Фехтование спорту боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Роман Петров Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына лицензия алды. Петров 25-апрелде Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн Азия жана Тынч океан квалификациялык мелдешинде 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынды. Бул жетишкендиги үчүн спортчу олимпиада оюндарына лицензияга ээ болду.Бул кыргыз куржунундагы 13-жолдомо.
Динара Акимова