TESLA ЭЛЕКТР УНААСЫ ЭКИ АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛДЫ

Илон Масктын долбоору менен иштелип чыккан Tesla электр унаасы эки адамдын өмүрүн алды. Эки жүргүнчү салып, айдоочусуз катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа бакты сүзүп, күйүп кеткен. Бул жол кырсыгы 17-апрелде Техас штатында орун алды. Мындай жагымсыз окуядан улам Tesla компаниясынын акциясы 3,5 пайызг а түшүп кетсе, компаниянын жетекчиси Илон Масктын кирешеси бир саатта эле 5 миллиард долларга азайган. Дүйнөлүк миллиардер электр унаага, компаниянын ишине карата айтылган сындарга “жол кырсыгынын келип чыгышы электр унаада эмес, анда айдоочуга жардам функциясы өчүк болгон, ошондой эле автопилот толук кошулган эмес” деп Твиттерге жооп жазды. Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Акыркы жылдары мындай унаа менен 27 жол кырсыгы катталган, ошентсе да адамдык фактор менен катталган жол кырсыгы өтө көп экендиги белгилүү. Электр унаанын колдонуу эрежелеринде унааны автопилот режимине койгондо да айдоочу ошол жакта отурушу керек деп жазылганын Tesla компаниясы маалымдады.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
XATSAN125
2021-04-26 11:11:17
Тесла дан бологу 2000000 адамдын омурун алдыго
+3
Erlan_95
2021-04-26 15:10:52
27 авария болсо бул капель в океане го.
+1
Rifle_I
2021-04-28 01:36:00
0
№ 959, 22-28-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан