АЙДАЙ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Бул билдирүүнү окуп алып ичим бышып, бир жумага дейре тынч ала албай жүрдүм. “Айдай, эмне эле болуп жатасың? Көзүңдү ач, ал сага жигит эмес, байке. Ырас, ушунча жылдан бери атаң Ажар менен чогуу жашап жатабы, демек, Арстан сага бир тууган. Өзүңө кел!” Чын айтам, достор, калп айтпасам, күндө беш жолу өзүмдү ушинтип урушам. Арабыз канчалык алыс болбосун, баары бир мен эл сыйлап, кадырлаган Мукайдын кызымын да. Ата тарбиясын көргөн кызмын. Анан кантип апамдын уулун күйөө катары элестетем? Эки жылды мен ушундай суроолорго жооп издеп жанчылуу менен өткөрдүм. Ал ортодо элге тааныла да түштүм. Баары баягы эле Аселдин айынан.
Мектептерде сулуулар сынагы өтөт эмеспи. Буга чейин көп эле жолу сунушташса да, катышчу эмесмин. Эл алдына чыгып мактанып, өзүмдү кыйын көрсөткөндү негизи эле жактырбайм. Бирок 10-класста окуп жатканыбызда “биздин класстан сен катыш” деп Асел суранып туруп алды. Ал биринчи айтканда эле кол шилтеп койгом. Бирок класс жетекчибизди, классташтарды өзүнө кошуп алып, баары бир ооздон “сен жеңесиң, катыш” деп кулак-мээни жей башташты. Ошондо деле катышмак эмесмин. Параллель класста бир кыз бар. Мени көрө албайбы, билбейм, өзүнчө эле мурдун чүйрүп, мен жөнүндө ар кайсы ушакты айтып жинге тие берет. Ошол кыз “тимеле Таттыбүбү болуп кетсе да эмне болуптур. Сурана бересиңерби” деп калбаспы. Ошого өчөшүп макул дей салып, кийин аябай өкүнүп калдым. Жакпайт мага эл алдында койкоңдоп турган. Убада берип койгон соң айла жок, чыктым, кооз кийимчен ары-бери бастык, бийледик, ырдадык, кол чабышты. Ошентип отуруп уттум. Мектептин атынан райондордун ортосунда болуучу сынакка жөнөдүм. Райондук калыстар деле башка сулууну же таланттууну көрүшпөдү окшойт, облустук сынакка жолдомо беришти. Ошентип отуруп Бишкекке келдим, катыштым да биринчи орунду алдым. Бишкектик кыздар тимеле кыйынсынышып, айылдан келген эки кыз бар экенбиз, өзүнчө эле чакчарылышат. “Силердин сыйлыгыңарга, наамыңарга эле зар болуп турамбы” деп кекенип, кол шилтеп салгам. Бирок 1-орунду беришти. Баш байгени алган сулуу бир министрдин кызы экен. Атам бечара барбалаңдап кубанып, кадимкидей көзүнө жаш алып ыйлап алыптыр. Класс жетекчим, Асел да ыйлап жүрүшөт. Мен биякта калып эле, булар кубанып алышкан.
Ушул сынакта баягы телефон белек кылган байкени көрдүм. Ооба, учурашкан жокпуз го, бирок алыстан мага назар салып, тиктеп турганын туйдум.
Кайрылып карай салсам, жанындагы кишиге бурулуп, мага далысын салып туруп калды. Бирок ошол киши болчу деп ишенимдүү айта алам. Жанына барып учурашып, рахмат айтууга даабадым.
Бир күнү үйгө Айдардын энеси келиптир. Дарбазаны бирөө тынымсыз каккылай бергенинен чыксам, ошол аял турат. Чочуп кеттим.
– Сен Айдайсыңбы?
– Ооба.
– И-ий, кагылайын. Мээримдин эле өзү-көзү турбайсыңбы? Апаң барбы үйдө?
– Бар, кириңиз.
Эшикти тарс жаап салгым келсе да өзүмдү колго алып, үйгө жол баштадым. Түшүнүктүү да, эмне максатта келгени. Мындан бир жума мурун Айдар келип кеткен. Асел экөөбүз көчөнүн башындагы колонкага сууга барганбыз. Токтотуп алып “баары бир сага үйлөнөм. Меники болосуң. Апамдар Бишкектен үй алып беришти. Сен мектепти бүткүчө үчүнчү курсту аяктайм. Базардагы жакшы точкадан контейнер алдык. Мектепти бүтөрүң менен үйлөнөм. Коркпо, каалаган окууңа киргизем. Сени эч нерседен кем кылбай багам. А тиги Арстанды болсо унут. Экөөңдү баары бир баш коштурушпайт. Жакшысы, элге жайылып, уят боло элегиңде токтот, акылдуу кызсың” деп жанды кашайткан.
Ойлогонумдай эле экен. Жарым саат кетпей отурган ал аялды Ажар тимеле кубанычтуу узатты. Эшикте жүргөнүмдү көрүп, мени уксун дедиби, үнүн бийик чыгара: “Силердей бүлө менен кудалашууга Мукай деле кубанат. Жакшысы, ашыкпагыла. Экөө бир кеп-сөзгө келишсин. Кызыбыз али жаш. Тойго деле аман болсок жетербиз”,- деп калды.
Карасаң, менин жашоомо баш болуп жатканын! Мындан ары чыдап тура албадым. Аялдын артынан дарбаза жабылары менен Ажардын алдына жетип бардым.
– Мага айтпай сыртымдан кудалачу болбогула! Силердин айтканыңар болбойт!
– Эмне деп турасың, күчүгүм? Албетте, сенин айтканың болот. Бирок жуучу түшүп келген адамды урушуп узатмак беле? Бул жөн гана салт го. Али жашсың, күйөөнү эмес, окууңду ойлошуң керек.
– Күйөөнү ойлоноюн деген деле оюм жок. Мобу эмне келет, мектепти бүтө элек кызды сурап?!
Бар жинимди Айдардын апасына төгүүгө аргасыз болдум. Бирок Ажар куулангандай туюлду. Мейли, убагы келгенде көрө жатарбыз.
Мендей өзү менен өзү тажабай сырдаша берген адам чанда кезиксе керек. Кээде отуруп ойлонуп кетем, “ушул менин акыл-эсим жайында элеби же...” деп. Неге муну айтып жатат дейсизби? Апам каза тапкандан кийин эки ай бою мени таенем караган.
Себеби атам баш көтөрбөй ичип кеткен. Ал кезде апамды сагынып, куса болуп, атамдын баягыдай барбалаңдап мени эркелеткенин, моюнуна көтөрүп ойнотконун, белек-бечкек алып келгенин сагынып, кечке эле ичип, ыйлай берген аны тымызын ичимден жек көрүп, кыйналчумун. Эми ойлосом, менден да атама кыйын болгон тура. Апамдын сүрөттөрүн карап отуруп, айылда тиричиликтен баш көтөрбөй жүргөн аял да ушунчалык сулуу болобу деп таңданып кетем. Анан ошондой көз талдырган сулуу, мээримдүү, жароокер келинчеги врачтардын каршы болгонуна карабай “төрөйм” деп жүрүп каза болуп калса, атам бала аттууну жек көрүп да калгандыр. Айтор, апамдын көзү өткөндөн кийин мага көңүл бөлбөй койгон. Ошондон болсо керек, тырмактайымдан эле өзүм менен өзүм сүйлөшүп, ыйласам да арыз-муңумду өзүмө айтып, өзүм суроо берип, өзүм кайра жооп берип көнүп калгам. Жашоомдо Арстан пайда болгону бул адаттарым унут болгон эле.
– Айдай, кызым, тура гой, сага эмне болгон, күндүзү уктап?
Атамдын үнү мага тээ алыстан угулуп, канчалык көзүмдү ачайын десем да, ойгоно албай жаттым.
– Бул кыз мен жок биротоло уйкучу, жалкоо болуп кеткен турбайбы?
Канчадан бери сагынтып, мени куса кылган үн кулагыма “шак” угулуп, эми эле талыкшып жаткан жайымдан ыргып туруп, көзүм караңгылай теңселип кеттим.
– Айдай!
Арстан атамдан мурун жетип келип кармап калды.
– Акырын, акырын. Келгениме ушунчалык сүйүндүңбү? Тимеле жаткан жериңден ыргып турдуң го!

Жазгүл Калыева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
gogo
2010-10-30 15:23:07
кобуроок эле жазсанар боло ээми кызыгына келгенде бутуруп койбой!
0
happykyz
2010-10-30 17:23:41
owo da. jumalap kuto berip ayabai ele oor
0
aminali
2010-10-30 19:20:33
Arstandi, Aidai emes men da suiup kaldim okwoit.
0
Akjol
2010-11-01 01:59:27
Дагы бир жума кутобуз э..эхх
0
esen
2010-11-01 23:03:36
коптон эле жазгылычы. суууууууураныч сууууууупер инфо
0
Expert
2010-11-02 18:18:47
Aminali, Ayday ekoon ele emes men dagy suyup kaldym okshoyt :))) Negizi, usunday adamdar dele bar bolso kerek jashoodo,birok men anday ec kimdi estey albaytam...
0
хулиганка
2010-11-02 23:58:24
Бутуп калдыго :-P
0
aiz
2010-11-04 14:03:39
Абдан жакшы чыгарма экен (читается на одном дыхании;))
0
Agusha
2010-11-05 14:26:14
мага дагы ушундай Арстандай бала учураса жок дебейт элем
0
№ 417, 29-октябрь - 4-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан