ЭЛДИН САНЫ 6,6 МИЛЛИОНГО ЖЕТТИ...

  • Өлкөдө коронавирусту дарылоонун 5-протоколу иштелип чыкканы айтылды.
  • Үстүбүздөгү жылдын 3 айында Бишкекте балдар катышкан 93 жол кырсыгы катталды.
  • Замирбек Малабеков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
  • "Жыл башынан бери Баткенде контрабандалык 80 тоннадан ашык күйүүчү май колго түштү",- деп билдирет УКМК.
  • Парламентте депутаттар Дооронбек Садырбаевдин эстелигин коюуга жер бөлүп берүү сунушун айтышты.
  • 2021-жылга карата Кыргыз өлкөсүндө элдин саны 6 миллион 637 миңди түздү.
  • Нурдөөлөт Базарбаев саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды.
  • 2021-жылга карата Орусиянын жогорку окуу жайларында 16 миңдей Кыргыз жараны билим алып жатканы айтылды.
  • Бишкек мэриясы: COVID-19 илдетинен улам быйыл 29-апрель – Бишкек шаарынын күнү жана 9-май – Жеңиш күнү массалык түрдө майрамдалбайт.
  • “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында Ош шаарына 600 видеокамера орнотулат.
  • Сузак районунда жер көчкү түшүү коркунучу бар аймактан 14 үй-бүлө көчүрүлдү.
  • Ош шаарында бала бакчада 5 жашар кыз сабалып, окуя боюнча териштирүү жүрүүдө.
  • Бишкекте 21-апрелге карата АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 50 сомдон ашты, АИ-92 үлгүсү 48,50 сомдон сатылууда.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 959, 22-28-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан