АК ҮЙГӨ САПАР

Мезгил үнү

Акыркы беш жылда өлкөбүздүн эң маанилүү имараты болгон Ак үй бир эмес, эки жолу талоонго дуушар болду. Эки окуяда тең ажолорубуз карматпай Ак үйдөн качып чыгышты. Бул имарат эгемендикти алганы өлкө башчыларынын багын ачпады. Же, тескерисинче, журт башчылары Ак үйдүн багын ачпай келишет десек туура болор. Эми жаңы депутаттар Ак үйгө көчүп, иштемей болушту.

"МАНТЫ ЖЕП ОТУРУП ЭЛЕ АЖО БОЛУП КАЛГАН..."
Мындан беш жыл мурун туңгуч президент Аскар Акаевдин режимин кулатуу үчүн башталган митингдер өз максатына Ак үйдү алуу менен жетишкен. Анын уюштуруучуларынын бири болгон экс-президент Курманбек Бакиевдин “Ак үйдү алуу планда жок болчу, мен түшкө маал тамактанганы кеткем. Көп өтпөй балдар Ак үйгө киришкенин кабарлашты” деп айтканы бар. Бүгүнкү күнгө чейин эл арасында “манты жеп отуруп, эртеси президент болуп калган” деген сөздөрдүн аягы сууй элек.
Ал эми экинчи жолкусунда 7-апрель күнү саат ондон баштап эл митингге чогулуп, күнү бою Ак үйдүн жанына туш тараптан эл агыла берген. Биринчи окуяга салыштырмалуу элди баштаган, үгүттөгөн жана багыт берген лидерлер болбоду. Балким, ушул себептен дагы каза болгон адамдардын саны көп болгон чыгар. Дээрлик он сааттан ашуун Ак үй менен эл тирешип, жамгыр жана суук аба ырайына карабастан, нааразычылыгын билдирген топ түнгө карай Ак үйгө басып киришти.

АК ҮЙ КӨК ҮЙГӨ АЙЛАНДЫ
Ошентип, 7-апрелден кийин келген бийлик баарынан мурун Баш мыйзамды өзгөртүү менен алек болду. Тактап айтканда, буга чейин бир президенттин бийлиги өкүм сүрсө, өлкө референдумдан кийин парламенттик республикада жашоону тандап алды. Аны менен биргеликте мурунку Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турса, мындан ары алардын саны 120га көбөйөрү белгилүү болду. Эски аянттан орун алган парламенттин имараты 2007-жылы 90 депутатты араң батырса, саны жогорулаган жаңы ЖКнын курамына кошумча имарат бөлүп берүү же Ак үйгө көчүрүү муктаждыгы келип чыкты.
Убактылуу өкмөт өзүнүн декрети менен жаңы ЖКнын депутаттарын азыркы Ак үйгө, ал эми өкмөттү парламенттин имаратына көчүрүү чечимин кабыл алды. Ал эми президент жана анын администрациясы дагы Ак үйдө калмакчы болду.

“ЖАҢЫ ДЕПУТАТТАР ДАРОО ЭЛЕ ИШКЕ КИРИШЕТ”
БШК шайлоонун расмий жыйынтыктарын жарыялай элек болсо да, алдын ала маалыматтар боюнча кайсы партиялар жана алардын тизмесинде кайсы талапкерлер Жогорку Кеңештеги креслодо чалкалап отурары белгилүү болду. Биз жаңы шайланган ЖКнын биринчи жыйынын өткөрүү жана уюштуруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси, ЖКнын аппаратынын жетекчисинин орун басары Сүйүнбек Касмамбетовду маекке тарттык.

– Сүйүнбек мырза, ЖКнын 1-жыйы­­­нын өткөрүү боюнча даяр­дык­тар кандай жүрүп жатат?
– Мен акыркы 18 жылдан бери ЖКнын аппаратында түрдүү кызматтарда иштеп келдим. БШК тарабынан расмий жыйынтык жарыяланары менен 15 күндүн ичинде жаңы шайланган депутаттардын алгачкы жыйыны болуп өтүшү керек. Ал эми алгачкы жыйындын төрагалык жүгү депутаттардын ичинен эң улуусуна ыйгарылат. Салтка ылайык, ЖКнын регламенти, Конституция жана депутаттын статусу жөнүндө мыйзамдар талкууга алынат. Мындан сырткары буга чейин ЖКнын депутаттары карай турган 50-60 мыйзам долбоорлорун даярдап койдук. 7-апрелде парламенттин имараты талоонго учурап, документтердин жоголгонуна карабастан, баарын калыбына келтирдик. Кыскасы, жаңы депутаттар ишсиз калышпайт.
– Эл арасында “жаңы депутаттарга кызматтык унаа жана батир берилбейт экен” деген сөз таркап кетти, мунун канчалык чындыгы бар?
– Мындай кеп айрым партиялардын лидерлеринин “биз унаа же батирге окшогон артыкчылыктардан баш тартабыз” деген сөздөрүнөн улам чыгып кетти. Бирок “Депутаттын статусу жөнүндө” жазылган мыйзамды эч ким жокко чыгара элек, демек, ал дале күчүндө. Бул мыйзамды жокко чыгаруу же калтыруу вазыйпасы жаңы келген депутаттардын колунда болот. Эгерде алар жапа тырмак “баш тартабыз” деп чыгышса, бул мага да, элге да жагат. Казынага да чоң жеңилдик болмок. Алсак, Англия, Орусия сыяктуу өлкөлөрдө депутаттар өзүнүн унаасы же такси менен эле келишет. Экинчи жагынан таптакыр жоюп салууга да каршымын. Себеби аппараттын кызматкерлери көп жумушту тез убакыттын ичинде бүтүрүүсү зарыл. Үй тууралуу деле ошол маселе. Биз бардык депутаттарды бай деп ойлобошубуз керек. Алардын ичинде кедей-кембагалдары, батирге муктаж болгондору да бар. Ошондуктан алар толук иштей алуусу үчүн шарт түзүп берүү кажет.
– Бир депутатка канча кызматкер бөлүнөт?
– Легендарлуу парламентте депутаттар эч кандай жардамчысы жок эле иштешкен. Депутатка жардамчы, аймактагы референт жана кеңешчи бөлүп берүү кийинки чакырылыштарда пайда болгон. Шарт болсо, депутатта бирден жардамчы болгону туура. Азырынча бул мыйзамды эч ким жокко чыгара элек.
– Азыр парламенттин имаратында иштеп жатыпсыз, качан Ак үйдөгү жаңы жумуш ордуңузга көчөсүз?
– Биз дагы акырындык менен көчөбүз. Бирок көп жылдан бери бир жерде иштеп калгандыктан, кеткибиз келбей жатат. Бирок эмгек жолумду Ак үйдүн имаратынан баштагам. Эсиңерде болсо, легендарлуу парламент ошол жакта отурчу. Бир жагынан кайрадан көчүү жаңылык деле эмес.

Биз эми Ак үйгө баш багып, депутаттар өзү көрө элек жаңы эмеректер менен толукталган кабинеттерди көрүүгө шашылдык. КРнын Президентинин иш башкармалыгынын башкаруучусу Туруспек Коёналиев Ак үйдүн ичине чакан саякат уюштурду.

– Туруспек мырза, Ак үй жаңы депутаттарды кабыл алууга даярбы?
– Дээрлик даяр болуп бүттү. Бир гана сувенир, белек, документтер сакталган кампалар орун алган жер төлө толук оңдоло элек. Кээ бир кабинеттери өрттөлүп кеткен 5-6-кабаттар калыбына келтирилди. Жаңы депутаттар отурчу чоң жыйын залы аларды кабыл алууга даяр. Техникалык жабдуулар орнотулуп, ар бир депутаттын столуна ноутбуктар коюлду. Мурункуга салыштырмалуу добуш берүү эми жеке карточка менен гана ишке ашат.
– Оңдоо иштерине канча каражат жумшалды?
– Калыбына келтирүү иштеринин биринчи баскычына 40 миллион 800 миң сом бөлүнгөн. Кийин дагы 6 миллион 500 миң сом каралып, анын баары бюджеттен берилди. Ошондой эле Токмоктогу айнек чыгаруучу заводу 1,5 миң чарчы метр айнек менен каржылады. Боёк жана цемент заводдору да колунан келген жардамын аяшкан жок. Башында бир топ эл аралык уюмдар “көмөк көрсөтөбүз” деп айтышканы менен, анын ичинен бир гана ЮСАИД уюму техникалык каражаттарды алып беришти.
– Демек, жаңыланган Ак үйдө ишти баштай берсе болот турбайбы...
– Ооба. Ак үйдө президенттик администрация менен Жогорку Кеңеш орун алат. 6-7-кабаттардын чыгыш тарабы президенттик администрацияга берилсе, калган кабаттардагы кабинеттер толугу менен Жогорку Кеңешке бөлүндү. ЖКнын депутаттары жана анын жардамчылары 540 адам болсо, аппарат 236 кишиден турат. Орундун аздыгынан 3-4 кишини бир кабинетке отургузуп жатабыз. Долбоор боюнча Ак үйдө 236 кабинет бар эле, аны 239 кылып көбөйттүк. Анын 170-175и ЖКга берилет.
– Жаңы мыйзам боюнча, парламенттин спикеринин бийлиги кеңейтилет эмеспи. Анын кабинети канчанчы кабаттан орун алган?
– Жогорку Кеңештин төрагасы мурунку премьер-министрдин кабинетинде, 7-кабатта отурат. Азыр 6-7-кабаттарга көтөрүлүүгө Мамлекеттик коргоо кызматынан уруксат берилбейт.
– Бирин-бири жактырбаган партиялар "жыйын залында алысыраак отурабыз" деп жатышыптыр. Сиз кандай ойдосуз?
– Менин оюмча, партияларга карабастан, баарын чогуу, алфавит боюнча отургузуш керек. Урушам десе алыс отургузсаң деле урушушат. Бирок бул биз чече турган маселе эмес. Эң маанилүүсү, фракциялардын өз ара бат чогулуп акылдашуусуна ыңгайлуу болсо болду.
– Көп жаңы эмеректер коюлуптур, талкаланбаган эски буюмдар кайда кетти?
– Жарым-жартылай талкаланган жана эски эмеректерди мектеп-интернат менен бала бакчаларга өткө­рүп бердик. Анча-мынчасын өзүбүздүн иш башкармалыкка да алып калдык. Бирок көпчүлүгү таптакыр жарабай калгандыктан, отунга кетти.

КЫСКА МААЛЫМАТ

  • Ак үй 1984-жылы курулган. Ал 4,5 гектар аянтты ээлеп турат.
  • Ак үйдүн имараты 239 бөлмөдөн туруп, анын 20сы эки бөлмөлүү болсо, 42си үч бөлмөлүү, ал эми калгандары бир бөлмөдөн.
  • 7-апрелдеги коо­га­лаңда Ак үй 220 миллион сомдун тегерегинде зыян тарткан.

Эльвира Караева
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ДЕПУТАТТЫК УНАА ЖАНА БАТИРДЕН БАШ ТАРТА АЛАСЫЗБЫ?

Бактыбек Калмаматов,
26 жашта, “Ата Мекен” партиясы:
– Муну бир эле мен эмес, башка депутаттар да карайт. Жеке өзүмө келсек, унаадан баш тарта алам. Анткени коомдук унаада жүрүүгө көнүп калганмын. Бирок үй маселеси ойлондурчудай. Анткени Ошто тургандыктан, Бишкекте өзүмдүн үйүм жок.

Канат Исаев,
35 жашта, “Республика” партиясы:
– Машинам жана үйүм бар. Аларды колдоно берүүгө даярмын. Бирок бизде алыстан келген жаңы адамдар көп. Андыктан алардын шартын карап көрүш керек. Мунун баарын депутаттар менен чогуу мүмкүнчүлүгүнө жана муктаждыгына карап чечүү зарыл.

Камчыбек Ташиев,
42 жашта, “Ата Журт” партиясы:
– Бишкек шаарында үйүм бар, ошондуктан депутатка берилчү батирден баш тартам. Ал эми кызматтык унааны ойлонуп көрмөкмүн. Партиябыздын башка талапкерлеринин көпчүлүгүнүн үйлөрү бар, алар деле үйдөн баш тартышса керек.

Дамира Ниязалиева,
50 жашта, КСДП:
– Эгерде маселе ар бири үчүн баш тартууга алып келсе, машинага, батирге да муктаждыгым жок. Буга чейинки чакырылышта деле өзүмдүн үйүмдө жашачумун. Бирок башка депутаттардын да абалын карашыбыз керек. Баарына бирдей мамиле жасоо менен чечим чыгаруу туура болот.

Ширин Айтматова,
33 жашта, “Ата Мекен” партиясы:
– Депутатка берилчү унаа менен батирден баш тарта алам. Бирок мен деле миллионер эмесмин, кичинекей кызым бар. Ошондуктан мамлекет машинанын күнүмдүк каражатын каржыласа жакшы болмок. Негизи, биз парламентке үй же машина деп эмес, эл үчүн иштегени барабыз.

Жылдыз Жолдошева,
50 жашта, “Ата Журт” партиясы:
– Шаарда үйүбүз бар. Демек, депутаттык батирден баш тартам. Ал эми унаа боюнча айтсам, мага окшогон айым депутаттарга керек болот деп ойлойм. Жок дегенде 3 депутатка 1 кызматтык машина бөлсө жакшы болот. Анткени унаа көп маселелерди чечүүдө кереги тиет.

Турсунбай Бакир уулу,
52 жашта, “Ар-намыс” партиясы:
– Өзүм машина айдаганды билбейм, ушул күнгө чейин машинам жок. Батир боюнча айтсам, Бишкекте үйүм бар. Бирок шаарда туруктуу иштөө үчүн алыстан келген депутаттарга кызматтык үй берилиши керек.

Эльвира Караева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
janchar
2010-10-26 14:58:50
Мен тынчсызданткан суроттогу киллер анын аты жону суроту кай жерлик ошол боюнча эч маалымат жок.балким ал дагы деле боштондуктадыр
0
№ 416, 22-28-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан