“АК ЖОЛТОЙЛУУ КЕЛИН БОЛ”- АКЫНДЫН КЫЗЫНА АРНАП ЖАЗГАН ЫРЫ

Кызын турмушка узатып жатканына бир чети сүйүнүп, бир чети ичи ачышып отурган акын “Ак жолтойлуу келин бол” ырын жаратты. Бул ырды жалгыз кызына насааты, батасы катары жазды. Акын кызын жанындай жакшы көрөр эле. Автокырсыкка кабылып, буту баспай 49 жыл төшөктө жатып калган таланттуу инсанга кызы күч-кубат берип турчу. Акын Өмүркул Кулумбаев ырга обон жазууну досу, иниси катары жакын адамы болгон обончу Камчыбек Жусуповго тапшырды. Аягында сөзү, обону жуурулушуп эл оозунан түшпөй ырдалчу керемет ыр жаралат.

Камчыбек Жусупов, обончу: “ЫРДЫН ОБОНУН 1 ЖУМАДА ЖАЗДЫМ”

Бул ырдын обону “Кол сунсаң боло”, “Афганистан”, “Өмүр жөнүндө толгонуу”, “Эне тилеги” жана башка бир топ популярдуу ырлардын обонун жараткан Камчыбек Жусуповго таандык. Эл оозунан түшпөй, ырдалып келаткан обондордун автору “Ак жолтойлуу келин бол” ырынын тарыхы тууралуу буларга токтолду:

– Өмүркул агай кырсыктап, баспай калган кезинде таанышып калдык. “Өмүркул Кулумбаев деген акын жакшы чыгып жатат” деп калышты. Аны менен атайын издеп барып тааныштым. Ага ырларымдан ырдап берсем, ал да көп ырларын окуп берди. Жакканын жазып алып обон чыгардым. Ошентип байкем экөөбүз жакын болуп кеттик. Нарын шаары менен Ат-Башынын ортосу жакын эмеспи, тез-тез барып кабар алып турчумун. Чогуу отуруп чыгармачылык жөнүндө көп сүйлөшчүбүз. Өрт киши болчу. Чындыгында бүркүт эле. Ошол кездеги райком, обкомдун эшигин тээп кирип Ат-Башыда кандай көйгөй болсо, дароо чечтирип койчу. Күчтүү, адамгерчиликтүү, жөнөкөй, асыл адам болчу. Өмүрүнүн акырына чейин жакын болдук. Каза болгондо аябай жаман болгом.

“Ак жолтойлуу келин бол” ырын Өмүркул агай кызы Гүлмирага арнап, турмушка чыгып жатканда жазыптыр. Мага ырды берип “Камчыке, ушуга обон жаз” деди. Текст жакшы болсо обон жакшы чыгат. 1 жумага жетпей эле обонун чыгардым. Негизи акындар ырдын текстин 30 пайыз оңдогонго уруксат беришет. Өзгөртмөйүн обон чыкпайт. Бирок бул ырдын тексти өзгөргөн жок. Анткени ал киши ушундай даамдуу жазчу. Жакшы ырларды жакшы ырчылар илип кетет турбайбы. Ошол маалда Динара Акулованын жылдызы жанып турган кези болчу. Ал 2-3 ырымды алып кеткен. Арасында ушул ыр да бар эле. Ал ырдап чыгары менен бат эле элге жайылып кетти. Тойдо ырдаган ар бир ырчы “бул ырды ырдамайын тойдун көркү чыкпайт экен” деп Гүлзат Байзакова, Жайнагүл Калчаева, Гүлназ Бекбосун кызы, “Достор” тобунун ырчылары ырдап жүрүшөт. “Ырдай бергиле” деп баарына уруксат бергем. Кыскасы, бул ырды ырдабаган киши калган жок. Фейсбуктан баян кармап алып байбичелердин ырдап жатканын да көрүп калам. Бул өмүр бою эне-баланын гимни болуп калат. Менимче, көпкө жашай турган ыр болот.

Гүлмира Кулумбаева: “АТАМДЫН БАТАСЫ УШУЛ ЫРДА КАМТЫЛГАН”

“Алтын казынага” алынган "Энекебай", "Ошол да тоолук кыргызбы?", "Таппай жүрөм", "Бүркүт да ыйлайбы?", "Кыйбасым" жана башка элүүдөн ашык обондуу ырларын жазган Өмүркул Кулумбаевдин кызы Гүлмира Кулумбаева ырдын тарыхы, атасы тууралуу айтып берди:

– Камчыбек Жусуповдун "Ак жолтойлуу келин бол" деген ырга жазган обону 1978-жылы жаралган. Теңир-Тоо аймагынын эң таланттуу обончуларынын бири катары Камчыбек Жусупов менен атам акын Өмүркул Кулумбаевдин чыгармачылык байланышы өтө көп мезгилдерди ичине камтыйт. Кийинки жылдары жараткан "Бүркүт да ыйлайбы?" деген ыры да өтө сонун жаралган. Акындын үч уул, бир кызы болгон. Кыздан жалгыз мен болгондуктанбы, айтор, атамдын ички кайгысын, лирика дүйнөсүн жакшы түшүнгөн адам катары турмуш жолуна аттанганымда атам өзүнүн батасы катары ушул ырды жаратып, Камчыбек агага текстин берген экен. Текст менен обон төп келишип, ыр ушул убакка чейин маанисин жоготпой келет. Атамдын акыл-насааты, батасы ушул ырда камтылган.

“Атам менден энесин көрчү”

– Атам менден энесин көрчү. “Эшик ачылып, сенин добушуң угулганда энем келаткандай сүйүнөм” деп калчу. Бул сөздү укканда ыйлагым келип кетчү. Менин жашоодогу ийгиликтерим, өмүрлүк жарымдын күйүмдүү чыкканы атамдын жашоосуна дем берип турса керек. Жолдошум атамды жакшы карады. Жакшы карады дегенде, атамдын жан дүйнөсүн, поэзиясын, бактысы ырларында экенин түшүндү.

Атам мөгдөп жатып калган жок. Телевидениеде атама арналган “Лира кечесин” даярдагам. Ошондо “Бүркүт да ыйлайбы?” деген популярдуу ырына байланыштуу ыйлаарын билсем да кандай жооп берет болду экен деген ойдо “ата, ыйлайсызбы?” деп сурасам, “ыйлайм, бирок кыздарыма (небере кыздарын да кошуп айтчу) көрсөтпөй ыйлайм. Кызымдын келатканын көргөндө көзүмдү аарчып, тыпыйып отуруп калам” дегени бар. Ыйлачу, бирок бизди кыйначу эмес. 49 жыл төшөктө жатса, тушалган, баспаган буту трагедиясы болсо кантип ыйлабайт? Мына, пандемия маалында 2 ай үйдө жатканга чыдаган жокпуз. Бул киши ошондой шартта өмүр бою жашады да. Ошентсе да оптимисттик маанайдагы сонун ырларды жаратты.

Атам саясатты да жакшы билчү. Патриоттук ырлары да күчтүү болчу. Журналист катары саясий, публицистикалык чыгармаларды, фельетонду жакшы жазчу. Чыгармачылыгы, төрт тарабы төп келишкен киши эле. Акындардын бири саясий лириканы жазса ошол саясат менен, бирөө сүйүүдөн чыкпай жүрө беришет. Атам саясий лириканы да, сүйүүнү да катыра жазчу.

Атам баспаганын арман кылар эле. “Жараткан мени чектеп койгон окшойт. Бассаң сенден башкача киши чыгат. Ошон үчүн тынч эле жатчы деп жаткырып койгон го. Мен бассам менден чоң саясий ишмер чыкмак” дечү. Тили курч, өткүр, сүрдүү, билими күчтүү киши болчу. Аны менен баары эле сүйлөшө алчу эмес. Атамдын кайгылуу тагдырын көрүп жашасак да, биз оптимисттик маанайда тарбияландык, жашоону сүйдүк. Биздин жашоодо дайыма эле ый болгон жок. Атамдан жеңилбей, алдыга карай умтулганды, өжөрлүктү, ыйдын канчалык өлчөмдө керек экенин, эң башкысы, өмүрдүн ар бир ирмеми кымбаттыгын үйрөндүм.

“АК ЖОЛТОЙЛУУ КЕЛИН БОЛ”

Сөзү: Өмүркул Кулумбаевдики

Обону: Камчыбек Жусуповдуку

Куп жарашып аппак жоолук баштагы,

Жаңы келин көшөгөнү аттады.

Кечээ эле сен секелек кыз элең

Эч билбеген бир оюндан башканы.

Бактылуу бол, көшөгөңөр көгөрсүн,

Бакыт конуп, бул үй кутка бөлөнсүн.

Башка жерге бүлө болуш оңойбу?

Бара-бара бардыгына көнөрсүң.

Кандай ишке деле болсо эпилдеп,

Эртең эле тилдүү чыкпа текилдеп.

Бар айтарым – бардыгына жеңил бол,

Кайын журтка ак жолтойлуу келин бол!

Бар айтарым бардыгына жеңил бол,

Кайненеңе ак жолтойлуу келин бол!

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Isikkolumkeremet
2021-04-19 10:52:14
Бири кем дуйно
+2
Burulsha
2021-04-20 23:48:41
Биздин айылдан болот эле козу тируусундо мен жаш болуп андай деле маани бербептирмин, кунуго мектепке баратып бактын колокосундо коляскасында отурганын корчумун. Анчейин деле ырларын биле берчу эмесмин.Азыр болсо биздин айылдан чыкты эле деп сыймыктанам.
+1
№ 958, 15-21-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан