CТЕНОКАРДИЯ – ЖҮРӨККӨ КАНДЫН, АБАНЫН ЖЕТПЕЙ БАШТАШЫ

“Адамдын жүрөгү мүнөтүнө орточо эсеп менен 72 ирет жыйрылып, иштейт. Ошондо 66 жылда 2,5 миллиард ирет жыйрылып иштөөгө жетишет. Мына ушинтип тынымсыз иштеген жүрөктүн дартынын бири – стенокардия.
Стенокардиянын коркунучу миокарддын инфарктына чейин жеткирип коюшунда” деген эндоваскулярдык хирург Кайрат Осмоналиев стенокардия дарты тууралуу айтып берди.

ООРУТУУ ПРИСТУП МЕНЕН КОШТОЛОТ

Күнү-түнү токтоосуз иштеген жүрөктө коронардык артериялар бар. Алар жүрөктүн булчуңу болгон миокардды кан, кан менен кошо кычкылтек, азык-заттар менен жабдыйт. Артериялык кан тамырлардын бир жери холестериндик май түйдөкчөсү (бляшка) менен тосулуп, кысылып калса миокардга кан жакшы барбай баштайт. Мындай “кычкылтек ачарчылыгынан” көкүрөктө катуу оорутуу келип чыгат (приступ). Мына ушул оору стенокардия деп аталат.

Ал эми кан тамырдын холестериндик май түйдөкчөсү менен тосулуп калуусу атеросклероз дарты деп аталат. Демек, атеросклероздон стенокардия жаралат. Стенокардия жүрөктүн ишемиялык оорусуна кирет.

ПРИСТУП КАНДАЙ УЧУРДА КАРМАЙТ?

  • Оору пристубу миокарддын кан, кычкылтек, азык-затка талабы жогорулаган төмөнкү учурларда кармайт:
  • жумуш жасоо, чуркоо, бийикке тепкич менен чыгуу же түшүү
  • стресс, көп тамак-аш жеп алуу, катуу суукка чыгуу
  • артериалдык кан басымдын көтөрүлүшү
  • тамеки тартуу, алкоголдук ичимдик ичүү, кээ бир дары түрүн ичүү

    ДАРТТЫН БЕЛГИЛЕРИ:
  • Төш сөөктүн тушу бир нерсе басып тургансып ныгырылып, кысылып, мыжыгып, күйүп жаткан сымал ооруйт.
  • Оорутуу сол тарапка, алып айтсак, колго, ийинге, моюнга, далыга, ылдыйкы жаакка, тишке берилет. Оорутуу менен кошо чымыроо, жансыз тартуу сезилиши мүмкүн.
  • Дем жетпей кыстыгуу, муздак тер басуу, өлүп каламбы деген коркунуч күтүлөт.
  • Оорутуу оң жакка, кээде башка чейин берилген учурлар болот.
  • Айрымдарда зарна болуу, көңүл айлануу да келип чыгат.
  • Оорутуу болжол менен 10-20 мүнөткө чейин созулат.

    ООРУТУУ СЕЗИЛГЕНДЕ БИРИНЧИ ЖАРДАМ
  • Басып баратса же жумуш жасап жатса, айтор, кыймылды дароо токтотуп, отуруу керек. Жатуу сунушталбайт, анткени жүрөккө ого бетер күч келет. Терең-терең дем алса жүрөктүн иштеши жакшыра түшөт.
  • Жүрөктүн басымын түшүрүп жана кан тамырды кеңейтүүчү нитроглицерин таблеткасын токтоосуз тилдин астына салуу керек. Нитроглицериндин чачма дарысы да бар, эгер бар болсо аны тамакка чачуу керек. Дары жок болсо “Тез жардам” чакыруу зарыл.
  • Нитроглицеринди кабыл алгандан кийин приступ өтүп кетишин 5 мүнөт күтүү керек. Эгер өтпөсө экинчи таблетканы ичүү керек.
  • Эгер оорутуу 20 мүнөттөн узак созулса, нитроглицерин да жардам бербесе, анда адам миокарддын инфарктына кабылышы мүмкүн. “Тез жардам” чакырылбаса көз жумуп кетет.

    ДИАГНОЗ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮЛӨР
  • Кандын анализи, коронароангиография
  • Эхокардиография, электрокардиография
  • Суткалык ЭКГ-мониторинг. Атайын аппарат тагылып 1 сутка коюлат
  • Компьютердик томография, өпкөнүн рентгени

СТЕНОКАРДИЯНЫН ДАРАЖАЛАРЫНА КАРАТА БӨЛҮНҮШҮ

Туруктуу жана туруксуз стенокардия болуп экиге бөлүнөт. Туруктуу стенокардия дарттын өнөкөткө айланган түрү. Бул ичинен 4 даражага бөлүнөт.

Приступ 1-даражасында өтө оор жумуш жасаганда, 2-даражасында орточо оор жумуш жасаганда, 3-даражасында жеңил жумуш жасаганда, 4-даражасында тынч абалда деле кармайт.

Туруктуу эмес стенокардия. Мунун 3 түрү бар. 1-түрү приступтун өмүрдө биринчи ирет кармашы. 2-түрү – оорунун өнүгүп бара жаткан түрү. Башында приступ саналуу мүнөт кармаса, бара-бара убактысы узарып, бат-бат кармап да жүрүп отурат. Мисалы, 2-3 мүнөттөн 10 же андан узакка созулчу приступка өтөт. 3-түрү миокарддын инфарктына чалдыккан адамдын стенокардия менен ооруп башташы. Чынында, инфарктка чалдыккан адам стенокардия менен оорубашы керек.

Эң коркунучтуусу – туруксуз стенокардия, анткени 2 жылдай ооруган адам миокарддын инфарктына чалдыгып калуусу мүмкүн.

ДАРЫЛОО

Туруктуу стенокардиянын 1, 2, 3-даражаларында врачка текшерилип, дары-дармектерди жаздырып, үйдөн дарыланса болот. Дарылоодо кан басымды, жүрөктүн иштешин, кандагы канттын жана холестериндин өлчөмүн калыптандыруучу, канды суюлтуучу, жүрөктүн майда кан тамырларын кеңейтүүчү дары-дармектер берилет. Диета кармалат. Жашылча-жемиштерди көп жеп, майлуу эмес этти колдонуу керек. Ал эми малдын майын, ачуу, майлуу тамак-ашты жегенден баш тартуу сунушталат. Стресске, депрессияга кабылуудан качып, тамеки тартпоо, алкоголдук ичимдикти ичпөө кажет.

Туруктуу стенокардиянын 4-даражасы менен туруксуз стенокардиянын 3 түрүндө тең ооруканада жатып дарылануу, операция жасатуу керек болот. Операцияда оорунун түрүнө карата аорта-коронардык шунт коюу же коронардык кан тамырга стент коюу аныкталат. Кан тамырдын холестерин май түйдөкчөсү менен тосулуп, бүтөлгөн жерине жакын шунт коюлганда кан башка жак менен айланып өтө турган болот. Стент – бул кан тамырдын кысылып калган жерин кеңейтип коюучу пружина сымал каркас. Баш жагында стент бар катетер колдогу же жоон сандагы артерия аркылуу киргизилип кан тамырдагы май түйдөкчөсүнө жеткирилет. Стент кол чатыр сымал жазылып, май түйдөкчөнү жалпайтып, кан тамырдын формасын ээлеп туруп калат.

КИМДЕРДЕ ДАРТКА КАБЫЛУУ КОРКУНУЧУ ЧОҢ?

  • Анемия, кант диабети, атеросклероз, жогорку кан басым, тукумунда жүрөк оорусу барлар.
  • Ашыкча салмактагы адамдар.
  • Малдын майын көп колдонгондор, майлуу этти көп жегендер.
  • Түнкү апноэ синдрому барлар. Булар коңурук тартышат, айрым учурда дем алуусу бир канча секунд үзгүлтүккө учурап, кайра дем алуусу уланып кетет.
  • Гормондук дарыларды ичүү, эрте климакс.
  • Жогоруда аталган оорусу барлар врач жазып берген дарысын үзбөй ичүүсү, стресстен качуусу, анализдерин убагында тапшырып, текшертип туруулары керек.

Дарттын алдын алуу

  • Тамеки чегүүнү, ичимдик ичүүнү таштоо, ашыкча салмактан арылуу;
  • Сергек жашоо образын кармануу, спортко жакын болуу, туура тамактануу. Жок дегенде күнүгө 30-60 мүнөт басуу, ден соолугунун абалына жараша жумуш жасоо.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 958, 15-21-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан