Эгемберди Чалабаев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «КЫЗДУУ БОЛГОНДО 40 КҮН АЯЛЫМДЫН КОЛУН СУУГА ТИЙГИЗГЕН ЖОКМУН»

Мыкты актёр, режиссёр Эгемберди Чалабаев маек төрүбүздүн коногу. “Тунгуч” театрын түптөөчүлөрдүн бири, масштабдуу мамлекеттик иш-чаралардын уюштуруучусу, кыскасы, каарманымдын эмгектерин санай берсек түгөнбөйт. Кыргыз Эл артистинин өзү, үй-бүлөсү, чыгармачылык жолу тууралуу кызыктуу маегин сунуштайбыз.

– Агай, саламатсызбы? Алгач өзүңүз, бала чагыңыз тууралуу айтып берсеңиз.

– Саламатчылык. Мен 1960-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Кароол деген айылда, илгери айтылгандай, кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Атам Ата Мекендик согушка катышкан. Мен “Дүйнө жүзүндөгү жумушу көп мамлекет кайсы?” десе, “Кыргызстан” деп жооп бермекмин. Кыргызстандын ичинде эң жумушу көп Ош облусу, анын ичинен Кароол айылы деп коём. Тамеки, күрүч өстүрүп, бак карап, чөп чаап, жибек куртун карап жүрүп балалыгым өтүп кетти. Бала кезде биздин айылдан Өзгөн–Ош деген автобус өтөр эле. Аны көрүп, "качан ушул жерден кетип, ушул жумуштардан кутулам?" дечүмүн. "Асманда учак учса, ушул айылдан чыгып, учакка отуруп кеткен күн болор бекен?" деп ойлончумун. Мектепти бүткөндөн кийин кыялымдагыдай болду, автобуска отуруп Өзгөндөн кеттим, учакка отуруп Фрунзеге келдим. Фрунзеге келип, театралдык окуу жайга тапшырдым. Бир жыл окугандан кийин Алматыдагы театралдык окуу жайга тапшырдым. Апам ыраматылык “балам, оку, эртең сенин да башың бизге окшоп тамекиден чыкпай калбасын. Эл көр, жер көр” деп айтып, музыкалык мектепке жиберчү. Такыр баргым келчү эмес. “Окубай эле коёюнчу” десем, “жок, балам, кереги тийип калат” деп жүрүп окутту. Ошол жактан аккордеон ойногонду үйрөндүм. Бирок музыкалык окуу жайда окубай койдум. Жашоомдо аккордеондун жардамы көп тийди.

– Кандай жардамы тийди?

– Алматыдагы театралдык окуу жайга тапшырабыз деп 16 бала барганбыз. Окуу жайга бир кыз, бир жигит эле алынмак. Арабыздан ким күчтүү экенин өзүбүз деле билебиз. Экзаменге аккордеонум менен кирдим. Даярдап барган монологумду айтып баштасам, комиссиядагылардын бири “токточу, балам. “Сагынганда бир келерсиң” деген ырды билесиңби?” деди. “Билем” дедим. Бирок текстин билчү эмесмин. Казактар кайдан түшүнмөк эле деп оюма келген сөздөр менен 2 куплет ырдасам, “бул ыр 3 куплет эле, дагы бир куплетин ырда” дешти. Оозума келгенин ырдап койсом, “жакшы” дешти. Анан дагы бири “Жылкычынын ырын” билесиңби?” деди, “билем” дедим. Бирок эстей албай жатсам, эже өзү “керемет ыр го, сен жылкычы мен чабан” деп кыңылдап калды. Дароо обону эсиме келди. Билишимче ырдадым. “Кыргыздын ырлары керемет го, рахмат, барагой” дешти. Өтпөй калдым деп ойлоп эшикке чыксам, артымдан бирөө келип, “Чалабаев, сага 5” деп экзамендик баракчаны берди. Окуу жайга Аскар деген жигит экөөбүз өтүп кеттик, кыздардан эч кимди алышкан жок.

– Окуу жайды бүтүргөндөн кийин кайда бардыңыз?

– Кыргыз драма театрына бардым. Бул жерден да аккордеонум жардам берген. Бул театрга жумушка кирүү оор. Көркөм кеңешке кирип, ойногон спектаклдеримден үзүндү ойноп берейин десем, “тим эле койчу, ырдайсыңбы?” деп сурашты. Жай мезгили болчу. Артисттер гастролдоп кетишиптир. “Ай, баланча жерде аккордеон ойногон киши ооруп калыптыр. Ушул баланы жумушка алгыла да, айдагыла” деди. Ошентип жумушка алынып калдым. “Тунгучка” деле аккордеонумдун артынан кошулуп калсам керек деп ойлойм.

– Ата-энеңиз ийгиликтериңизге күбө болуп калыштыбы?

– Четин көрүп калышты. Атам 1995-жылы каза болду. “Тунгуч” театры көзгө көрүнүп келаткан кез болчу. Апам жемишимдин четин көрүп калды. 2011-жылы кайтыш болду. Менин оозго алынып калган кезим болчу.

– Жубайыңызды Казакстандан тапканыңызды билебиз...

– Ооба, экөөбүз бир окуу жайда окудук. Жубайымдын акыркы курсунда үйлөндүк. 40 жылдан бери чогуу түтүн булатып келе жатабыз. Жубайым Кыргыз драма театрында, “Тунгуч” театрында иштеди. Жубайлардын экөө тең актёр болсо оор болот экен. Балам автобустун ичинде чоңойду. Клубга барганда столдун үстүнө жаткырып, костюмдар менен ороп койчубуз. Кызым төрөлгөндө адамга окшоп чоңойсун деп кеңешип, аялым кызымды карап үйдө отуруп калды. Кийин Искусство университетине жумушка кирди. Биз үй-бүлөбүз менен чыгармачыл адамдарбыз. Уулум Алматыдан кинорежиссураны бүтүрүп келди. Кызым Искусство университетин аяктады. Күйөө балам Анвар Осмоналиев да артист. Кудайга шүгүр, келинибиз эсепчи. “Арабызда нормалдуу ой жүгүртө турган бир киши бар” деп калам (күлүп).

– Кызыңыздын артист болушуна каршы чыккан экенсиз?

– Биз көргөн күндөрдү көрбөсүн дедим. Байкуш артисттер өп-чап турмушка ыраазы болуп театр деп жүрө беребиз. Кызым көгөрүп барып тапшырып алды. Көпкө сүйлөшпөй жүрдүк. Анан айла жок кабыл алдым.

– Кызыңызга аябай жакын экениңизди айтып каласыз.

– Кызымды ушунчалык Кудайдан тиленгем. Уулум экөөнүн ортосу 9 жыл. Апасынын ичинде 5 айлык кезинде миңге жакын атты тизмектедим. Башкаларга окшошпосун дедим. Мен эмнегедир айга жакынмын, айды жакшы көрөм. Бир күнү айга байланыштырып ат койсом деген ой келди. Анан элге айдай жаркырап тийип турса экен деп Эл-Ай деп койдум. Төрөлгөндөн кийин 40 күн апасынын колун сууга тийгизбей, өзүм жалаяктарын жуудум. Бала бакчага, мектепке өзүм алпарып, жанымдан чыгарчу эмесмин. Кызым мага аябай жакын болгондуктан атасына окшош жигитти издеген окшойт. Күйөө баламды өзүмө окшоштурам.

– Чыгармачылык үчүн курмандыкка бардыңызбы?

– Эң алгач актёр болушума атам нааразы болду. Мени жазуучу болсо экен деп тилек кылчу. Артисттин окуусуна тапшырдым дегенде жарым жылдай сүйлөшпөй койгон. Анан дайым социалдык абалды 2-планга коюптурмун. Үй алыш керек деген оюма келбептир, балдар чоңойгондо, 42 жашымда үйлүү болдум. Мен “Тунгучта” жүргөндө аялым таңкы саат 6да туруп базарга барып, кытай баштыктарын сатып, түшкөн акчага азык-түлүк алып келчү. Азык-түлүк алуу оюма да келчү эмес экен. Бирок өкүнбөйм. Аз да болсо элиме кызматымды кылып жатам.

– Тасмага тартылууда кандай талаптарыңыз бар?

– Сценарийге карайм, начар болсо баш тартам. Жакшы фильм болсо жанталашам. Пандемия алдында Темир Бирназаров “Табылга” деген фильм тартты. Элге сунула элек. Ошол сыяктуу олуттуу, элге керектүү тасмаларга бекер болсо да тартылам. Жеңил оокатка барбайм. Анткени өзүм мугалиммин. Айтканым башка, кылганым башка болсо туура эмес болуп калат. Профессионалдуулукка умтулам.

– Студент курагыңыздагы кызыктардан айтып бериңизчи.

– Бир окуя эсимден кетпейт. Дем алыш күндөрү башка студенттер үйлөрүнө кетишчү. Бир жолу балдар мени да бирөөнүн үйүнө кетти деп ойлоп, мен жокто бөлмөнү жаап, ачкычын алып кетип калышыптыр. 1-кабатта жашачубуз. Бара турган жерим жок. Терезени карасам темир торчо (решётка) турат. Аны ийип, ошол жактан бөлмөгө кирдим. Жегенге эч нерсе жок экен. Кайра ошол жактан чыгып нан саткан дүкөнгө барып, “жумуш барбы, иштеп нан алып алайын?” десем жумуш жок экен. Кетип баратсам столбанын бетонунда жарты нан туруптур. Жерге түшүп калган нанды бирөө алып, ошол жакка койгон окшойт. Ошол нанды алып келип сууга малып жедим. Эшикте жамгыр жаап жатты. Ошондо өксүдүм, алыста жүргөнүмдү, жалгыз экенимди сездим. Жүрөк кысылып, буркан-шаркан түштү...

– Бир жерден "элден ыйман кетти" деген пикириңизди окуп калдым...

– Азыр кызы менен кафеде сыра ичип отургандарды көрөбүз. Батыштын чыгармаларына сугарылып кеттик. Улууга урмат, кичүүгө ызат дегенден алыстап баратабыз. Куруу кыйын, кыйратуу оңой. Атам бизге “жолго түкүрбө, таштанды таштаба. Жол Кудайдын супарасы. Ушул жол менен канча киши ишке барып- келип бала-чака багып жатат. Кадырына жетиш керек” дечү. Азыр баратып эле түкүрүп, таштанды таштагандарды көрөсүң. Көр оокат деп жүрүп балдарга тарбия бере албай калдык окшойт. Бир күнү акылыбызга келип, маданияттуу мамлекет болуп кетербиз.

Маданият бар жерде ыйман, жоопкерчилик болот. Ошондой коомдо уурдабайт, жебейт, киши өлтүрбөйт. Таң калам, кыргыз качан баласын зордуктачу эле? Терс маалымат алып жүрүп ушундайга туш келдик деп ойлойм.

– Кийинки жолу коомдогу көйгөйлөр тууралуу маегибизди улантат окшойбуз. Чыгармачылык ийгилик болсун.

Перизат Музуратбкова

 Кыстарылган видео 
Эгемберди Чалабаев: “Кудайдан тилеп жүрүп кыздуу болгом”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Ibrahim1122
2021-04-20 18:38:02
Соз жок! Ушундай маекти кайра кайра окугун келет
+7
VENOM
2021-04-21 00:13:08
Маданият жөнүндө туура айтыптыр
+7
Haanykeim
2021-04-22 22:09:51
Кызы өзүнө окшош чын эле..Соонун маек болуптур..
+2
№ 958, 15-21-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан