Тооктун жумурткасын ылдамдык менен жегенге мелдешкен Индиянын тургуну каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
42 жаштагы индиялык досу менен “кыска убакыттын ичинде 50 жумуртка жесе болот” деп мелдешкен. Бирок 41-жумуртканы жегенден кийин ага медициналык жардам керек болгон. Ал эсин жоготуп, тезинен ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер адамдын өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүшкөн, бирок аны сактап кала алышкан эмес. Алар арзыбаган 2000 (2247 сом) рупийге мелдешишкен.
Адистердин айтымында, көп өлчөмдөгү жумуртка тамак сиңирүү системинин кыйрашына жана жүрөктүн иштешине тоскоол болот.
Жолдубек Качкынбаев