыз жеңди. Финалды элдин кол чабуусу аркылуу аныктамакпыз, ким жеңсе мен киномдо роль бермекмин. Айнурага эл көп кол чапкандай болуп, аны жеңүүчү кылганбыз. Ошол жерден залдан бирөө тура калып мени сөгүп кирди. “Ушундай кызга сен кантип роль бербейсиң?” деп эле заматта ызы-чуу болуп кетишти. Коркуп кетип “экөөнө тең роль берем” деп жибердим. Элина кичине, сары кыз болчу. “Өзүм айылды тартып жатсам, бул шаардык кызды кайда алып барам?” деп ойлонуп алгач кичине роль жазып бергем. Камерага келгенде укмуш аткарып салып, ролду чоңойтуп, тамеки чеккен кыз болуп калган (күлүп). Үч жылдан кийин чырайлуу, бойго жеткен кыз болуп чыга келди, “Уурунун махабатында” тарттым. Кийин Курманжан датканы ойноду. "Саякбай" тасмасында Каныкейдин образын жаратты. Кытайлыктар "Курманжан датканы" көргөндөн кийин таасирленип Элинаны чакырып коноктошкон жайы бар. Адамдардын эле эмес, тасмалардын да жолдору, тагдырлары болот. Кээ бирөө ташты жарып чыгып кеткен гүл сымал чыгып кетишет.
АЯНДАР...
– Көп учурда аян түш көрөм. “Боз салкынды” да түш көрүп, түшүмдө эки чабандын аттары, аялдары алмашып кетип, ошол окуяны айлантып отуруп сценарий жазылган. Дагы бир жолу түшүмдө түптүз талаанын ортосунда үңкүр көрдүм. Ичинде тепкичтер бар. Мен өтүп баратсам бир муңканган күү угулуп жатты. Коркуп жатам, анткени алды жактан бир суук илеп келип жатат. Бирок күүнү угуш үчүн ылдыйлап жаттым. Күүнү жаттап жатып ойгонуп кеттим. Тура калып гитарага чертип түшүрдүм. Ошол обонумду кайып дүйнөдөн алып келип, бул дүйнөдө ырдап жүрөм. Атымды дагы аяндан улам Али деп өзгөрткөм.
“ТАРАНЧЫНЫН” ТАРЖЫМАЛЫ”
– Жумуш жок кыйналып жүргөн кез. Бир күнү үйдөгү телефонго бирөө чалып калды. Көрсө, “Таранчы” тасмам Грецияда боло турган фестивалга өтүптүр. Жол киремди, жаткан жеримди баарын төлөшөт экен, болгону Москвага барганга чейин акча табышым керек. Кинону сала албайбыз, аны өзүм менен алып барышым керек. Акча нөл! Киностудияда иштегендер тыйындардан бери чогултуп жатып Москвага билет алдым. Ал кезде курсташымдын күйөөсү, азыр белгилүү кардиохирург Калдар Абдыраманов докторлук диссертациясын жактап жаткан эле. Анын жатаканасынын бөлмөсүндө жаттым. Москвадан Грецияга виза алышым керек, ал 50 доллар турат экен, менде акча жок. Кайра жатаканага келсем бир дагы кыргыз жок. Бир бөлмөдө эки киши бакылдашып жатат, кирсем кавказ улутундагы эки киши отуруптур. Окуямды айтып берсем түшүнүшкөн жок, "Э, дорогой! Мы не знаем, кто такой Калдар! Тебя в первый раз видим (чөнтөгүнөн бир тутам доллар алып чыгып). Вот тебе 50 долларов, и не мешай нам разговаривать!" деди. Сүйүнгөнүмдү сураба, акчаны алып визага төлөдүм. Эртеси 6:30га аэровокзалга бардым. Таксисттер жабалактаганынан “тыйыным жок, автобус менен кетем” дедим. Бирөөсү “учагың качан кетет?” деп ээрчип алды. Билетти көрсөтсөм “Дос, бул жерден автобус менен барсаң үлгүрбөйсүң, сенин учагың 8:5те учат экен, автобус 8:30да келет” деди. Кандай кылсам да жете албасымды билдим. Таксист “50 долларга жеткирем” деди. “Мени жеткиз, ал жерден башка киночулардан алып берем” десем макул болду. Андан да кызыгы, билетке мөөр баскан кыз Москванын Шереметьево аэропортунан учат деп жаңылыш жазып берип коюптур, көрсө, Внуков аэропортунан учат экенмин. Эмне кыларымды билбейм. Айла жок, баягы таксистке айттым. “Внуковго жеткизбесең сен 50 доллардан айрыласың, мен ушул жерде бомж болуп калам. Андан көрө келгенде 150 доллар берейин, эптеп жеткир” дедим. Жетип бардык, учак күтүп жатыптыр. “Абдыжапаров деген режиссёр келмек, ала келгиле” деп Грециядагылар тапшырышкан экен. Грецияга жеттим, айлам кетип тиги карыздарды кантип төлөйм деп отурам. Анан 1-орун жарыяланды, 2-орун жарыяланды, Гран-при жана 4000 доллар акчаны “Таранчым” утуп алса болобу?! Москвага келип карыздардан кутулгам (күлүп). Кавказ улутундагы жигит да, таксист да таң калган. Карыздын баарын төлөп, калган акчасына машине сатып алгам. 6 жыл таксист болуп үй-бүлөмдү бактым.
“ИШЕНИМ ЖЕҢЕТ”
– Аялзаты тукум улайт эмеспи. “Ак салкын” тасмасында эки жигиттин бири чет өлкөгө кеткиси келет, экинчисинин дагы максаттары бар. Бирок Москвадан келген кыз чет өлкөгө кетем деп жаткан жигитти сүйдүрүп, өз мекенине алып калат. Муну менен “мигранттан кайткыла, бактылуулук өз жериңде” деген нерсени билдиргим келген. Учурда кинотеатрларда коюлуп жатат. Азыр 10 сценарийим турат. Эң чоң максатым – Сагымбай манасчыны тартуу, сценарийи жазылган. 60 жаштамын, бирок жашоом эми башталгандай максаттарым көп. Максаттуу адам гана бактылуу боло алат. Койгон максатыңардан тайбагыла!
Актан Арым Кубат, режиссёр: “ИНСАНДАР АТЫ ЧЫККАН САЙЫН АЛЫСТАЙ БАШТАШАТ ЭКЕН”
–Эрнест Абдыжапаров, Темир Бирназаров, Марат Сарылу... Булар бүгүнкү кыргыз киносунун классиктери болуп калды. Өтө жакын элек, азыр деле байланыштабыз, бирок чыгармачыл инсандар аты чыккан сайын бири-биринен алыстай башташат экен. Эрнест менен алгач “Селкинчек” тасмасында чогуу иштештик. Каарман менин уулум Мирлан (режиссёр Мирлан Абдыкалыков) эле, кино тартып жатып бутун чыгарып алган. Эрнест жонуна отургузуп алып табып таап, бутун айыктырган. Бир кезде жонуна көтөрүп жүргөн балама кийин сценарий жазып берип, ал “Сүтак” тасмасы кыргыз киносунда эч ким ала элек “Ника” сыйлыгына ээ болду. “Селкинчекти” чогуу тарттык дебедимби, ошондо ыраазычылык катары киностудиядан бир фильмди “Эрнест экөөбүз тартабыз” деп алып, бирок аны толугу менен ага бергем. “Каалагандай тарт, аягында өзүмдү титрден алып салам” деп чыга бергем. Кинодогу тушоосун кестим деп айта албайм, болгону киного киришине салым коштум десем болот. Мен болбосом башка жактан деле кирмек, анткени өтө өжөр адам. Ушуга чейин эле сценарийлерибизди жазып, ал мага, мен ага жардам берип келе жатабыз, айта берсек окуяларыбыз толтура. “Пикир келишпестиктер болду беле?” деп сураптырсың, көп болгон. Айтышабыз, тытышабыз, ансыз чыгармачылык болбойт да. Бирок тез эле унутуп калчубуз. Бир жолу “Беш-Арал” деген тасма тарттык, Чаекте элек, укмуш суук болчу. Бир нерсени талкуулап кыжылдашып жатабыз. Үшүп кетип бир лепёшка сатып алдык. Сатуучу пакетин кошо берди, Эрнест мени менен талашып жатат да, ысык нанды пакетке сала албай убара. Пакети айрылганы турат. “Ай, Эрнест, сен нанды, колуңдагыны пакетке жакшы салганды үйрөнсөң, анан режиссёр болосуң” деп жатпаймынбы (күлүп). Бир чети ызаланып, экинчи чети тамашалап ушинтип айтканым эсимде.
Темир Бирназаров, режиссёр: “ЭРНЕСТ БАРДЫК ЭЛЕ ЧЫГАРМАЧЫЛ АДАМДАРДАЙ АПЕНДИ ЧАЛЫШ”
– Мен Эрнест менен 1993-жылдары таанышкам. Анда дипломдук ишим үчүн кино тартып жүргөн кезим болчу. Ал ошол кездери тапшырып, өтпөй калган экен. Ал аябай өжөр, өзүнүн максатынан тайбаган адам. Эрнест кинонун этабындагы бардык баскычтарды басып өттү. Администратор, редактор, башкы редактор, директор болду, актёр, режиссёр да болду, айтор, бардык иштерди аркалады. Ошол үчүн бул иштин ийне-жибине чейин билет. Ар бир режиссёрдун өзүнүн “подчерки” болот эмеспи, Эрнест күлкүлүү, жөнөкөй, ошол эле убакта бир чоң ой толгоону жараткан тасмаларды тартат. Акыркы күндөрү кыргыздын нукура түпкүлүгүн даңазалаган кинолорду чыгара баштады. Жашырганда эмне, көп режиссёрлор өзүнүн амбициясынын курмандыгы болуп, эптеп эле бүтө калып фестивалдарга катыша калайын дешет, а Эрнесттей кыргыздын нарк-насилин, маселесин, өзөгүн камтыган тасмаларды тарткандар аз. Өзүнүн дүйнөсү бар, чыгармачыл адамдардын баары эле апенди чалыш болот го. Анын дагы ошондой жоруктары бар. Эл эмне дейт деп коркпойт, руханий жагын өстүргөнгө аракет кылат. Сценарийлерин окутуп, ой-пикиримди сурап, жакын мамиледебиз.
Эрнест кызы Перизат: “АТАМДЫН КӨЛГӨ ЖАШАЙМ ДЕГЕНИН ОЛУТТУУ КАБЫЛ АЛЧУ ЭМЕСМИН”
– Атам менен апам билимдүү, акылдуу адамдар. Жашообуздагы көп нерсени экөө менен кеңешип чечебиз. Биз кичинебизден кино дүйнөсүнө сугарылып өстүк, ошол үчүнбү, алгач байкем Санжар оператор катары иштеп жүрдү, кийин мен аралашып кеттим. Алгач башка кесип тандагам, бирок чыгармачылык жакка тартылып кеттим. Кичинемден адамдарды боёнтконду жакшы көрчүмүн, гримёр болуп киного кантип тартылат деп кызыга баштадым. Экинчи режиссёр болуп көрдүм. Атам бизди багыттаган жок, “ата, минтип көрсөм кантет?” деп эле жанында жүрүп үйрөнүп алдым. Мастер-классында окуп жүрдүм, атамдын принциптери бар, жөн эле окута бербейт. "Кеңсеңерди жууп берейин акысына" деп жүрүп окугам. Кичинемде эле кызыгуу болсо керек, 5-6 жаштарымда атамды ээрчип алчумун. Атамдын кинолорунун ар бир кадрынын жашыруун мааниси бар. Аны кийин аралашып жүрүп байкадым.
Атам мурун эле “Ысык-Көлдө жашайбыз” дечү. Бирок мен олуттуу деле кабыл алчу эмес экенмин. Атам менен апам жаңы баш кошкон жаштардай болуп бирин-серин оокатын чогултуп алып эле кетип калышкан (күлүп). Азыр жакшы чечим болгон экен деп ойлойм. Атам сценарийлерин тынч жерде, өзүнө ыңгайлуу жерде жазышы керек. Шаар тынч эмес, көңүлү да бир жерде болбойт бул жакта жүрсө, чыгармачыл кишилердин ушундай бир өзүнө таандык жери болушу керек окшойт. Атам кыргыз режиссёрлорунун мыктыларынын бири деп сыймыктанып келем.
Нуржамал Жийдебаева