Баткен облусунун Лейлек районунда Котур-Булак деген каньон бар. Ал жер өзгөчө көрүнүшү менен айырмаланат. Жергиликтүү эл “ушул жерден кино тартса укмуш чыгат” дешет. Анан дагы бул жер түрдүү жараларды кетирчү суусу тамчылап туруучу аскасы менен да белгилүү.
Бул жер эмне үчүн Котур-Булак деп аталары тууралуу Баткендин Исфана шаарынын 75 жаштагы тургуну Гүлжан Абылбекова айтып берди:
– Каньондун бир жеринде көрүнүшү колтукка окшош болгон аска бар. Асканын өйдө жагынан суу тамчылап турат. Ошол суудан улам ошол жер Котур-Булак деп аталып калган. Анткени адамдардын терисине чыккан ар түрдүү жараларды, котурду ошол сууга жууса кетип калат. Үй жаныбарларынан жуккан тери оорулары да кетет.
Бир ирет балдарым кичине кезинде 2 баламдын колуна жара чыгып калды. Врачтарга барып, алар жазып берген дарыларды сыйпадык. Бирок андан кетпеди. Эл мага “Котур-Булакка барып колдорун жуудуруп келбейсиңби?” дешти. Мен анча ишенбедим, бирок балдарды алып 2 ирет барып, колдорун жуудурдум. Жаралар кетип калды, ошондон кийин суунун касиетине ишендим.
Суу тамган жерди түрдүү канаттуулар уялашат. Менимче, алардын заңы же башка дагы бир бөлүнүп чыккан заты ошол сууга аралашып, мүмкүн, суунун жараны кетирген касиети ошондондур.
ФОТОЛОР ГАМАЛ СОРОНКУЛОВДУКУ
Канымжан Усупбекова