AIRTAG МАЯЧОГУ ИЗДЕГЕН НЕРСЕҢИЗДИ ТААП БЕРЕТ

Машинанын ачкычын же капчыкты түшүрүп алып, издеп көп убара тартабыз. Эми Apple компаниясынын AirTag маячогу чоң жардамчы болот, анткени ал сатыкка чыкты. Баасы канча десеңиз, 29 АКШ доллары. Эгер iPhone 11 же 12 көтөрсөңүз ойлонбой эле ала бериңиз, ушул смартфондор аркылуу иштейт. Маячок бир нече жылдан бери иштелип келген. Ага издеп табуучу U1 чиби орнотулган, NFC жана Bluetooth LE менен чектелүү аралыкка чейин байланыш түзүп, үн чыгаруу менен кайсы жакта экенин билдирет. Ал эми издеп жаткан нерсе алыс жерде болсо локатор аркылуу тапса болот. Аны ачкычтын брелогуна, капчыкка жана башка нерселерге тагып сатыкка чыгарышты.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 959, 22-28-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан