ЖАЗЫНДА БЕТКЕ БЫРЫШ, ТАК ТҮШПӨСҮН ДЕСЕҢИЗ...

Жазында бирде күн чайыттай тийсе, бирде жамгыр төгөт, бирде шамал аркырайт. Ушундай аба ырайында бет терибиз сезимталдуулугун жогорулатат. Мындай убакта бетке кандай кам көрүү керек? “Умай косметик” медициналык борборунун дерматолог-косметологу, трихологу Адинай Исакова айтып берсин.

БЕТТИ КҮНДӨН КОРГООЧУ SPF КРЕМДИ ТАНДОО

– Жазында, жайында күндүн түз тийген нуру, шамал бет терисинин үстүңкү катмары – эпидермистин катмарланып кургашына, катууланышына алып келет. Анын натыйжасында тери түлөйт, туурулат, ар кандай тактар түшөт, клеткалар өлүп кургагандыктан бырыштар жаралат. Ошондуктан алгач бетти күндөн, ар кандай зыяндуу нерселерден коргоо кажет.

Сары же ак жуумал болсоңуз SPF 50 кремин сүйкөп, күн нуру түз тийген жерде 15-20 мүнөттөн ашык жүрбөңүз.

Бетиңиздин өңү буудай ыраң болсо SPF 30 кремин сүйкөп, күн нуру түз тийген жерде 30-40 мүнөттөн ашык жүрбөңүз.

Кара тору болсоңуз SPF 15 кремин сүйкөп, күн нуру түз тийген жерде 90 мүнөттөн ашык жүрбөңүз.

SPF крем күнгө чыгардан жарым саат мурун калың сүйкөлөт жана 2 саатка чейин коргой алат.
2 сааттан кийин бетти тазалап, кайра жаңылап сүйкөө керек. Жумушуңузга байланыштуу күн нуру түз тийген жерде жүрсөңүз шляпа, кепка кийип, күндөн коргоочу көз айнек тагынуу зарыл!


КУРАМЫНА КАРАП БЕТКЕ КАМ КӨРҮҮЧҮ КАРАЖАТ ТАНДАҢЫЗ

Териңиз сезимтал, аллергияга жакын болсо, безетки көп чыкса: мончого барбай, сүт азыктарынан, ачуу, таттуудан баш тартуу зарыл. Дарыканада сатылган атайын гипоаллергендүү, курамында гинкго билоба, рутин камтылган бет жуучу гель, тоник, крем колдонуу шарт. Бетиңизде купероз болсо С витамини менен кошо рутин ичүү сунушталат.

Бетиңиз кургап жатса: курамына эмолиенттер (какао майы, ши майы, аарынын мому, ланолин) кошулган кремдер терини жумшартып, нымдаштырып, майда бырыштарды жаза алат. Ошондой эле кремдин курамында кокос, жожоба, бадам майлары, Е витамини болсо терини нымдаштырып, азыктандырып, зыяндуу нерселерден коргойт. Мындай кремдер бет териси нормалдуу болсо да сунушталат.

Бетиңиз майлуу же аралаш (комбинированный) болсо: майлуу, куурулган, ачуу азыктардан баш тартып, курамында солицил кычкылы, жемиш кычкылы бар бет тазалоочу каражаттарды, кремдерди колдонуу керек. Мүмкүнчүлүгүңүз болсо косметолог, дерматологго кайрылып бетиңизге профессионалдуу кам көрүп, бет териңизге ылайык сунушталган каражаттарды колдонсоңуз да натыйжалуу болот.

МАСКАЛАР

Бет териңиз сезимтал болсо:

Бир картошканы аарчып-жууп, сүргүчтөн өткөзүп, бетиңизге 10 мүнөт коюп, анан жууңуз.

Мындан сырткары көк чайды демдеп, бөлмө температурасында муздаганда марлиге сиңирип алып бетке коюңуз. Булар теринин кызаруусун, сезгенүүсүн таратат, безеткинин чыгуусун азайтат.

Тактар түшүп жатса агартуу үчүн петрушка, бадыраң, каймак, каакымдан жасалган масканын түрлөрүн колдонуңуз.

Бет териңиз кургак же нормалдуу болсо:

Бир жумуртканын сарысына бир чай кашык суюк бал кошуп аралаштырып, бетке 20 мүнөт коюп, анан жууп салуу керек. Бетти азыктандырат, нымдаштырат, убак-убагы менен коюп турса мимикалык бырыштарды жазат. Ошондой эле бал, каймак кошулган маскаларды койсоңуз жаңы клеткалардын иштелип чыгышын жакшыртат, бетти нымдаштырат.

Бет териңиз майлуу же аралаш болсо:

Бир помидордун кабыгын аарчып, сүргүчтөн өткөрүп ботко даярдайбыз. Ага бир аш кашык крахмал кошуп аралаштыруу керек. Бетке 15 мүнөт коюп, анан жууйсуз. Беттин тешиктерин кичирейтет, азыктандырат, жылмакай кылат. Мөмө жемиштерден – банан, лимон, кулпунай, алмадан, ошондой эле алоэден жасалган маскалар натыйжалуу.

Маскаларды бир аптада 1-2 жолу коюуга болот.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 958, 15-21-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан