Азамат Байматов: «КАПАМДЫ БАЛМУЗДАК ЖАНА КВН ЖАЗАТ»

Бойдоктор бурчу

“Супер-Инфонун” тандоосу боюнча 2009-жылдын мыкты спортчусу аталган узун бойлуу, кара каш, кара көз бул жигитти кыргыздын футбол күйөрмандарынын баары тааныйт. Күйөрмандардын арасында кыздар эле эмес, жигиттер да көп. Футбол талаасында ылдамдыкты, кылдаттыкты, тактыкты багындыра алган жигит кадимки жашоодо кандай?

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Жашы – 21
Бою, салмагы – 187 см, 77 кг
Туулган күнү, айы, жылы – 1988-жыл, 3-декабрь
Жылдыз белгиси – Жаачы
Окуган жери – КМЮА
Ким болгусу келчү – Дипломат
Ким болду – Футболчу, юрист
Учурда – “Дордой” футбол клубунун коргоочусу
Көп колдонгон сөзү – Макул
Жактырган киносу – “Дневник памяти”
Жасай алган тамагы – Палоо
Үй-бүлөдө – 6 бир тууган, уулдар­дын кичүүсү

АЗАМАТ КАНДАЙ АДАМ?
– Көңүлү куунак кезде...
Өтө сезимтал, жигит үчүн ашыкча сезимтал деп айтар элем.
– Капаланганда... Элге зыяным тийбейт. Өзүмдү өзүм жоошутуп жата берем. Кино көрөм, жарым кило балмуздакты жеп бүткүчө маанай ачылат. Таттууну аябай жакшы көрөм.
– Ачууланганда... Андайда менин жаныма жолобой эле койгон дурус. Досторум менен көңүл ачуучу жайларга барам. Унутуп салууга аракет кылам. Эгер убакыт же шарт жок болсо, балмуздак менен КВН мага жардамга келет.
– Сүйүүгө мас болуп турган кезде... Жаш бала “Сникерс” карматсаң сүйүнөт го, ошондой эле кудуңдап кубанып жүрө берем.
– Жакын адамы алдаганда... Майда-чүйдө нерсе болсо, кечирип коём. Өтө жаман жорук кылса, кечирбейм дагы, унутпайм дагы.
– Досу колдоого муктаж кезде... Негизи, саналуу эле досум бар. Тактап айтканда, экөө гана. Алар үчүн колдон келген жардамды берүүгө даярмын.
– Курсагы катуу ачып турганда... Сиркеси суу көтөрбөй калат дечү беле? Айтор, тезирээк курсакты тойгузганга аракет кылам. Бишкекте болсом, түз эле “Фаизага” жөнөйм.
– Апасын сагынганда (бул сезим барбы же өчүп калганбы?)... Ооба да, сагынганда да кандай? Апам мени кайда узатпасын, ыйлай берет. Бишкекке узатса деле, алыска жөнөтүп жатса деле. Сагынганда эле ошол абалы көз алдыма келип, жүрөгүм кадимкидей ооруп чыгат. Аябай сагынам.
– Оюн талаасында одоно ката кетирип алганда... Ката кетирбегенге аракет кылам. Кетирсем, аны унутуп, оюнду улантам. Катаң тууралуу ойлой берсең, дагы жаңылышың мүмкүн.
– Ири суммадагы акча колуна тийгенде... Өзүмө керектүү каражатты гана калтырып, калганын апама жөнөтөм. Ал – мага банк. Кийим алганым эле болбосо, тапкан каражатымдын көпчүлүк бөлүгүн үйдөгүлөргө жардам берүүгө жумшайм.
– Командаң жеңилүү ызасын тартканда... Абдан маанилүү оюндан утулуп калсак, маанай такыр эле жоголуп кетет. Чет жерде болсо, мейманканага жеткенде көз жаш чыкканга чейин жетет.
– Көңүлүңө жаккан кыз горизонттон көрүнгөндө... Анда Азамат өзүнүн эң жакшы жактарын көрсөткөнгө аракет кылат.
– Жакынкы келечекке планың... Жыл аягында жакшы эс алып, Жаңы жылды апамдар менен тосуу, кийинки жылы Европага кетүү. Андан кийинки жылы, буюрса, апамды келиндүү кылуу.
– Сен жактырган машина... БМВ жана Инфинити. Немистердин машинесинин сапаттуу жана трассада ишенимдүүлүгү, а Инфинитинин чоңдугу жагат.
– Курамында ойносом деген клубуң... Европа өлкөлөрүнүн алдыңкы командаларында.
– “Дүйнөнү эркек башкарат, эркекти аял башкарат” дейт. Сен кандай пикирдесиң... Жок, туура эмес. Аялды эркек башкарат, а үйдү аял башкарат. Ошентсе да үйдө теңчилдик болушу керек.
– Аялың сенден көп акча тапса... Мен жашаган үйдө ким канча тапканы эмес, ортодогу сый-урмат маанилүү болушу керек. Кимдин канча таап жатканын элге жарыялап отурбайбыз дагы.

Биздин Азамат ушундай. Каалаганын, ойлогонун жымсалдап отурбай, бетке айтат. Керегин талап кылганды да, сыйлачу жерде сыйлап, сүйчү жерде сүйгөндү да билет. Кыскасын айтканда, “мал болчу” жигит. Кат жазгыла, арманда калбайсыңар. Baymatov_11@mail.ru

Шаиста Шатманова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
anz
2010-10-31 18:16:44
красава Азамат так держать
0
jaz
2010-11-01 02:36:42
Omyi ey jyrogy taptaza jigit eken akildyy,birok morojnyidy kop jebe 40jashka chykpay abyshka bolyp kalasyn(tyshteryn kybylyp kalbasyn degenim da)
0
Aidaana
2010-11-02 22:44:24
ой! наш азамат=)))молодец!
0
sternchen
2010-11-03 01:54:48
syper,kele4ekte "Ronaldo,Messi,Torres" suiaktyy en muktu fytbolistterden bolyshyndy kaalaim!!iigilik!
0
Nuray
2010-11-17 02:07:16
Мага жакты. Акылдуу, жонокой (естественный), ачык, орду менен суйлогон бала экен. Кыргыздын дагы бир конулду кубандырган уулу. Деги жараткан биздин элге ыйман, нысап/топуктуулук, токтоолук/сабырдуулук, акыл-эс, кайрымдуулук берсе экен! Кыргызым деген уул-кыздары кобойсо экен. Азамат, сага жашоондо да, ишинде да чооон ийгилик каалайм. Эми биздин футбол менен таанышып чыгат окшойм )))
0
Baktyluu_Jigit
2013-10-03 22:35:04
кросавчег! Азамат Байматов патриот
0
№ 417, 29-октябрь - 4-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан