БИР БҮРКҮМ. ГЕНЕРАЛ АСАНОВ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ...

  • Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси болуп Ахмет Садык Доган дайындалды.
  • Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев үй камагына чыгарылды.
  • Кыргыз жеринен дары жана медициналык буюмдарды экспорттоого 6 айга тыюу салынды.
  • ИИМ жетекчисинин мурдагы орун басары Курсан Асанов үй камагына чыгарылды.
  • Башкы прокуратура: “Баткендин Үч-Коргон айыл аймагынан 80 гектар жайыт жери жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткени аныкталды”.
  • Президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев үй камагына чыгарылды.
  • Ош шаарында 3 окуучудан коронавирус аныкталып, 2 мектеп карантинге жабылды.
  • Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны өсүп жатканы, коргонуу чараларын күчөтүү зарылдыгы эскертилүүдө.
  • Таластын Өзгөрүш айылында дарыяга кулап кеткен 2 жашар баланы издөө иштери жүрүүдө.
  • Президент Садыр Жапаров 14-апрелде борбор шаарда Бишкек баатырдын эстелигинин ачылышына катышты.
  • Баткенде чек араны айланып өтүп, бажы төлөмдөрүн төлөбөй кирген жүктүн ээси кармалды.
  • Караколдо окуучулар арасында массалык мушташ чыгып, урушту уюштурууга шектелип 2 окуучу кармалды.
  • 13-апрелге карата Бишкекте 350дөн ашык адам COVID-19 илдетине каршы эмдөө алды.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 958, 15-21-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан