(Башы өткөн сандарда)
– Эмне маанайың суз? Сенин кубана турган учуруң.
– Жакшы эле,- деди Байэл ооз учунан.
– Бүгүн чогуу майрамдайбыз, Алмаз. Байэл экөөңдү машина алып кетет.
– Жөн эле койбойсуңбу, бүгүн сен Толиктер менен болосуң да?
– Мындай ийгиликти жөн койчу беле? Кетенчиктемей жок.
– Макул анда. Биз даярданып алып чыгабыз.
Асан айткан жерге барышты. Жалаң анын адамдары экен. Сыягы, бүгүн достору менен чогулбаган көрүнөт. Төрдө бакылдап Асан отурат. Алмаз менен Байэлге жанынан орун алып коюптур.
– Оо, арстандарым, келгиле. Бүгүн бизге майрам.
– Ы-я, Асаке, баарын чогулткансың го,- деп бакылдай Алмаз Асандын жанына отурду.
Байэлдин ою дале Эрикте. Ушулардын арасында жокпу деп отургандарды айланта карап чыкты. Бака-шака түшүп, чер жазышып түн жарымга чейин отурушту. Байэл кыйла кызып калыптыр. Асандын айдоочусу аны үйүнө жеткирди. Эртеси түш оогондо башын мыкчып араң турду.
– Башым сынып кетейин дейт го, эмне ичтим эле? Үйгө кантип келип жаттым?- эстей алчудай эмес. Туруп түз эле ашканага жөнөдү. Крандагы муздак суудан 2-3 чыны дембе-дем ичип, оор үшкүрүнүп, кайра керебетине келип кулады. Уйку-соонун ортосунда жаткан Байэлдин оюна Аделя келди. Ордунан ыргып турду.
– Кабарыңды бер дебеди беле. Мен түндө чалган да, жазган да жокмун,- туруп телефонун издеди. Чөнтөктөрүндө жок. Кире бериште жаткан сумканы төгүп жиберди. Телефону ошол сумкада экен. Эбак эле өчкөн көрүнөт. Жан талаша телефонун кубаттагычка сайды. Күйгүзөрү менен СМСтер жаады. Дароо Аделяга чалса, ал албай койду. Жанагы уйкусурап, шалдырап жаткан жигит жок. Жуунуп-тазаланып, жаңы алган кийимдерин кийип Аделянын окуу жайын көздөй жөнөдү.
ххх
Камчы Бишкекке өзү эле кетти. Баатыр “2-3 күндүк иштерим бар” деп Алматыда калды. Баатырдын калганынын себеби Маржан менен сүйлөшүү эле. “Мындан ары дагы көп көрүшөбүз, минтип жүргөн болбойт. Бетибизди ачайын. Бул жакта тааныштар жок, көздөн далдоо болот” деген ал. Түштөн кийинки уктоо маалын туштап Баатыр ооруканага келди. Дал убактысында келиптир. Маржан кайдадыр чыгып бара жаткан экен. Баатыр аны утурлай басты.
– Кандайсың, Маржан? Сүйлөшүп алсак болобу?
– Биз сүйлөшө турган эмне бар? Сени менен сүйлөшө турган эч бир сөзүм жок,- деп куйкасы курушуп тескери бурула бергенде Байэл эсине түштү. “Эмне, Баатыр билип калганбы?” деп ойлоп жиберди.
– Маржан, уксаң, биз дагы көп жолугушабыз. Көрүшкөн сайын ушундай акыбалда жүрөсүңбү?
– Азыр сүйлөшө турган убакпы?
– Бул жакта эч кандай ишим жок. Сени менен сүйлөшүү үчүн атайын калдым. Ансыз да Бишкектен жолуга албайбыз.
“Эртең Байэлдин дайынын билгенден кийин муну менен сүйлөшүшүм керек болот” деп ойлонуп Маржан унчукпай макул боло Баатырдын машинасына отурду. Айнектери караңгылатылган капкара БМВ Алматынын кең көчөлөрүн аралай кайдадыр зуулдап бара жатты.
– Кайда алып бара жатасың, бирөө-жарым көрсө...
– Коркпо, кең Алматыдан бизди ким таанып, ким көрөт дейсиң?- деди Баатыр Маржандын санаасын баса. Унаа шаардан алыс жайгашкан бир ресторанга келип токтоду. Бул жакка Баатыр эки жолу келген. Сүйлөшүп отурганга ыңгайлуу жер. Маржан Баатыр менен мындай шартта жолукканы үчүн абдан ыңгайсызданып турду. “Эмнеге минтип капыл-тапыл келип жолугалы деди? Эмне сөзү бар? Байэлди сурайбы?” деп өзүнчө тычсызданып жатты. Баатыр кеп баштады.
– Болот менен атайын мамиле курду деп жинденип жүрөсүң, билем. Чынын айтсам, бул кокустук болду. Көптөгөн аракеттердин арты менен чоң долбоорду баштап алдык. Бардык иш башталып калганда сени менен кезигип калдым. Көздөрүңдөн баарын түшүндүм. Бирок мен ал ишти таштап басып кете албайм. Сени кайда болду экен деп ойлочумун. Бирок минтип жолугуп каларым он уктасам түшүмө кирген эмес.
– Баары бир бир күнү жолукмакпыз дечи. Жашоомо дагы зыяныңды тийгизесиңби деп сенден корком. Өтмүшүбүздү билеби деп Болоттон чочулайм. Сени көргөн күндөн бери оюм тынч ала элек.
– Коркпо, эми сенин жашооңо зыянымды тийгизгенге акым жок. Жакшы адамга жолугуптурсуң. Сен мени алдап кетти деп ойлоп жүрсөң керек. Бирок баары аргасыздыктан болду. Мен ошондо Таразга кеткен бойдон он жылдан ашык Кыргызстандын жүзүн көргөн жокмун. Кийин бирин-экин келип-кетип жүрдүм.
– Эмнеге келбедиң?
– Бизди сатып кетишти. Көрсө, алар өздөрүнөн этият болуу үчүн бул ишке атайын бизди салган экен. Биз аларга чоң акча иштеп бердик. Бирок Казакстанда кармалып калганда биздин кишилер иштин баарын таякем экөөбүзгө оодарып, көздөн кайым болушту. Таякемдин бала-бакырасын, үй-бүлөсүн ойлоп “эмне иш менен Таразга келгенибизди ал билген эмес” деп бир топ сүйлөшүүдөн кийин кылмыштын баарын өз моюнума алдым. Мен кесилип кете жаздадым. Кайнатам менен тааныш болчумун. Кызы мени жакшы көргөндүктөн атасына жардам берүүгө аргасыз кылды. Акчасын, тааныш-билишин салып жатып акыркы сотто куткарып алды. Чыккандан кийин Орусияга кетирди, аты-жөнүмдү өзгөрттүм. Өз аты-жөнүмдү кийин Кыргызстанга келгенде кайра алдым. Жубайым менен Москвада баш коштук. Ал бир үйдүн жалгыз кызы. Ошентип кайнатамдын карамагынан чыга албай калдым. Мен келгенде деле сага тынч, жакшы жашоо түзө алмак эмесмин.
– Болору болду. Эми экөөбүздүн тең үй-бүлөбүз, балдарыбыз бар. Эскини козгогондун кереги жок. Жолуккан жерде саламыбыз түз болсун,- деп Маржан Баатыр менен коштошту. Байэл тууралуу сөз козгой албады.
ххх
Аделяны окуу жайдын алдынан тосуп алды Байэл. Байланышпай койгонуна бултуңдап таарынып жаткан кыздын таарынычын бат эле жазды. Аделя негизи узакка таарына албайт. Бат эле күлүп-жайнап сөзгө аралашып кетет. Акчалуу адам бүжүрөбөй, өзүнө ишенимдүү болуп калат эмеспи. Бүгүн Байэлдин капчыгы калың. Каалаганын жасап Аделянын көңүлүн көтөрүү менен алек. Бүгүн үйгө шашылбайт. Себеби атасы Алматыда. Апасына достору менен жүргөнүн айтып телефон чалып койду. Экөө кечтин кириши менен шаардын сыртына чыгып кетишти.
Күн ачык. Асманда шурудай жайнаган жылдыздар жымыңдап, түнгө көрк кошуп турду.
– Сыртынан караганда мемиреп тынч жаткандай көрүнөт,- деди Байэл шаарга жогорудан көз чаптыра.
– Шаар дейсиз да, жылдыздарды караңызчы.
– Жылдыздардын эмнеси кызык?
– Мына, жылдыз учту. Тилек кылыш керек,- кыз көзүн жумуп бир нерселерди айткансыды.
– Эмне тилек кылдың?- Байэл кызыга кыздан сурады.
– Айтпайм,- кыткылыктап күлдү кыз.
– Кел, анда жылдыздарды санайлы,- жигит кызга жакындай.
– Аларды санап болбойт. Керек болсо астрономдор да жылдыздардын санын болжолдоп айтып келишет. Жылдыздар бир өзүнчө дүйнө. Алар да өлүмдү, өзгөрүүнү билет. Бирок алардын дүйнөсү бизге маалым эмес. А мен жылдыздар тууралуу маалыматтарга аябай кызыгам. Эң жарык жылдыздар кайсылар билесизби?
– Мага баары эле бир жылдыз.
– Андай мамиле жасаган болбойт. Эстеп калыңыз. Күн, Сириус, Вега, Орион, Канопус, Мимоза,- эркелей жылдыздарды шакылдатып санап жаткан кыздын сөзүн телефонго келген чалуу бузду.
– Атам чалып жатат...
(Уландысы кийинки санда)