Профессионалдык бокс боюнча оор салмактагы дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону, 58 жаштагы америкалык мушкер Эвандер Холифилд кайрадан рингге кайтып келет. Ал 47 жаштагы ирландиялык мушкер Кевин Макбрайд менен көргөзмө беттешке чыгат. Маалыматка ылайык, таймаш эки мүнөттөн турган сегиз раундга эсептелген. Алардын беттеши 5-июнга белгиленген. Холифилд буга чейин эзелки атаандашы Майк Тайсон менен беттешүүгө кызыкдар экенин билдирген.