КОРООҢУЗДУ ГОРТЕНЗИЯ МЕНЕН КООЗДОҢУЗ

Гүл тууралуу кеңештерибизди улантабыз. Бул ирет корооңузга гүл өстүрүп көрүңүз. Гортензия гүлүнүн короого өстүрүүчү түрү тууралуу бул жааттагы адис Даткайым Апиева айтып берди.

ОТУРГУЗУУ

Гортензия гүлү көп жылдык гүлдөрдүн катарына кирет. Корооңузга өстүрүү үчүн көчөтүн отургузасыз. Эң башкысы, топурагын, отургуза турган жерин жакшылап даярдаш керек. Бул гүл бир аз кычкыл жана нымдуу топуракты жактырат. Ошондуктан бул гүлгө арналган даяр топурак алып келип отургузсаңыз жакшы. Күндү сүйгөн өсүмдүк, ошол эле убакта жарым көлөкө жерде да өсө алат. Мурунку жылдардагы гортензияны эрте жазда эң биринчи бүчүрлөрү пайда боло баштаган кезде түбүн жумшартып, суусун кандырып сугарып туруу керек.

СУГАРУУ

Гортензия сууну жакшы көргөн гүл. Күн ысык учурда күндө сугарыш керек, күн салкын тартып баратканда топурагынын нымдуулугуна карап азайтсаңыз болот. Айрыкча кичинекей гортензияны тез-тез сугарып туруу зарыл. Тамыры бир аз кургап калса кайра калыбына келе албай калышы мүмкүн. Тамыры жайылып, чоңойгондо тамыры аркылуу сууну жакшы тарта алат.

КАМ КӨРҮҮ

15-20 күндө бир гүлдүн ооруп калуусун алдын алып азыктандыруучу каражаттан сууга кошуп сугарып туруу керек. Мисалы, 1 кашык азотту 4-5 литр сууга кошуп, толук эригенден кийин гүлдүн тамырынан алысыраак кылып куюш керек. Ошондой эле азотту эритпей, кесектерин гүлдүн түбүнө тегерете чачып койсо да болот, сугарганда же жамгыр жааганда эрип, топуракка сиңип, тамыры аркылуу азыктанып, жалбырактары барпайып өсүп чыгат. Өзүнө керектүү азыктар жетишпей, топурагында кычкылдуулук азайып калганда жалбырактары саргайып баштайт. “Железный купорос” деген дары каражатты же лимон кычкылын сууга кошуп сугарып койсо жалбырактары кайра жашылданып калыбына келет. Топурагы ар бир мезгилде 3 жолудан 5-10 сантиметр тереңдикте жумшартылат.

Кийинки жылга сакташ үчүн күзүндө бутактарын кыскартып кыркып коёбуз. Жаз келгенде өзү бүчүр байлап, жалбырактары өсө баштайт.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Mubarak
2021-04-20 12:58:45
Мен аябай жакшы кором ушул гулду кайдан алсак болот
+1
№ 958, 15-21-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан