(Башы өткөн сандарда)
Убакыт дегениң бир карасаң жайбаракат өтүп жаткандай элес калтырса, бир карасаң шуулдап кайдадыр шашып жаткандай сезилет. Күнүмдүк тиричилик менен алпурушуп жатып кээде убакыттын кантип өтүп жатканын байкабай калабыз. Болоттун жанында жүрүп жумушунан алыстай түшкөнгө Алматыдан келгенден бери Маржандын колу такыр бошобой жатты. Байэл дайыма оюнда. Болот ден соолугуна байланыштуу үйдө болуп жаткандыктан, мурдагыдай уулун издөөгө мүмкүн болбой жатты. Бөлмөсүндө кагаздар менен алек болуп отурган Маржандын телефонуна чалуу келди. Караса Батма экен. Таң кала телефонду көтөрдү.
– Жакшысыңбы, балам?
– Саламатсызбы, эже?
– Ы-я, балам, Ошко чейин атайын барып жолукпай кеткениң эмнең? Бул жашымда мени эч ким мынчалык издебейт эле. Мени эмнеге издеп жүргөнүңдү дароо эле билдим. Зейнептин чоо-жайын билейин дедиңби?
– Жолугат элем сизге, шашылыш кетишим керек болуп калды.
– Өсөрүм калган жок, балам. Бишкектемин. Мага келип кет, билгенимди айтып берейин.
– Кайсы жактасыз?
– Кайда болот элем, балам? Республикалык ооруканадамын.
– Эртең барам, сөзсүз.
Маржан кемпир менен коштошору менен бөлмөгө Болот баш бакты.
– Ким экен? Мындай кеч чалганына караганда зарыл жумушу бар го...- Болот бир нерседен шектенгендей күтүүсүз суроо берди. Буга чейин Маржан телефондо ким менен сүйлөшүп жатканы менен иши болчу эмес.
– Мага бир бейтап көрүнүп жүрчү, ооруканага жатып калыптыр. “Врачтарга сүйлөшүп берчи” деп чалыптыр. Улуу эле эже,- деди актангандай. Маржан уурулугун карматкансып калп айтканына ыңгайсызданып кетти. Чындыкты айтсам эмне болмок, кандай кабыл алат деген ойдун курчоосунда калды.
ххх
Керебетте жаткан арык, кичинекей, көзү киртийген кемпирдин жанында тамчылатма дарынын бүтүшүн күтүп үн-сөзсүз Маржан отурду. Кудай жалгап палатада Батма жалгыз экен. Сүйлөшкөнгө эч ким жолтоо болбойт. Кемпир ийнесин алып бүткөнү менен, дароо кеп баштаган жок. Баштыктарды ачып бир нерсе издеп жатты. Андан озунуп кеп баштоого Маржан даабай турду. Эмне деп баштайт, уялбай кантип сурайт?
– И-и, балам, убара болбой буларды жөн эле койбойт белең,- кемпир Маржан алып келген тамак-аштарды көрүп.
– Убара эмес, эже.
– Мынакей, бул Зейнеп менен Байэлдин сүрөтү,- Маржанга сунду. Кемпирдин жанатан бушайман болуп издеп жатканы, көрсө, ушул сүрөт тура. Кыязы, Байэл 5-6 жашта көрүнөт. Маржан сүрөттү көпкө тиктеди. Төрөлгөндө Баатырга окшоштурбады беле. Көздөрү бакырайып атасынын көчүрмөсү болуптур. Өзүнөн-өзү ыйлап жиберди. Ичи туз куйгандай ачышып кетти.
– Кой, ыйлаба. Атыңды да сурабаптырмын. Сени көп күттүк, дайыма менден сурап турчу. “Таштап кеткен жерине издеп келет, сен көз-кулак бол. Келсе мага ээрчитип кел” дечү. Тилекке каршы, сен бир да жолу келбедиң.
– Оюмдан чыккан жок, жүрөгүмдү өйүп турду. Бирок турмуш шартка байланыштуу...
– Эми, кызым, өткөндү козгобойлу. Кебетеңе караганда, жакшы адам көрүнөсүң. Сен деле баланы аргасыздыктан таштасаң керек. Кайсы эне жыргаганынан баласын таштасын? Зейнеп экөөбүз өмүр бою курдаш-сырдаш болдук. Көп сүйлөбөгөн, бир мүнөз жан эле. Жайнаган баладан бир гана сенин балаңа мээрим төктү. Ооруп калбаганда, ал уулуңду балдар үйүндө калтырмак эмес. Жашырганда эмне, башында ал сенден баланы кызганды. Биздин директорго сүйлөшүп балага өзүнүн фамилиясын берген. Издеп келип мени беймааза кылбасын деп орун да которгон. Баланы көптөгөн машакат менен өзүнө алган. Кийин башка жумушта иштейм, баланы багам деп жүрүп ооруп калды. Ден соолугуна байланыштуу Байэлди кайрадан балдар үйүнө жайгаштырды. Өзү да ошол жакта иштеп калды. Жалгыз бой, үй-жайы жок аял эмне кылсын? Оору менен алышып жүрүп өтүп кетти.
– Фамилиясын берген дедиңиз, ким эле?
– Байэл Сапаров болгон.
– Сапаров,- Маржандын көзү караңгылап, кулагы чуулдап кетти. Алмаз алып келген ооруканадагы бала эсине түштү.
ххх
Аделя сабактан чыккандан кийин Байэл менен жолукту.
– Бир жерге кирип тамактанып албайлыбы?
– Мен да ачкамын. Сабакта араң отурдум. Жүрүңүз, бул жакта бир кафе бар. Тамактары сонун, андай тамакты буга чейин эч жерден жеген эмессиз,- кыз тамашалады жигитти.
– Макул, болуптур. Сени тамшандырган тамактарды жебесе болбойт го,- экөө ээрчише басып чакан жайга кирип келишти.
– Ой, Аделя, кандайсың?
– Жакшы, өзүңөр кандайсыңар?
– Жүрөбүз, баягыдай эле. Барсыңбы деги? Бийге эмнеге келбей калдың?
– Бийлегим келбей калды.
– Макул, биз шашып жаттык эле. Баса, тиги жигитиң атаңа окшош экен. Атаңа окшошун издегенсиң го, ээ?- кыздар шарактап күлүп сыртка чыгып кетишти. Аделя байкабаптыр ушуга чейин. Чын эле Байэлди атасына окшоштурду. Улам караган сайын атасын көргөндөй боло берди. Шайыр жүргөн Аделя дымып отуруп калды.
– Кызык, ушундай да окшоштук болобу?- кыз оюн сыртка чыгарып алды.
– Эмне дедиң, кимге окшош?
– Атама окшош экенсиз.
– Койчу?
– Чын айтам. Андан көрө тамак ичели. Бир аздан кийин Алмаз агайга бармакмын деп баштайсыз.
– Ой, муну кара.
Аделя Байэл менен коштошуп, үйгө жөнөдү.
– Ы-я, Аделя, Баатыр байке тиги жигитти билсе...
– И-и, Айбек байке, баштабаңызчы.
Унаада телефонун карап келе жаткан кыздын жини жүзүнө чыкты. Өзү ак жуумал болгонго кызарып кеткени күзгүдөн дароо көрүндү Айбекке.
– Аделя, эмне болду? Мага ушунча жиндендиңби?
Аделя унчукпады. Арс байкесинен келген катты окуп жини келип жаткан. Ушунча жылдан бери байкелеп, тууганындай көргөн Арстандан мындай сүйүү катын күткөн эмес.
ххх
Беттеш белгиленген күн билинбей эле келип калды. Байэл бул беттешке чыгат-чыкпайт деп эки анжы болуп турган. "Жаңы чыгып келаткан мушкерлер жакшы беттеш көрсөтө алышпайт" дешип көп көңүл бурушпайт. “Балаңыз даяр турсун, бирок чыгар-чыкпасын так айта албайбыз. Балким, бирөөнүн ордун алмаштырып калышы мүмкүн” деп коюшкан Алмазга.
– Алигиче чыгарымды так айтышпаса, болбой калды го.
– Байэл, баары ушинтип башталат. Сабыр кылыш керек. Мында болбосо кийинкиде чыгасың.
– Агай, сизге чалып жатат,- залдагы балдардын бири Алмазга телефонун алып келди.
– Уюмдан чалышыптыр. Беттешке чыгасың, бир өзбек мушкери жаракат алып калыптыр. Баары болот дедим беле. Эми жеңилсең деле эч нерсе болбойт. Тажрыйба топтойсуң,- деп таң калтырды Алмаз. Асандын акчасы коюлган беттеште “жең эле, жең” деп турчу эмес беле?
ххх
Турнир ортолоп калганда аты-жөндөрү аталып Байэлдин жубу октагонго чакырылды. Аты-аталган мушкерлердин бирөөсү жаңы чыгып жатканын уккан эл алдын ала беттеш кызыксыз болот деп өздөрүн даярдап алышты. Элдин көбү, залдын чоңдугу Байэлди мурдагыдай толкундаткан жок. Атаандашына үстөмдүк кылуу менен өзүнө ишенимдүү беттеш жүргүзүп жатты. Эрөөл кызуусуна кирди. Айбаты, ачуусу жүзүнө чыга октагондо атаандашына таамай соккуларды узатып жаткан жигит заматта залдагы көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырды. Ал жөнүндө эч кандай маалымат белгилүү эмес эле. Кепканы баса кийип отурган алдыдагы экөө да кайырмакты дал ушул октагондогу жигитке таштады.
– Бул жигит мага жагып турат.
– Мага дагы. Жаңы чыгып жаткан немеде кайдан мындай айбат?
– Ким экенин изилдеп чыкчы.
– Макул. Русландын балдарына айтсам бат эле маалымат колго тиет.
– Башкалар илип кетпесин, тезирээк колго ал...
(Уландысы кийинки санда)