Жашоого жана эркиндикке татыктуу адам – бул күндө алар үчүн күрөшкө чыккан адам (Иоганн Вольфганг Гёте).
Жашоо – бул көз ирмем. Аны алгач кир баракта жашап, аны кайра таза баракка көчүрүү мүмкүн эмес (Антон Чехов).
Ар бир адам өзүнчө дүйнө, ал ошол дүйнө менен төрөлөт жана өлөт (Генрих Гейне).
Биздин убактыбыз чектелүү, аны башканын жашоосу менен жашап коротпогула (Стив Жонс).
Сенин жашооңдо маанилүү 2 күн бар, бири – сен төрөлгөн күн, экинчиси – эмне үчүн жарыкка келгениңди аңдап-билген күн (Марк Твен).
Ар бир адам адамзатты өзгөрткүсү келет, бирок эч ким өзүн өзгөртүүнү ойлобойт (Лев Толстой).
Жол болбостук – башынан баштоого мүмкүнчүлүк, бирок бул ирет акылдуураак болуп (Генри Форд).
Батыраак үйрөнчү 3 учур – 7 жашка чейинки кез, тренингде, анан жашоо сени туңгуюкка камаганда (Стивен Кови).
Дайыма эң оор жолду тандагыла, анткени андан атаандашты кездештирбейсиң (Шарль де Голль).
Бүт дүйнө сага каршы чыккандай кезде учак шамалдын багыты менен эмес, ага каршы уча турганын эстегин (Генри Форд).
Жашоо канча жыл жашаганың менен ченелбейт, ошол жылдарда канча чыныгы жашоо болгондугу менен ченелет (Авраам Линкольн).
Бактылуу болууга жалгыз жол – бул чөйрөгө пайда алып келүү (Ханс Кристиан Андерсен).
Акылдуу адам баарын өзүнөн талап кылса, акылсыз адам башкалардан талап кылат (Лев Толстой).
Жашоо – бул өткөн күндөр эмес, эсте калган күндөр (Пётр Павленко).
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
zhazgul98
2021-04-26 09:04:48
Эн сонун ойлор экен
+1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.