САЯСАТ ТААНУУЧУ МАРАТ КАЗАКПАЕВ “МАМЛЕКЕТКЕ ЧЫККЫНЧЫЛЫК КЫЛДЫ” ДЕП КАРМАЛДЫ

Өлкөдө “мамлекеттик чыккынчылык кылуу” кылмышына шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу 13-апрелде УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

– “Мамлекеттик чыккынчылык кылуу” беренеси боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында республиканын айрым жарандарынын катыштыгы бар экендиги жөнүндө далилдердин негизинде 2 жаран кармалды. УКМК бул кылмышты жасагандыгы үчүн кармалгандарды 10 жылга эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын белгилеп кетет. Кылмыш ишинин материалдарына берилген жашыруун сырдын чектелген даражасын эске алуу менен, тергөө иштеринин натыйжалары, бул адамдар тарабынан жасалган кылмыштардын жагдайлары боюнча коомчулукка кененирээк маалымат берилет,- деп билдиришти мекемеден.

Кармалгандардын бири – өлкөгө белгилүү саясат таануучу Марат Казакпаев экенин УКМКдан ырасташты.

“Мамлекеттик чыккынчылык кылуу” беренеси боюнча 2014-жылы өкмөттүк аппараттын бөлүм башчысы Алтынбек Муралиев кармалып, 22 жылга эркинен ажыратылган. Муралиев “жашыруун сырды камтыган маалыматтарды чет өлкөлүк уюмдарга берген” деп айыпталган.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 958, 15-21-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан