КЫРГЫЗ ЫРЛАРЫНЫН БААСЫ КАНЧА?

Ырчынын ийгилиги анын аткарган ырынан түздөн-түз көз каранды экени түшү­нүк­түү. Андыктан, ырчылар бүгүнкү күндө жакшы ырларды сатып алуудан баш тартышпайт. Кыргызстанда шоу-бизнес өскөн сайын ыр сатуу бизнеси да улам күч алгандан күч алып барат. Бул саныбызда кайсы ырчы кайсы ырын канча сомго сатып алганын териштирип көрдүк.

Гүлнур Сатылганова
Гүлнур айым чыгармачылыкка өтө кылдаттык менен мамиле кылат. Андыктан, “менин ушул ырымды ырдап койчу, бекер эле берем” деген авторлордун көпчүлүгүнүн сунушун четке кагат. Гүлнурдун айрыкча акыркы кездердеги хит ырларынын баары сатылып алынган. Бирок, бир дагы ырды толук даяр варианты менен албайт. Сөзүнө өзүнчө, обонуна өзүнчө заказ берип, аранжировкасын өзү жасатмайынча көңүлү тойбойт. Ырчы акыркы кездерде хит болгон ырларынын ичинен “Сени эстеп” деген ырын Райхан Бейшеналиевадан 300 долларга сатып алса, “Сүйүү күчү” менен “Апакем” аттуу ырларынын ар бирин Эркин Мээркановдон 200 доллардан сатып алган.

Мирбек Атабеков
Мирбек Атабековдун учурда популярдуулуктун туу чокусуна жеткен “Не моя” ыры мындан эки жыл мурун 2 миң сомго сатылып алынган. Ырдын автору акын кыз Дастан Жакен Мирбектин продюсери Канат Култаевге он чакты ырын алып келип, арасынан жакканын сатып алууну сунуштаган. Сөзү менен обону даяр ырларын автор өзү ырдап бергенде Канат “Не мояны” дароо эле жактырып, убагы келгенде хитке айланаарын сезген. Чөнтөгүндө акчасы даяр болгондуктан, эч ойлонбой туруп 2 миң сомду санап берген да, ырды алып калган эле. Бирок, анда Мирбек менен тааныш эмес болчу. Качан гана экөө таанышып, иштеше башташканда Канат ырды Мирбекке берип, сөзү менен обону даяр бул ырга Мирбек өзү аранжировка жасаткан. Канаттын андагы божомолу так чыгып, эми минтип “Не моя” Мирбектин ийгилигине ийгилик кошуп отурат.

Аткаруучуларга авторлордун өз калеминен жаралган ырларын сатуусу тээ алмустактан келе жаткан көрүнүш. Кээде авторлор аткаруучуларга ырларын өздөрү сунуш кылышса, көпчүлүк учурда ырчылар өздөрү заказ беришет. Көбүнчө ырчыларга обонун башка бирөөдөн, сөзүн башка бирөөдөн сатып алып, аранжировкасын башкага жасатууга туура келет. Кыргызстанда бир ырдын баасы 2 миң сомдон 300-400 долларга чейин жетет. Бул баалар ырдын профессионалдуу жазылышынан тышкары эки тараптын мамилесине жараша болот. Сатылып алынган ыр толук бойдон аткаруучунун менчигине өтөт да, аны башка бирөөнүн ырдап чыкканга укугу жок болот.

Айчүрөк Иманалиева
Айчүрөк жаңыдан сахнага баш багып, Тарас Асанакуновдун “Тоо булагым”, “Аккуу белең айперим”, “Роза гүлүм” жана башка ырларын ырдап жүргөн маалда ырга акча төлөө жөнүндө түшүнүгү да жок болчу. Кийинчерээк гана бул нерсеге өзү туш боло баштады. Айчүрөк Иманалиева Эрик Кадырбаев менен Бакыт Айтбосуновдон алган ырларынын дээрлик баарын акчасына сатып алат. Алгач алардын ырлары 100 доллардын тегерегинде болчу. Убакыт өткөн сайын улам көтөрү­лүп отуруп азыр бул авторлордон ырчы бир ырын 300 долларга сатып алат. Мындай сатылып алынган ырларга Айчүрөктүн аткаруусундагы “Арноо”, “Жамгырлуу түн” жана башка ырлары кирет. Ырчынын эң кымбат ыры 700 долларга түш­көн. Ал “Славян базары” конкурсуна даярдаган белорус тилиндеги ыр болчу.

Султан Садыралиев
Султан Садыралиевдин сатып алган ырларына учурдагы популярдуу ыры “Жөнөкөй жигит” жана жаңы чыккан ыры “Кыялкеч” кирет. “Жөнөкөй жигитти” сөзү, обону, аранжировкасы менен Оштон Бахрам Азимов аттуу музыканттан 5 миң сомго сатып алышкан да, өзбек тилиндеги бул ырды продюсери менен Султан кыргыз тилине өздөрү которушкан. Султанга көп эле ырлар белекке келет. Бирок, качан популярдуу болуп калганда ырдын автору менен ар кандай келишпестиктер чыккан учурлар болгон. Мындай келишпестик Султандын “Махабатым”, “Мухаммед” жана башка ырларынын автору Ташкент кызы Гүл менен болгонун жазганбыз. Айта кетчү нерсе, азыр Султан менен Гүл тыгыз иштешип жатышат.

Мирбек Иманбеков
Мирбек Иманбековдун “Сү­йүүнүн керемети” аттуу жагымдуу ырын продюсери Мирбекке Замир Казакбаевден 2 миң сомго сатып берген. Ыр популярдуу болуп, клиби чыккан соң бул ырга казак туугандар көз артышып, алардан Асыл Аппасовага “ушул ырды бизге саткыла” деген сунуш түшкөн.

Ирлан Таалайбеков
Жаш ырчы жигит Ирлан Таалайбеков ырдаган “Окуучу кыздын” сөзү, обону куудул Жакут Сыдыковго таандык. Ирлан жаңыдан сахнага келгенде Ирландын продюсери Асыл Аппасова ага 100 долларга бул ырды сатып берген. Ырдын угармандары көбөйүп, эл арасына кеңири тарай баштаганда Жакут Ирландан дагы 400 доллар сурап, “болбосо, клип тарттырбайсыңар” деген талап койгон. Бирок, Жакут сураган сумманы продюсер ага берген эмес. Натыйжада, ырга клип тартылбай калган.

Алихан
Жаңыдан чыгып келаткан жаш ырчы Алихандын “Ашыкмын” ыры да сатылып алынган ыр. Мунун сөзү Жыргалбек Шакировдуку, обону Замир Мырзаныкы. Ыр Алиханга сөзү, обону, ал тургай аранжировкасы менен даяр түрүндө келген. Алихандын продюсери Канат Култаев ырдын сөзү үчүн авторго 50 доллар берсе, аранжировкасы үчүн Замир Мырзага 50 доллар төлөгөн. Ал эми обону бекер түшкөн. Анткени, Канат менен Замир жакшы ага-ини санаалаштардан болгондуктан, Замир, ырдын обону үчүн акча доолаган эмес.

Жогоруда аты аталган ырчылардан башка ырчыларда да ыр сатып алгандар кездешет. Ошол эле учурда такыр башка бирөөдөн ыр сатып албай, жалаң өздөрү жазгандар бар. Мисалы, Урмат Усенов өзүнө гана эмес, сах­налаш досторунун дээрлик баарына ыр жазып, сөзү, обону менен жөн гана белек катары берип койгон. Съездбек Искеналиев болсо ырларынын обондорун өзү жазып, сөздөрүн улуу акындардан белек катары алат.

Даярдаган Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 239, 1-7-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан