K-pop индустриясынын “кыздар үлбүрөгөн назик, арык, уялчаак болуш керек” деген стандартына көңүл бөлбөгөн, өз дүйнөсүн, чыгармачылыгын түптөй алган рэпер кыздын аты – CL. Ал сахнага чыкканда залда уйкусурап отургандар жанданып, кошо бийлеп, ырдап башташат. Азыркы хейтерлердин заманында CL’ге ачуусун бүрккөн адамдар да толтура. Бирок ага рэпер кыз баш оорутуп отурбайт.
Аты-жөнү: Ли Че Рин
Псевдоними: CL
Туулган жери: Түштүк Корея, Сеул шаары
Туулган жылы: 1991-жыл, 26-февраль
Бою: 162 сантиметр
Кесиби: рэпер, ырчы, актриса, музыкант
Белгилүү ырлары: "The Baddest Female", "Lifted", «I Am the Best», “+In The Name Of Love+”, “+DONE161201+”, "Wish You Were Here" жана башка
ТУБАСА ЛИДЕР
Ли Че Рин Сеулга келип, чыгармачылыкка кадам койгондо 13 жашта болчу. Ошондо эле ырлардын сөзүн жазып, рэп айтууга шыгы бар экенин көрсөтө алган. Өзү сахнага чыга элек жатып “Big Bang” сыяктуу популярдуу топко ыр жазып, башка да ырчылардын чыгармачылыгына салым кошкон кыздан сөзсүз бир нерсе чыкмак.
4 жыл стажёр катары тапталгандан кийин 2009-жылы «2NE1» кыздар тобу дебют жасады. Албетте, топтун лидери CL псевдонимин алган Ли Че Рин болчу. “Ли Че Рин биздин компанияга келгенде эле тубаса лидерлик сапатка ээ экенин көрсөттү. Аны көргөндө дароо кыздар тобун түзүү керек, Че Рин лидер болот деп ойлогом”,- дейт YG агенттигинин директору.
«2NE1» + ЖЕКЕ КАРЬЕРА
Дебют кылган жылы «2NE1» тобу «I Don’t Care» аттуу ыры менен эң престиждүү деп эсептелген “Жылдын ыры” наамын жеңип алган. Дебют кылган жылы мындай сыйлыкты алуу k-pop тарыхында ачылыш болчу. «2NE1» чыгарган альбомдордун ар бири ондогон музыкалык сыйлыктарга ээ болду. Бирок топ 2016-жылга чейин гана иштеп, тарап кеткен.
Жеке карьерасын да түптөөнү чечкен CL 2013-жылы "The Baddest Female" деген ырын тартуулаган. Буга чейин эле өз угармандарын таба алган рэпер мекенинде жылуу кабыл алынып, кийин чет өлкөгө багыт алат. 2016-жыл. Америкалык угармандарга CL’дин "Lifted" аттуу ыры тартууланды. Бир карасаң CL корейлерге караганда америкалык ырчыларга көбүрөөк окшошуп кетет. Андыктан ал жактан да талантын баалай алган адамдар чыгып, рэпердин аты дүйнө жүзүнө тарай баштаган. Ушул эле жылы АКШны кыдырып концерттик турнеге чыккан CL’ди “америкалык k-pop” деп атап алышкан.
“АЗИЯДАГЫ ТААСИРДҮҮ АЯЛ”
Учурда CL корей музыкасында хип-хоп жанрынын көрүнүктүү жылдызы, канчалаган таланттарга хит ырларды жазып берген музыкант. 2019-жылдын жыйынтыгы менен “Forbes” журналы аны “Азиядагы 30 таасирдүү аялдын” катарына кошкон.
CL ӨЗҮ ЖӨНҮНДӨ...
Жоон, бийик үнгө ээ, сахнада “дерзкий” образдары менен таанымал ырчыны жакындары абдан ачык, тамашакөй деп сыпатташат. Журналисттин “сиздин англис телеканалына берген маегиңизди көрүп, англис тилин үйрөнгөн корейлер көп болуптур...” дегенине “менден англис тилин үйрөнбөгүлө, анткени мен тилди MTV каналын көрүп отуруп үйрөнгөм” деп тамашалуу жооп кайтарганы бар.
Мырзалар жөнүндө: “Мага өз дүйнөсү бар эркектер жагат. Башкаларга акылынан азган адам көрүнсө мейли, бирок өзгөчө адам болсун”.
Кийим жөнүндө: “Менин кийинүү стилим “күнүмдүк маанай” деп аталат. Маанайым кандай болсо, ошого жараша кийинем”.
Эркиндик жөнүндө: “Хейтерлер жаза беришет, бирок алар мени эч качан өлтүрө алышпайт. Негизи эле мен каякка багыт алганымды, эмнени каалаганымды, эмнеге жете ала турганымды билем. Өзүмө, музыкама ишенген күчтүү жана эркин адаммын”.
КЫСКАЧА...
Асыл Орозбекова