СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Бири-биринен көзүн албай турушту. “Кантип эле ушундай болсун?” деп жатты Рустам дагы деле ишене албай.
– Сенби?
– Менмин, Айданамын. Кандайсың, Рустам?
Жай сүйлөп, жылмайганга аракет кылганы менен, көзүнөн жаштар мөлтүрөп бара жатты.
– Ата, бул ким?
Сезимтал бала экөөнүн ортосунда кандай сезимдер алпурушуп жатканын сезгендей сурады. Жашын жута жылмайган Айдана баланын башынан сылап койду. Ушул учурда өзүнөн көзү өтүп турган аялын көргөн Рустам боюн түзөй коноктор жакка өттү.
Апасы алдынан чыгып маңдайынан өпкөнүн да, атасынын колун кыса жүзүнө табышмактуу тигилгенин да сезген жок. Куттуктоолорго башын ийкеп, жылмайып турганы менен, башы дүңгүрөп, эмне кылып жатканын сезип да, сезбей да турду. Бир билгени, муңайым жылмайган Айдана үйүндө конок болуп отурганы. “Үй-бүлөсү менен келди бекен? Аны ким чакырды? Кубан оңбогур чакырган окшойт. Жок дегенде, мага айтып койбойт беле? А Айдана? Чакырса эле жетип келгендей жеңил баа адам эмес болчу. Кандайча келип калды?” Суроолор көөдөнүн тешип чыкчудай сезилип жатты. Айнуранын кабагын байкаса, эч нерсе болбогондой жайдары, жаркылдап коноктор менен сүйлөшүп жатты. “Өх-х, ушуга да шүгүр” деп алды ичинен.
– Ой, сен эмне болуп калгансың? Алың-келиңге деле жарабай. Жумуш деп жүрүп, коноктун кадырын деле унутуп калсаң керек. Төрдүн үстүнөн орун алып, отуруп калганы эмнеси? Ай, аяш, деги сен Рустамды жаман үйрөттүң. Жалаң эле даярга тап болуп калды бул.
Кубан досу ушинтип бакылдап калды. Ууртунан жылмайган Рустам ошондо гана ордунан козголуп, конокторду айланта карап алды.
– Кечирип койгула. Жумушта кармалып калдым. Кубан чын айтат. Айнурага баарын ишенип, көнүп калдым окшойт.
– Келгиле, тамакка карагыла...- деди Айнура жылмая. Чакырылган коноктордун арасында Рустамдын мурунку достору, Имандын кесиптештери да бар эле. Алар да Айдананын конокко келгенине таң кала карап турушту.
– Баса, Айдана, сен чет жерден келдиң. Жаңылыктардан айта отур­байсыңбы...
– Эмнесин айтайын, Иман агай. Ал жактан жакшы билимге ээ болдум. Өзүм окуган окуу жайга алып калабыз дешти эле, макул болбодум. Өзүмдүн жолум менен кетким келди.
– Ырас кылгансың. Сендей кадрлар азыр бизге да керек. Өз элиңе кызмат кылууну каалаганың жакшы.
Аста башын ийкеген Айдана алдында отурган Рустамдын уулунун чачынан сылай берди. Айдин өзү да жугумдуу, жагымдуу бала болчу. Эч кимден сурап койбой, Айдананын тизесине келип эбак эле жайгашып алган. Анын колундагы шакектерин сылап, көзүн күлүңдөтүп койду.
– Айтчы, атың ким?
– Айдана.
– Сен кимдин досусуң? Апамдынбы же атамдынбы?
Кысыла түшкөн Айдана конокторду карап жылмайып койду.
– Мен сенин досуңмун. Айтчы, мага дос болосуңбу?
– Кичине балдар менен деле достошо бересиңби?
– Ооба.
– Кел анда, чыпалак алышып достошолу.
Баланын сөзүнө күлүп калышты. Конок күтүү өз нугунда өтүп жатты. Билген адамга үч адамдын жүрөгү дирилдеп, ааламы айланып, алаканына түшүп жатты.
Кандай бактылуу үй-бүлө?.. Баласынын көздөрү Рустамга ушунчалык окшош экен. Бирок Рустамдыкындай эмес, күлүңдөп, бакыттын, шаттыктын баарын катып алгандай көздөр. Ушул көздөр үчүн баарынан баш тартканга болот. Атүгүл сүйүүдөн да. Эми мен баарын түшүндүм, жаным. Сенин курмандыгыңдын баасын түшүндүм. Сенин ордуңда мен болгондо...” Айдананын ойлору шурудай төгүлүп жатты. Ушул учурда Айнура да өзүн тиктеп турганын сезди. Эч жектебей, кызганбай, жөн гана кызыгуу менен тиктеп турган көздөр эле. Айдана да көзүн ала качпай, түз тиктеди. Эки аял тең үн катпай, көздөрү шерттешип, бекемдешип жатышкандай болду.
Акыры коноктор да тарады. Баласын жаткырып коюп, Рустам ары-бери баса берди. Сыртта үйүн жыйнап жүргөн аялынын кадамын угуп жатты. Чыдай албай, сыртка чыкты.
– Чарчадыңбы?- деди Айнуранын маңдайынан сылап. Өмүрүндө мындай назик мамилени күтпөгөн Айнуранын жүрөгү булкуп кетти. Көзүн бакырайта ачып, Рустамды тиктеп калды.
– Жок, чарчаган жокмун.
– Эмнеге чакырдың аны?
– Кимди?
– Билип эле турбайсыңбы сөз ким жөнүндө болуп жатканын...
Айнура колундагы чүпүрөгүн таштап, креслого отура кетти. Рустамдын көздөрүнө тике карады.
– Экөөңдүн тең абалыңды көргүм келди. Биринчи жолу жолукканда кандай абалда болоруңар кызыктырды. Башыңды жоготтурган сүйүүңөрдү мезгил жеңдиби же силер мезгилди жеңдиңерби билгим келди.
– Анан?- үнү титиреп кеткенин жашырган Рустам башын чулгуп алды.
Айнура күйөөсүн аяп карап турду. “Байкушум, эмнени жашырасың? Көкүрөгүң өрт болуп күйүп кеткенин мени байкабай калды деп ойлоп жатасыңбы? Башынан эле ушундай болорун билгенде...”
Ошол түндү экөө тең уктабай өткөрүштү. Беш жылдык жашоосундагы жыргалы да, азабы да көз алдынан өтүп жатты. Жашырганда не, Рустам идеалдуу күйөө болду. Тапканы, бакканы бул жакта турсун, баласына өзгөчө камкор ата болду. Айнуранын каалаганын кылат. Ар бир майрамда белек сатып берет. Сыртынан караганда баары жакшы, идеалдуу. Бирок аялдык туюм менен күйөөсүнүн бактысыздыгын туяр эле. Ар бир саат, ар бир мүнөттө да анын жүрөгү башканыкы экенин унута албады. Экөө жалгыз калганда бир да жолу сыр чечишип, эзилише сүйлөшпөдү. Кээ бир түндөрү уйкудан чочуп ойгончу. Жанында жаткан Рустамдын орду бош калганын сезип, жүрөгү опколжуй түшчү. Эсине келип, келе электе бөлмөлөрдүн биринен муңканган кыл кыяктын үнүн угар эле. Ушунчалык сыздаган обондун кайрыгында сагыныч, куса, орду толгус жоготуу жатканын туйчу. Андай убакта жаздыгын жашы менен суулап, түндү уктабай өткөрчү. Мындай учурда баарына кайыл болуп, алыска кеткен Айдананы кайдан болсо да таап келип, “ме, муңканганың эле ушул болсо, алып тын” деп айткысы келчү. Мындай учурлар өтүп кеткенден кийин кайрадан таразанын ташы баласы жана өзү жакка оодарылып, кийинкисинен үмүт кылып жашап келди. Дагы деле жашай бермек. Бирок...
Айнура оор улутунуп алды. Ушул учурда бактылуу балалык күндөрүнө, бейкапар жаштыгына кайрылгысы келди. Оо, анда аалам жалаң Айнура деген кыз үчүн жаралып калгандай эле. Көзүн караган ата-энеси, агасынын жанынан өмүрү чыкпайм деп ойлогон балалык кыялында. Кайдан? Жашоо эрке кызга тез эле нокто салып, бир паста жоошутту да койду.

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 417, 29-октябрь - 4-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан