Адамдын көзүнүн ички челинде болжол менен 126 миллион клетка бар, алардын бардыгы жарыкка сезимтал болушат.
Бир жолку көз ирмем орточо 0,1ден 0,4 секундга чейин созулат. Дени сак жана нормалдуу абалдагы адам күнүнө 11-12 миң жолу көз ирмейт.
Адамдын көзү жалпысынан эмоциянын 55 пайызын билдире алат.
Жакшы көргөн адамын караганда каректер 45 пайызга чейин чоңоёт.
Адамдын көзү ажырата албаган дагы түстөр бар. Аларды “көрүүгө мүмкүн эмес түстөр” деп аташат.
Көз булчуңдары – денедеги эң активдүү булчуң болуп саналат.
Теория боюнча, адамдын көзү 10 миллионго чейин түстү айырмалай алат делет. Чындыгында, ал 100гө жакын түстү гана айырмалайт, ал эми кесиби түскө байланыштуу адамдар – сүрөтчүлөр, дизайнерлер – болжол менен 150 түстү айырмалашат.
Китеп, гезит окуганга караганда сүйлөп жатканда бат-баттан көз ирмейбиз.
Аялдар эркектерге караганда эки эсе көп көз ирмешет.
Жабыркаган көздүн чел кабыгын дарылаганда 48 сааттын ичинде калыбына келе алат.
Көздүн чечекейи адам ойлоп тапкан бардык камералардан ылдамыраак иштейт.
Шизофрения диагнозун көздү изилдөө менен 98 пайызга так коюуга мүмкүн.
Көк көздөр күрөң көздөргө салыштырмалуу жарыкка көбүрөөк сезимтал.
Жаңы төрөлгөн бала көз жашы жок ыйлайт. Көздөн жаш 6 аптадан баштап чыга баштайт.
Дүйнөдө 2 пайыз гана адамдын көздөрү жашыл. Ал эң сейрек кездешкен көз түсү.
Көздү ачып туруп чүчкүрө албайбыз.
Гулийпа Маметосмон кызы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-04-19 10:14:42
Зрениени жакшыртуу боюнча дагы чыгарсанар.
+2
Luna7
2021-04-19 19:52:56
Биология эжейибиз көздү ачып чүчкүрсөнөр көзүңөр чыгып кетет деп айтчу эле
0
Afrodita1993
2021-04-20 03:06:38
Luna7,чындап ошондойбу?
0
Luna7
2021-04-20 08:42:35
Afrodita1993, билбейм,жасап корунузда,көзүм чыгып кетсе луна7 күнөөлүү эмес деп тилкат жазып коюп
+5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.