Тааный жүрүңүз
Бүгүн бизде конокто сулуу десең сулуу, акылдуу десең акылдуу, бийчи десең бийчи, кыскасы, төгөрөгү төп келген, “Назик” бий тобунун бийчиси – Асел Кудайбердиева. Анда эмесе, бийчи кыздын дүйнөсүнө саякат жасайлы...
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Аты-жөнү – Асел Кудайбердиева
Туулган күнү – 3-октябрь
Жылдыз белгиси – Тараза
Бою, салмагы – 163 см, 53 кг
Чачы менен көзүнүн түсү – Капкара
Билими – КОСУ, 4-курс, экономика факультети
Каалап көргөн киносу – Мелодрама, индия фильмдери
Сүйүп окуган чыгармалары – Сүйүү романдары
Жактырган музыкасы – Поп жанрындагы ырлар
Кумири – Апасы
Билген тили – Орус, англис тили Саясатка кызыгат. Саясий көз карашы: Албетте, демократия! Тамеки чекпейт, ичимдик ичпейт
– Асел, маегибизди сыртта өкүм сүргөн коңур күздөн баштасак. Күз мезгили маанайыңды бузбай элеби?
– Мага күз мезгили аябай жагат. Биринчиден, туулган күнүм күзүндө. Аба ырайы өтө ысык, суук да эмес. Бул мезгилде бизде иш да, кызыктуу күндөр да арбын. Кыскасы, күз мезгили мага жакшы маанайды тартуулап, жагымдуу күндөрдү башымдан өткөрүп жатам.
– Убакыт өткөн сайын балалык доор алтын экенин түшүнүп келебиз. Балалыгың жөнүндө айта кетсең.
– Менин балалыгым чынында эле алтын балалык десем болот. Бишкек шаарында туулуп-өстүм. Шаарыбыздагы №5-мектепти аяктадым. Мектепте жакшы эле окугам. Курбу кыздар менен топтолуп, күлүп-ойноп, кээде шоктук кылып эле окуучулук күндөр өткөн.
– Азыр балалыгыңдагы кылган жоруктарыңдын кайсынысынан уялып каласың?
– Эми кээде кылган шоктуктарымдан уялып, күлүп эстеп калам. Ата-энем жакшы тарбия бергендиктен, андай деле жер карачу жоруктарым жок го дейм.
– Ата-эне демекчи, алар жөнүндө сөз кыла кетсең.
– Менин эң кымбат, ыйык адамдарым, албетте, ата-энем. Атам Кушбак, апам Махабат жеке ишкерлер. Шоу-бизнестен алыс болгондоруна карабай, мени ар дайым колдоп, ийгиликтериме кубанып келишет. Эки бир тууганбыз. Менден кийин Марат аттуу иним бар. Ал да мени колдоп, мени менен сыймыктанат.
– Ал эми азыркы Аселди бийчи кылып тааныткан “Назик”бий тобуна кандайча келип калдың?
– Негизи, кичинемден эле бий менен алектенип келем. Анан 8-классымда Назик эженин бий ийримине келдик. Биринчи, жазылбай эле, сыноого келип мамилесин, сабак өткөнүн байкадык. Бизге баары жагып, ошентип, бийлеп калдым. Быйыл “Назик” тобунда бийлегениме 7 жылдын жүзү болуп отурат. Азыркы кезде бийлеп жана жаш кыздарды бийге үйрөтүп жатам.
– Форма тиктирүүдө каражат жагынан ким жардам берет? Капчыктуу демөөрчүлөрүңөр барбы?
– Бизде демөөрчү деген жок. Өзүбүздү өзүбүз каржылайбыз. Эч кимге көз каранды эмеспиз. Көз каранды болгонду да каалабайбыз. Форма жаатында болсо, ателье менен иштешебиз. Башында ата-энелерибиз жардам берчү. Кийин баарына өзүбүздүн күчүбүз менен жетишип кеткенибизге сыймыктанам.
– Аселди эмне сүйүндүрөт да, эмне өкүндүрөт?
– Мени сүйүндүргөнү ата-энемдин, жакындарымдын аман болуп, жанымда болгону. Жана да кыздарга сабак берип, билген жакшы нерселеримди башкаларга үйрөтүп жатканыма сүйүнөм. Өкүнүч жагына келсем, убакыттын тез өтүп жатканы бир аз өкүндүрөт.
– Кандай кыялдарың бар?
– Кичинемде дүйнө жүзүн кыдырып келүүнү кыялданчумун. Азыркы учурда ушул убакыт өтпөй турса го деп кыялданам. Жакшы адамга жолугуп, жакшы адам болсом деп ойлоном.
– Бала багып, үйдө отурганыңды элестете аласыңбы?
– Албетте, элестете алам. Ар бир эле аялзатынын тилеги балалуу болуп, тарбия берүү болсо керек.
– Өзүңдү кайсы мультфильмдеги каарманга окшоштурасың?
– (Күлүп). Жакшы тааныштар курбу кызым экөөбүздү «булар Тимон и Пумбага окшош» деп тийишип калышат. Ошондо мен Пумба болсом керек. А өзүмдү болсо, Золушка сыяктуу жакшы каарманга окшоштургум келет.
– Көпчүлүккө сенин “Супер-Инфонун” жарнамалык ролигине тартылганың белгилүү. Кандайча тартылып калдың эле?
– Назик эже аркылуу роликти тарткан режиссёр мени чакырган. Ошентип тартылып калгам. Чындыгында, бир аз кыйналгам. Мирбек Атабековду түз карай албай аябай уялгам. Бирок жыйынтыгында, ролик жакшы тартылган деп ойлойм.
– Жеке жашооңо кайрылсак. Жигитиң барбы? Кандай жигиттер көңүлүңө төп келет?
– Негизи, чыныгы сүйүүгө кабыла элекмин. Андыктан жигитим жок. Мага чечкиндүү, ыймандуу, адамгерчиликтүү жана чыныгы эркектик намысты карманган жигиттер жагат.
– “Сулуулук эч нерсеге арзыбайт, эгер ага суктанбаса” деп айтылгандай, сулуулугуңа суктанган, артыңдан ээрчиген күйөрмандарың көп болсо керек?
– Эми андай күйөрмандар көп эле. Негедир мага көбүнчө 30 жаштан өтүп калган байкелер тийишип калышат. Ошого кээде жиним келип кетет. А мүмкүн, чынында эле алар сиз айткандай, менин сулуулугума суктанышар...
– Кыргыз болуп төрөлгөнүңө өкүнбөйсүңбү?
– Жок! Мен эч өкүнбөйм! Сыймыктанам кыргыздын кызы экениме.
– Анда кыргыз элине эки ооз сөз.
– Кыргыз элине биримдик, кайрат каалайм. Жерибизде тынччылык болсун. Кыргыз элине ишенем, азыркы кездеги оор сыноодон татыктуу чыгып кете алабыз деп. Кудай буюрса, келечекте парламенттин трибунасына туруп, кыргыз элиме жардамымды берсем дейм.
Залкарбек Карабалаев
star@super.kg