Элесине гүлдесте
Арман, арман! “Бул дүйнөдө эмне кыска, өмүр кыска” деген ыр саптары уккан адамды ойго салат. Мына ушул саптар аты жумурай журтка таанылып калган Медер Осмоналиевдин тагдырына дал келип отурат. Жаш акындар арасында таасирдүү саптары, радио журналистикасында өз орду бар Медер Осмоналиев катуу оорудан улам 29 жашында жарыкчылык менен кош айтышты. Жаш акын Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Тоо айылында 1981-жылы жарык дүйнөгө келген.
БГУнун журналистика факультетин аяктаган соң эмгек жолун “Кыргызстан Обондору” радиосунда жаңылык даярдап, эфирге алып чыгуу менен баштаган. Мындан сырткары биздин “Супер-Инфо” гезитинде штаттан тышкары иштеп, спорт жаңылыктарын жазып жүргөн. Ошондой эле учурда угармандар арасында оозго алына баштаган “ЭлFM” радиосунун директорлук кызматын аркалап жаткан эле. Аталган радио түйүндүн түптөөчүлөрүнүн бири десек да жарашат.
Эки ырлар жыйнагы жарык көргөн. Медердин ырларын Гүлнур Сатылганова, Гүлнара Кахарова, Кенже Дүйшеева, Ильяз Абдыразаков, Мирбек Атабеков, Нуриса Абазова, “Импульс” тобу аткарып жүрүшөт.
Мүнөзү токтоо, иш кыларда алдын ала ойлонуп кадам таштаган Осмоналиев акыркы убакта катуу ооруга чалдыккан. Көк боорун алдырган соң басып бара жатыппы, машина айдап баратыппы, уктап кала берчү адат жабышкан. Акыркы күндөрү буттары да иштебей калган. Мына ушундай дарттын айынан артында калган туягын да көрбөй кетти. Бир күн мурда жарык дүйнөгө келген баласын мурдунан чымчып өппөй кете бергенден артык арман барбы, бул дүйнөдө?
Поэзия айдыңы, журналистика тармагы, бүтүндөй кыргыз калкы оор жоготууга учурады, бирок Медер Осмоналиев деген ысым унутта калбайт.
Р.S. «Супер-Инфо» гезитинин жамааты Медердин ата-энесине, бир туугандарына, өмүрлүк жарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
«Миң Кыял FM» радиосунун эмгек жамааты Медердин жакындарынын азасын тең бөлүшөт.