(Башы өткөн сандарда)
Аделя атасынын чалуусун албай койду. Чалуу өчөрү менен айдоочусу Айбек байкесинин номерин терди. Тилекке каршы, абонент бош эмес. Аделянын чый-пыйы чыгып улам-улам чала берди. Бул учурда Айбекке Баатыр чалып жаткан эле. Атасынан биринчи Айбекке чалып үйгө бара элек экенин айтканга аракет кылганы менен, жетишпей калды.
– Айбек, каяктасың?
– Салам алейкум, келдиңизби?
– Каяктасың дейм?
– Үйдө,- деди Айбек беймарал. Ал Аделянын үйгө бара элегинен кабары жок болчу.
– Кандайча үйдө?!- Баатыр болгон үнү менен бакырып жиберди.
– Эме...- Айбек андан ары сүйлөй албай калды.
– Иттин гана баласы, мен сага эмне дедим эле? Бир көзүң Аделяда болсун дегем! Аделя жок, чалсам албай жатат, эгер бир нерсе болсо...
Атасы Айбекти кууруп жатканын Аделя дароо түшүндү. Атасына чалып жиберди:
– Кызым, каякта жүрөсүң?
– Кыздар менен.
– Кеч болбодубу, эмнеге Айбек жаныңда жок? Кайсы жердесиң, барып алып кетем.
– Жок, өзүм барам,- Аделя телефонду өчүрүп салды.
– Эмне дейт атаң? Эрте эле үйүңө жеткирбей,- деди Байэл өзүн күнөөлүү сезе.
– Баягы эле да. “Эмне үйдө жоксуң, кайдасың?” Маанайыңызды түшүрбөй эле коюңуз.
Экөө жалдап келген машинага отуруп, шаарды көздөй жөнөштү. Жанатан эле кыялданып жылдыздарды карап жаткан кыз-жигиттин заматта үрөйү учуп, унаада үн-сөзсүз бара жатышты. Бир кезде тынчтыкты Аделя бузду.
– Сиз мени үйгө чейин жеткирбей эле түшүп калыңыз. Жакшысы, атам сизди көрбөй эле койсун. Таарынбаңыз.
– Ушуга да таарынчу беле? Андан көрө атаң сени урушпаса экен,- бетинен акырын өөп коштошуп, унаадан түшүп кетти Байэл. Машина үй жакка бурулганда Аделя эшиктин алдында турган атасынын караанын көрдү. “Тим эле мен жоголуп кеткенден бетер ары-бери басып тынчсызданып алганын” сүйлөнүп унаадан түштү.
– Кызым, каякта жүрөсүң? Апаң да жок.
– Кыздар менен жүрөм дебедимби.
– Күндүз жолукпайсыңбы...
– Чоңойбодумбу, дайыма кайтарууда жүрө беремби? Качан эркин адам болом?
– Түнгө чейин жүрбө да, заман минтип турганда.
– Заман сонун эле турат. Сиз эле ушинте бересиз. Баары эле ээн-эркин жүрбөйбү. Мен эле капастагы чымчыктай болуп. Качан болсо кадамымды санап турасыңар. Ашыкча 10 мүнөт бастым дегиче ызы-чуу,- Аделя минтип атасы менен айтышчу эмес. Кечке кайтарууда жүргөнүнөн чындап тажаган көрүнөт. Кызынын айтып жаткан сөздөрүнөн да чочулап кетти. Капас, кайтаруу дегендер эми кайдан чыкты? Бирөө муну мага тукуруп жатабы деп ойлоп жиберди. Баатыр кызынын бир нерсеге кириптер болуп калышынан коркот. Көп жылдан бери бизнесте жүрөт. Анын үстүнө көп акча ойноп турган жерде күтүлбөгөн ар кандай окуялар болуп кетери күмөнсүз. Ак көз, кара көз деген бар. Кызы курал болуп калышынан коркот. Ошон үчүн дайыма кайда жүргөнүнөн Айбек кабардар болуп турушу керек. Бул ирет ал өз ишин жакшы аткарбай жатканын билди.
– Макул, кызым, сарсанаа болуп жатпаймынбы. Көзгө басар жалгызыбыз сен болсоң... Айбекти кетирбе да кеч келе турган болсоң,- жайлана түштү.
– Анын да үй-бүлөсү бар. Менин жанымда жүрө бермек беле? Мен чоңойдум. Унааны өзүм айдасам болот. Сизди тим койсо мени сандыкка салып койгуңуз келет,- Аделя коркуткан бойдон экинчи кабатка чыгып кетти. Бөлмөсүнө кирип телефонун карады, Байэлден чалуу келиптир. “И-и, сарсанаа болгонунан” деп өзүнчө эркелетип алды. Заматта ачуусун унута түштү. Баары жакшы экенин билдирип ага кат жазып койду.
ххх
Адаттагыдай залда балдар кызуу машыгып жатышкан. Ар ким өз иши менен алек. 3-4 бала ММА боюнча беттешке чыгат. Алмаз Байэлди чакырды.
– Машыгууларды үзгүлтүккө учуратпа. Мен баягы айткан уюмдун жетекчиси менен сүйлөштүм. “Уюштуруучуларга дайындап коём” деди.
– Беттешке чыгамбы ошондо?
– Буюрса.
– Машыгууну күчөтөйүн. Салмакты дагы тууралаш керек.
– Жеңил салмакта эле чыгасың. Салмак кууштун деле кереги жок.
– Сен талкалайсың, досум,- деп жанында машыгып жаткан көк көз, кең далылуу жигит кепке аралашты. Ринг жакта жүргөн Арс агайы менен Байэлди жекире карап, жанындагысына:
– Агай эмне эле болуп жүрөт? Арабадай эле тигинисин сүйрөгөнүн койбос болду,- жактырбагандай сүйлөдү.
– Байэл жакшы беттешип жатпайбы.
– Хм,- сен да алар мененсиңби дегенсип арткы каалганы көздөй жөнөдү.
– Арс, келчи бери,- Алмаз чакырып калды.
– И-и, агай?
– Бул беттешке Байэл чыкканы жатат. Сен буга эмес, Чымкентке даярданбайсыңбы?
– Буга деле чыга берем.
– Байэл Бишкектеги эле беттешке чыгып көрсүн. Сенин тажрыйбаң бар. Чымкентте өзүңдү жакшы көрсөт. Анын үстүнө экөө удаа эле болуп калат. Андан көрө Алматыда сбор болот, сен ошол жактан машыгууну күчөт. Менеджерлер менен сүйлөшкөм.
Арс агайынын кебине муюп унчукпай калды. Мени деле ойлоп жүрүптүр деп ичинен кымыңдай түштү. Жеңилип калгандан бери Байэлди жаман көргөнүн койбоду.
– Агай, мен бүгүн стоматологго барбасам болбойт, кечки машыгууга келем,- Байэлдин түндөн бери тиши ооруп жаткан. Ал жолдо баратканда балдар үйү эсине түштү. Сабалап учкан жылдар да өткөндү унуттура албайт эмеспи. Зейнепти эстеди. Ал оору менен көп алышты. Оорусу болбогондо, балким, Байэлди балдар үйүндө өстүрмөк эмес. Ден соолугу менен алпурушуп жүрүп, баланын жүгүн моюнуна алуудан чочулап балдар үйүндө өстүрбөдүбү. Бир жолу Зейнеп ооруп ооруканада жатканда Байэлдин тиши катуу ооруду. Ана басылат, мына басылат деп оорубай калышын күтөт. Адатта кичине ооруп басылып калчу тиши бул ирет басыла турган түрү жок. Байэл эки-үч курдай мугалимине, жетекчиге тишинин ооруп жатканын айтканы менен, эч ким ага көңүл бурбай койгон. Тиши түнү катуу оорутуп, байкуш жигит көз ирмебей таң атырат. Төртүнчү күн дегенде жаагы шишип кетти. Зейнеп менен жакын мамиледеги ашпозчу аял ишке чыгып калып, Байэлдин кебетесин көрүп чочуп кеткен. Ошол күнү таанышына алып барып ооруп жаткан тишин жулдуртуп берип баланын сообуна калган. Байэл азыр да ал аялга ыраазы болуп кетти.
ххх
– Айбек, менде иштейм десең милдетиңди так аткар. Аделя кет десе кетип калганың кандай? Мен сага акчаны эмнеге төлөп жатам? Айбек, ук, мен кызымды баарына эле ишенип табыштай бербээримди билесиң. Ишеничимди акта. Мени чалынткысы келгендер кызыма залал келтиришин каалабайм. Кет десе да ким менен эмне кылып жүргөнүнөн кабардар болушуң керек.
– Макул,- Айбек шефинин жанында сөздү көбөйтпөш керек экенин жакшы билет.
– Аделяга бара бер.
Сабактан чыгып келе жаткан кыз унаада күтүп отурган Айбекти көрдү.
– Атам, ай, мунусун качан токтотот?
– Кандай, Аделя?
– Мен жакшы деңизчи, андан көрө атамдан кандай чыктыңыз?
– Угарымды уктум,- күлүп койду Айбек.
– Өзүм үчүн эмес, сиз үчүн корктум. Кетирип салбаса экен деп...
– Андан көрө тиги жигитти билип калса аны жөн койбойт. Сени андай балдарга бербейт го.
– Андай бала дегениңиз кандай? Сонун эле болуп турбайбы...
– Айбек унчуккан жок. Анда бир аз да болсо Байэл тууралуу маалымат бар. Бирок азырынча эч кимге ооз ачууга камынбай эле турат...
(Уландысы кийинки санда)