АЙЫЛ ЧАРБАСЫН КАРЖЫЛОО-9

«Айыл Банк» ААКсы мамлекеттик «Айыл чарбасын каржылоо-9» программасы боюнча «Айыл чарба азык-түлүгүн кайра иштетүү» категориясына кирген чарба жүргүзүүчү субъект­терге жеңилдетилген кредиттерди берүүнү улантып жатат.

Бул программанын алкагында, дыйкандар жана фермерлерге керектүү сумманы жеңилдетилген пайыздык чендер менен алууга мүмкүнчүлүк берилет. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин ичинен төмөнкүлөргө артыкчылыктар берилет:

1) Экспортко багытталган айыл чарба азык-түлүгүн өндүргөндөргө;

2) Долбоорго катышкан жергиликтүү өндүрүүчүлөр, айыл чарба азык-түлүгүн сунуштоочулар менен келишим жана/же контракт түзгөндөргө.

"Айыл чарба азык-түлүгүн кайра иштетүү” категориясына:

1) айыл чарба азык-түлүгүн (дан эгиндерин, буурчактарды, эт азыгын, терини, жүндү, ири мүйүздүү мал жана майда жандыктардын сүтүн) кайра иштетүү;

2) балыкты консервациялоо жана балык этин кайра иштетүү;

3) мөмө-жемиштерди, жашылчаларды консервациялоо, кайра иштетүү;

4) өсүмдүк майларын жана тоң майларды жасап чыгаруу;

5) мал-жандык үчүн жем-чөп даярдоо;

6) минералдык сууларды эске албаганда, айыл чарба азык-түлүгүнөн тамак-аш азыктарын жасап чыгаруу (анын ичинде чийки заттардан да);

7) жашылчаларды сактоону кошо алганда, айыл чарба азык-түлүгүн атайын идиштерге салып таңгактоо, кампага жыюу жана сактоо;

8) мал жана канаттууларды союп даярдоочу цехтер;

9) жүндү иштетүү, андан буюмдарды жасоо;

10) айыл чяарба азык-түлүгүн сатып алууну уюштуруу, сактоо, ташып жеткирүү жана сатып өткөрүү логистикалык борборлору кирет.

КРЕДИТ АЛУУ ҮЧҮН ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАР

Жеке ишкерлерден:

- Паспорттун түп нускасы (кардардыкы/кардардын жубайыныкы/күрөө берүүчүнүкү);

- Нике тууралуу күбөлүк;

- Нотариустан күбөлөндүрүлгөн макулдук (кыймылсыз мүлктү күрөөгө койгонго,

кредит алганга);

- Ишмердиги тууралуу жана күрөөгө коюлуучу кыймылсыз мүлктүн иш кагаздары.

Юридикалык жактардан:

- Нике тууралуу күбөлүк;

- Паспорттун түп нускасы (жетекчиники/бухгалтердики/күрөө берүүчүнүкү);

- Нотариустан күбөлөндүрүлгөн макулдук (кыймылсыз мүлктү күрөөгө койгонго);

- Ишкананын уюштуруу иш кагаздары (устав, кредит алуу тууралуу чечим, каржылык отчёттор);

- Ишмердиги тууралуу жана күрөөгө коюлуучу кыймылсыз мүлктүн иш-кагаздары.

Ошондой эле Банк ишинин түрүнө жана "Айыл чарбасын каржылоо-9" долбоорунун шарттарына жараша кошумча документтерди сурай алат.

ПАЙЫЗДЫК ЧЕН: 6%
КРЕДИТ МӨӨНӨТҮ: 60 АЙГА ЧЕЙИН

Жеңилдиктер каралган мезгил:

1) 60 айдан кийин кайтарылууга тийиш болгон кредиттер 12 айга чейин карыздын негизги суммасы боюнча төлөмдөрдү төлөөдөн толук бошотулат;

2) 36 айдан кийин кайтарылууга тийиш болгон кредиттер 6 айга чейин карызды негизги суммасы боюнча төлөмдөрдү төлөөдөн толук бошотулат.

Натыйжалуу пайыздык чен: 6,16%дан баштап.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 959, 22-28-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан