Идрис Айитбаев, төкмө акын: “БҮТ ДҮЙНӨ МАКТАП, БИРОК АЯЛЫҢ МАКТАБАСА, ЖАКШЫ ЭРКЕК ЭМЕССИҢ”

Маңдайымда бири-бирин сыйлап, бири-бирине сүйүү менен караган жубайлар отурушту. Жанында отуруп мен бактылуу болдум. “Кайсы бир үй-бүлөгө жакшы үлгү болорбуз деген ниет менен чогуу маек бергенге макул болдук” дешет алар. Анда төкмө акын Идрис Айитбаев менен жубайы Гүлбара Раимбердиеванын тамашалуу, жагымдуу, үй-бүлөлөргө үлгү боло турган маегине көңүл буруңуздар.

– Саламатсыздарбы? Кепти сиздердин таанышканыңыздардан баштасак...

Идрис Айитбаев: – Саламатчылык. Биринчи кезекте бир нерсени баса белгилеп айткым келет, коом үчүн идеалдуу үй-бүлө эмеспиз. Идеалдуу болгонго аракет кылып жаткан жаш жубайларбыз. Үйлөнүү – тагдыр, талак берүү – чечим. Чечимди өзү кабыл алып, тагдырга шылтагандар көп. Биз университетте таанышканбыз. Мен Кыргыз-Өзбек университетинде дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер факультетинин англис тили бөлүмүндө окудум. Келинчегим болсо араб тили бөлүмүндө менден бир курс ылдый окуду. Мен 2-курста англис тилинен репетитор болуп иштеп баштагам. Гүлбара сабагыма келип калды. Ошентип колго түштү (күлүп). Көңүлүмө толуп, “окуу бүткөндө тагдыр насип кылса ушул кызга үйлөнсөм” деген тилек пайда болду. Ошентип баш коштук.

– Колун кантип сурадыңыз эле?

И.: – Кыздар кыйынсыңар негизи. 5-курста окуп жатканында колун сурасам эжелери “окуусун бүтсүн, коё тур” деп коюшту. Күттүм. Окуусун бүткөндөн кийин Гүлбарадан “колумду сурап келип жатышат” деген каттар келе баштады. Мен буга ишенип эле үйлөнүп алыптырмын. Көрсө, мунун өзүнүн эле планы экен. Эми билдим (күлүп).

Гүлбара Раимбердиева: – Тамашалабай айтыңыз (күлүп).

– Келиндин келгендегиси эстен кетпейт дешет...

И.: – Мен Өзбекстанда чоңойгондугума байланыштуу келинчегимди бул жакта жашаган таежемдин үйүнө алып баргам. Той болгон эмес. Кафеге досторубузду чогултуп тамактанып, тилек айтып кетип калганбыз. Бир чети боорум ачыйт, башка келиндердей болуп үлпөт көйнөк кийген жок. Той ресторанда өткөн жок, кайын эне-кайын атасыныкына алып бара алган жокмун. Ошолорду ойлоп Гүлбара бир топ эрдик жасаптыр деп коём, өзүнө да рахмат айтам. Колун сурап жатканда “менин дипломумдан башка эч нерсем жок. Сүйүүм бар, бирок үйүм жок. Күйөөгө чыкканга даярсыңбы?” дегем. Макул болуп эрдик кылыптыр, азамат. Баш коштук, батирден-батирге көчүп жашадык. Кудайга шүгүр, азыр өз үйүбүз, бала-чакабыз бар.

– Жубайыңыздын дагы кайсы сапаттары жагат?

И.: – Аял киши болгону менен 6-7 эр кишиден эрктүү. Эрктүүлүгү, чечкиндүүлүгү жагат. Мага бүт нерсени үнөмдөп колдонгонду үйрөттү. Мурда акчаны чача берчүмүн. “Атасы, муну үнөмдөйлү” десе, “сен аралашпа, ал мындай болот” деп кыйын болчумун. Кийин кыйналганда өзүм жардам берип жүргөн кишилерден да жардам ала албай калганда чекем ташка катуу тийди. Ошондон кийин тапкан акчамды келинчегиме берип, “чогулталы” деп калдым. Бир күнү карасам бир унаага жетчүдөй акча чогултуп коюптур. Кыйын ай бул киши. Ошентип унаа алдык. Кийин үй алдык. Ата-энеме да үй алып бердик. Максаттарыбыз ишке ашкандан кийин акчаны кайра өзүм кармай баштадым (күлүп).

– Гүлбара айым, кайненеңиз менен оңой эле тил табыштыңыздарбы?

Г.: – Ар бир мамиле адамдын оюнда түптөлөт. Балдарыбызга жакшы ойду сиңирип тарбиялашыбыз керек. Биз кыздарыбызга "мындай кылсаң кайненең кууп чыгат” деп жаман ойду сиңирип, кайненени душман кылып коёбуз. Кыз бала “кайненем мени баары бир жактырбайт” дегенге ишенип чоңоёт. Жаманды издеген жаманды табат. Адамдардан жакшы сапатты издешибиз керек.

И.: – Сени ушул үчүн жакшы көрөм да.

Г.: – Биз 2009-жылы үйлөнсөк, 2010-жылы чек ара маселеси пайда болду. Кайнене-кайнатам менен телефон аркылуу гана байланышып жүрдүк. 2017-жылы алар бул жакка көчүп келгенде гана келиндик кызмат кыла баштадым. Пандемия учурунда 2 ай кызмат кылып, жаңы келиндик доорду ошондо сүрдүм. Кайненем экөөбүздүн мамилебиз аябай жакшы.

– Үй-бүлө ынтымактуу болуш үчүн эмне кылыш керек?

Г.: – Жубайлар бири-биринин ой-пикирин уга билиши керек. Ар бири “өз билгенимди кылам” дей берсе, үйдө чыр-чатак башталат. Аялдын өз орду, эркектин өз орду бар. Эркектин ордун талашкан аялдар бар. “Ал кыла албайт” деп чечим чыгарып коюшкан. Жолдошуңуздун жүгүн сиз алып алсаңыз, ал эмне кылмак эле? Жолдошум эрктүү, чечкиндүү, колунан баары келет деп мактап-жактап, ага дем-күч, ишеним берип туруш керек. Тамак жасаганда да жакшы тилек кылыш керек, тамак аркылуу энергия жугат.

– Идрис мырза гүл берип кубантып турат экен...

Г.: – Жаңы үйлөнгөндө тез-тезден гүл берип турчу. Бир жолу “мунун ордуна керектүү нерсе алсаңыз болмок, бекер соолуп калат” дегем. Кийин гүл бербей калганда “кечирип коюңуз, гүл бере бериңиз” деп суранып жатып ордуна келтирдим.

И.: – Гүлдүн ордуна депкир, чөмүч, кашык берип жүрдүм (күлүп). Биринчи жолу гүл алганы барсам сатуучу байке “туулган күнбү?” деп сурады. “Жөн эле аялыма алып жатам” десем, “жөн эле гүл берсе да болобу, түшүңдөн чочудуңбу?” деп таң калды. Биз, жигиттер, чыныгы сүйүүнүн кадырына жетпей, маанисин түшүнө албай жатабыз. Буюмга кылган мамилени адамга кыла албайт экенбиз. Энемден калган идиш деп кастарлап карайсың. Кайнене-кайнатамдан алгам деп аялыбызды деле сыйлабайлыбы. Аял Аллахтын аманаты, ага кыянат кылбаш керек. Бүт дүйнө сени мактаса да, аялың мактабай жатса, анда сен жакшы эркек эмессиң. Жакшы сөздү эң биринчи өз аялыңа, ата-энеңе, балдарыңа айтышың керек.

– Сиздердин үйдө деле пикир келишпестиктер болсо керек...

И.: – Көбүнчө үй-бүлөлөрдө түшүнбөстүк майда нерседен чыгат. “Бул кийим эмнеге жерде жатат, идиш эмнеге жуулбады?” деп эркектер майдаланып кеттик. Идиш жуулат, үй жыйналат, майдаланбай жөн кой. Бизде бул кишинин ачуусу келсе мен унчукпай отуруп берем. Менин жиним келгенде бул унчукпайт. Бир аздан кийин “кандай анан?” деп табышып алабыз. Жаңы үйлөнгөндө бул “ар-р” десе, мен да “ар-р” дейт элем. Кийин мындай болбойт экен деп изденип, китеп окуй баштадык. Ошентип бири-бирибизди тарбияладык.

– Балдарыңыздарды кандай тарбиялайсыздар?

Г.: – Биздин 3 кызыбыз бар. Мен аларды катуу кармайм, жолдошум жумшак. Ошол темада кыйналдык. Атабыздын жумуштан бошобой, балдар уктаганда келип, көңүл бурбаган учуру болду.

И.: – Ооба, бир учурда кыздарымдын тарбиясында ата катары ордум жок экенин байкадым. Ошондуктан тойдо тамадалык кылбай калдым. Азыр кечинде кыздарыма көңүл бурууга убактым бар. Эне мектеп болсо, ата мектептеги жүз мугалимге барабар.

– Гүлбара айым, Идрис мырзанын айтышка кадам таштаганын кандай кабыл алдыңыз эле?

Г.: – Чоң сахнага чыгат деп ойлобоптурмун. Сахнага чыгып айтышып баштаганда аябай уялдым. Ката айтып койсочу, сөз таппай уят болуп калсачы деп тынчсыздандым. Өкүл апабызга “айтып коюңузчу, чыкпай эле койсунчу. Караңызчы, дагы чыгып алды” деп арыздана берчүмүн. Азыр көнүп калдым. Сынымды, кеңешимди айтып турам. Сындасам, “баарына жаксам да, сага жакпай койдум” дей берчү. Азыр кеңешимди угат.

И.: – Акыры жеңилдик да (күлүп).

– Бактыңар соолубасын!

Перизат Музуратбекова

 Кыстарылган видео 
Идрис Айитбаев: “Дүйнө мактап, бирок аялың мактабаса, жакшы эркек эмессиң”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
alaialaibekov
2021-04-26 09:43:57
Мыкты маек болуптур .Бактылуу болгула !
+9
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-04-26 20:30:09
Көрсө бактылуу болуш үчүн көп нерсе талап кылынбайт экен...мисалы аялдарга себепсиз гүл алып келсе кандай сүйүнөбүз,жакшы сөзүн арнаса биз аялдар баарын кылганга даярбыз.
+8
Haanykeim
2021-04-29 02:48:42
Эргүү менен көрдүм..Ушундай маектер көп болсун..
+2
№ 959, 22-28-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан