Чоңдугу чөкө таандай болгон көк карга өлкөдөгү кооз канаттуулардын катарына кирет. Денесинин узундугу 27-30, канаттарынын узундугу 17-20 сантиметрге чейин жетет. Салмагы 180-200 граммды түзөт. Ургаачысы менен эркеги сыртынан айырмаланбайт.
Адатта тоо жана токой этектерин, кыркылган токойлорду, дарыя менен көлдөрдүн жарлуу жээктерин, дарыялуу өрөөндөрдү, эски сейил бактарды байырлайт. 200 метр бийиктиктен ары көп уча беришпейт.
Дарактардын коңулдарын, бош калган ийиндерди уя кылып алышат. Жар боорлорун тешкилеп уя салгандары, тоңкулдактын ташталган уясын ээлеп алгандары да бар. Уясынын түбүнө эч нерсе төшөшпөйт. Кургак чөп, жалбырактарды төшөп койгондору аз санда. 3-6 жумуртка тууп, 18-19 күндө басып чыгарат. Балапандары ата-энесинин жанында бир айдай болуп, анан уяларын таштап учуп кетишет. Болжол менен 8-10 жыл жашашат.