Мирлан Баеков: «КЫЗЫЛ ӨРҮКТӨН» КИЙИН ТУУГАНДАРЫМ КӨБӨЙДҮ»

Мирлан Баеков 1982-жылы 23-февралда Токтогул районунун Торкен айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын улуусу. Бир кезде “Дордойдо” дөңгөлөк сатып иштеп, басса-турса кыңылдап ырдап жүргөн жигит бүгүн калың журтка “Кызыл өрүк” аттуу ыры менен таанылып отурат.

– Мирлан, мектепти кандай окудуң, өзүңдүн музыкалык билимиң барбы?
– Мектепти 5-класска чейин жакшы окуп, кийин начарлап кеттим. Мунун себеби комузга алаксып калганымдан десем болот. Бир гана музыка сабагына кызыкчумун. Атамдын агасы Аскарбек деген абам комузду мыкты чертчү. Бир күнү Аскар абамдын жанында кечке карап отуруп, үйрөнө албай чарчап, уктап калыптырмын. Бирок эртең менен туруп эле ал черткен күүлөрдү чертип кеткем. 9-классты бүткөн соң кесиптик лицейге тапшыргам. “Жоролор” тобунда “бир шанс берчи?” деген репликасы менен таанылып калган Эсен экөөбүз карын бөлөбүз. Ал борборго келип, Кыргыз драма театрынын алдындагы актёрдук окуу жайга тапшырыптыр. Анан мени кызыктыра баштады. Ошентип, аталган окуу жайды аяктагам.
– Анда кыяк менен качан сырдашып калгансың?
– Апам экөөбүз бир жылдары “Ош базарда” жүгөрү сатып иштечүбүз. Бир күнү эле радиотүйүндөн “аккордеон сатылат” деген жарыяны угуп калдым. Апам болгон акчасына ошол аккордеонду сатып берген. Аны уккан атам “эмнеге сатып бересиң? Акчаны башкага жумшасак болот эле го. Мунуңдан артист чыкпайт” деп жемелеген эле. Ошондо атама катуу таарынып жүрдүм. Азыр эми таарынбайм, бирок атам дале “артист болуп эмне кыласың?” деген оюнан кайта элек. Балким, бир күнү мени түшүнөт деген ойдомун. Апам ошондо аккордеонду сатып берип, менин талантыма чоң өбөлгө түзгөн экен.
– Көптөгөн ырчылардын алтын бешиги болгон Токтогул жергесинен экенсиң. Бул талант эмнеден, жердин таасириби же кандай?
– Токтогул эли, чынында, таланттарга бай келет. Токтогул атабыз сууга түкүрүп кеткен бейм деп ойлойм. Таланттардын көп чыкканы, балким, тузунан, анан суусунандыр. Себеби Шамшыкал-Ата деген ыйык жай бар. Токтогулдан чыккан өнөр адамдары ошол жерге барып сыйынып жүрүшөт. Мен болсо Бек Борбиевдин, Асанкалый Керимбаевдин ырлары менен чоңойдум.
– Үй-бүлөңөрдө ырга шыктуулар барбы? Ата-энең тууралуу айтсаң...
– Атам жактан абам комузчу, тайларымдын дээрлик бардыгы эле ырдашат. Апам балдары жаңы эле эс тартып келатканда каза болуп калды. Башыбызга ушундай жоготуу түштү. Кыйынчылыктар, жетишпеген турмуш башымдан өттү. Ошол кезди эстесем, көзүмдөн жаш чыгат. Атам экинчи жолу нике жаңырткан жок.
– Ырдын тарыхы барбы, кызыл өрүккө теңеп, шилекейди агызган кандай жан болду экен?
– Көр тириликтин айынан “Жоролор” тобундагы Жылдызбек, Алтынбек үчөөбүз Орусияга барып иштеп калдык. Курулушта иштеп жүрүп, бош боло калганда базарга барабыз. Тюмень облусуна караштуу базарда бир татына кыргыз кыз соода кылчу. Эмнегедир экөөбүзгө тең ал кыз жакчу. Бири-бирибизден кызганып, тамашалашып калар элек. Бир күнү гитара менен Мирлан Алыкуловдун “Кызыл өрүк” деген ырын ырдап калдык. Обону, сөзү таптакыр башкача болчу. Баягы кызды элестетип отуруп Жылдызбек ырдын сөзүн оңдоду. Мен болсо аккордеондун коштоосунда ырдадым. Ал сулуунун атын деле билбейт элек да, ырыбыз укмуш төп келишип калды. Ал жактан кайткан соң ушул ырга көп мээнет кылдым. Үч жылдан бери ырдап жүрүп, акыры аранжировкачы Сансыз байке ийине жеткире аранжировка жасап берди.
– Сен өзүңө рахмат айтасыңбы же ырдын авторунабы?
– “Тапкандыкы эмес, баккандыкы” деп коёт. “Кызыл өрүктүн” багын мен ачтым окшойт.
– Азыр радиодон дагы бир жигит “кызыл алма, кызыл алма...” деп сенин обонуңа салып ырдап жатат го...
– Ырдын автору Мирлан абдан жөнөкөй, анан ак көңүл адам. Мен анын уруксаты менен эле алгам. Менден мурда Урмат деген бала алган экен ырды. Ошондон бери ырдай элек эле, мен ырдап чыккан соң эле ырдай баштаптыр го. Сөздөрүн оңдобой эле мурдагы варианты боюнча ырдап жатыптыр. Анын ою кандай экенин билбедим, бирок ырдай берсин. Кимибиз канчалык деңгээлде аткарганыбызды эл өзү чечет.
– Клипте бою узун кызга ашык болуп, кечке карайсың го, чын эле кыздарды көргөндө көз токтоп калабы?
– Ооба, эркекпиз да, мен деле кыздарды көрсөм, көзүм токтоп калат. Мага бою узун кыздар жагат. Себеби бир туугандар баарыбыз эле чакан-чаканбыз. Ошон үчүн тукумду тазартайын дейм. Бала-чакам бойлуу болуш үчүн да бою узун кызга үйлөнөм.
– Качан бойдокчулук менен кош айтышайын деп жатасың?
– Менден кийинки иним үйлөндү, жол бердим. Апам тирүү болгондо, 11-классты бүткөндө эле үйлөнөт болчумун.
Апам болсо, мен мынчалык кыйналбайт белем деп кетем кээде. Өмүрү аз экенин билсем, мурда эле ырдап чыгып аны сүйүнтпөйт белем.
Кара жумушка эрте жашымдан эле кириштим. Оор нерселерди көтөрүп жүрүп, боюм да кичине болуп калган окшойт. Орусияда жүргөндө тагдырга таарынып, “мекенимде эмне үчүн өнөрүмдү көрсөтө албайм?” деп ыйлачумун. Бирок Кудайга миң мертебе шүгүр, комуз менен достоштуруп, кыяк менен сырдаштырып койгону үчүн. “Кызыл өрүктү” элге жеткирген соң үйлөнөм деген элем. Быйыл үйлөнөйүн десем, жоролорум “коё тур” дешүүдө.
– Жоролоруңдун айтымында, шайлоодо жакшы эле иштеп, гастролдоп, акчанын жытын сезе баштаган окшойсуңар?
– Буюрса, жакшы эле болду. Өзүбүз иштеп тапкан акчабызга клип тарттырып, ыр жаздырып жатабыз. Клип тартылып жаткан ыр “Атанын тилеги” деп аталат. Бул ырды берилүү менен ырдадым.
Себеби мен да үйлөнүп, атамды келиндүү кылсам, жубайымдын сүйүктүү жолдошу, кайындарымдын камкор күйөө баласы, балдарымдын атасы болууну самайм. Ал эми “Жоролор” тобу жакында Орусияга гастролго баратабыз.
– Тойлорго чакыруулар көп түшүп жатса керек?
– Ооба, баары эле ушул ырды суранышат. Мен болсо тойлордо мүмкүн болушунча жандуу үн менен ырдаганга аракет кылам. Атым чыгып калганда өмүрү тааныбаган тууган-уруктарым, таяке-таежелерим көбөйдү. “Мени тааныдыңбы? Мен сенин тууганың болом. Той бар эле, келип ырдап бербейсиңби” дешет. Аларды тааныбасам да, апам үчүн ырдап берүүдөмүн. Бирок ошол эле учурда “биз кыйналган учурда каякта элеңер?” деп ичтен сызам.
– “Бир эле ыры менен чыгып алды, ал ыры да эптемей” деп айткандарды кулагың чалабы?
– “Кызыл өрүктү” эптемей ыр дегендерине кошулбайм. Салыштыруу иретинде айтсак, эл колдонгон сөздөр менен жазылган эле ыр. Мен которуп же батыштын стилинде ырдаган жокмун да.
Биз эртең менен ойгонуп эле сахнага чыгып кетип, ырдап калган жокпуз. Биздин топ түзүлгөнүнө 8 жыл болду. Ошондон бери чоң сахнаны аттасак дегенде ак эткенден так этчүбүз. Быйыл “Сейтек” борборуна алгачкы концертибизди бердик. Билеттерди өзүбүз көчөгө чыгып сатып, араң эл топтогонбуз. Анан концертибизди дискке чыгарып, пираттар аркылуу элге тараттык. Ошентип, элге үнүбүз жетти, ошого сүйүнөм. Бирок сынды туура кабыл алам. Сындан мен кайрадан чыйралам. Жетишпегенин толуктайм, аша чапканын көңүлгө албайм.
– Сатираңарда азыркы шоу-бизнести көп чагылдырыпсыңар. Муну менен эмнени берейин дедиңер эле?
– Биздин шоу-бизнести көрүп эле жүрөбүз. Сатира, тамашаларда коомдогу көрүнүштөрдү чагылдырабыз. “Продюсер менен ырчы” деген тамашабыз көпчүлүккө жагыптыр. Ошондон улам ойлодум, биз көргөндү, биз билгенди эл деле билет экен деп.
– Чыгармачылыгыңа колдоо көрсөткөндөр барбы?
– Биз өз арабабызды өзүбүз тартып келатабыз. Бир гана сиздердин гезит аркылуу жүзүбүздү таанытып келебиз, рахматымды айта кетейин. Ырымды “Кыргызстан Обондору” радиосу гана берет. Ушуга деле шүгүр.
– Кайгырба, “өнөрлүү өлбөйт” дейт элибизде. Аман болсоң, баарына жетесиң.

ИШЕНЕСИҢБИ?
– Сенин үнүңдү угуп, бир көргөнгө зар болгон селки бар экенине...
– Ишенем. Көп эле кыздар чалып, жагымдуу СМС жаза башташты.
– Эртеңки күнү “жылдыз оорусу” менен ооруй баштаарыңа...
– Күн карама боло албайм. “Жылдыз оорусу” менен оорубайм, бирок акыркы күндөрү ушул сөздү көп укчу болдум.
– Сенин сүйлөшкөн кызың же жубайың досуң менен сүйүшүп кетерине...
– Ошондон Кудай сактасын. Аялды деле акылдуусунан берсинчи. Азгырган достон да сактасын.
– Эң жакын досуң сени сатып кетерине…
– Кан досторум сатпайт деп ойлойм. Көп жылдан бери бири-бирибизди беш колдой билип калдык.
– “Кызыл өрүккө” башка ырың жетерине...
– Башка ырларым мындан ашып түшөрүнө катуу ишене баштадым.

Бурул Исмаилова
star
@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
Elmira
2010-10-26 03:53:36
Кызыл орук жакшы ыр экен.Бактылуу болунуз байке!
0
Tokmok
2010-10-26 04:48:30
Alban iyigilikder koshtosun!!!!
0
areneV
2010-10-26 10:25:42
kyzyl oruk soooooooonun !!! jakshy yrdait bul bala
0
toktokan
2010-10-26 12:38:46
Таланттын оркундой берсин Мирлан, чыгармачылыгына ийгилик! Дагы-дагы коптогон ырларынар чыга берсин! Алга!
0
anz
2010-10-26 18:25:35
молодец Мирлан талантыныз ташкындай берсин!!! ийгилик!!!
0
nurikKGB
2010-10-26 23:14:25
Ушул ыр абдан жакты да.
0
Aidar
2010-10-27 13:40:06
ayabay jonokoi bala eken molodets,Iygilik!!!
0
Akjol
2010-10-27 18:21:35
Кыргъзстанга барганда биринчи таксиге тушкондо уктум..анан кафе ,ресторанда,тойлордо,радиодо,диск саткан жерлерде,жада калса уйдо карындаштарым телефондо угуп журушуптур Кызыл орукту,сонун ыр экен.
0
Akjol
2010-10-27 18:34:06
Кайра Москвага келсем уже бул жакта да Кызыл орук жанырып калыптыр,метродо олло тыгылып баратсак,бир кыргыздын соткасына звонок келди Кызыл орукту кыйкырып,метродо эл коп тыгын болгондуктан,тиги бала чонтогунон ала албай койду,аябай копко ырдады,жагымдуу болот экен,орус
0
Akjol
2010-10-27 18:38:11
тун метросунда Кызыл орук ырдап атса.Ырчыга ийгилик каалайм.жакшы жакшы ырларды жарата бериниздер.
0
ascasheri
2010-10-28 16:07:31
кызыл орук жакшы ал эми кок оруктор качан чыгат брат!
0
МээримКа
2010-10-29 10:27:17
Мирлан, молодец!
унун магая аябай жагат.
0
Lunatena
2010-10-29 14:27:03
соонун.
0
PaxaT
2010-10-29 23:20:35
Азаматсын Мирлан! Менин 4жашар баламды жон койсон "кызыл орукту" бир кун кечке чейин деле уга берет.Чыгармачылык ийгилик,барга коппой жокко чокпой ар дайым аман бол.
0
Narynbek
2010-12-06 01:27:46
Кызыл орук деп самагандай келинчектуу бол!азаматсын
0
№ 416, 22-28-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан