Садык Шер-Нияз, коомдук ишмер: “АПАМ УУЛДАРЫ МЕНЕН МАКТАНЫП, МАНЧЫРКАГАН ЖОК”

Жайдыр-кыштыр жайлоо сымал илеби,

Баласында бардык ою-тилеги.

Билбей жүрөм кандай заттан бүттү экен,

Бизди тууган энелердин жүрөгү?- деп Байдылда Сарногоев жазгандай, кыргызга аттын кашкасындай белгилүү Садык Шер- Нияз агабыз апасы тууралуу айтып берди. Жалаң Шерлерди төрөгөн апа кандай болду экен десеңиз, эң жөнөкөй жана өтө намыстуу аял болгон экен. Садык аганын чоң атасы Шернияз менен Токтогул Сатылгановдун окуясы, Айтматов жазган Толгонай жана башка кызыктарды маектен окуңуз.

“ЖЕТИШПЕЙ ЖАШАГАНЫБЫЗДЫ АПАМ БИЛГИЗЧҮ ЭМЕС”

– Апамдын аты Арна, таенемдин толгоосу катуу болуп, төрөткөн акушердин улуту орус, аты Анна экен. Апамдын ысымы анын урматына коюлуп, бирок кыргыздар Аннага тили келбей, Арна деп калышкан.

Биз жетишпеген турмушта жашадык. 8 бир тууган бирибиздин кийимибизди бирибиз кийип чоңойдук. Апам аны билгизбегенге аракет кылар эле. Намыскөй аял болчу. Үйдү таптаза кармап, таң атпай короону мизилдете шыпырчу. 80 жашка чыкса да ошол мүнөзүнөн жазган жок. Шаарга келсе деле эрте туруп короону шыпырчу, “кой, апа, кошуналар көрсө эмне дейт?” десек болчу эмес. Аял чыдамкай болбосо үй-бүлө бат эле урап калат. Апам бул милдетти татыктуу аткарды. Эненин мээрими суу сыяктуу, суу алдында таш турса тешем дебейт. Шылдырап агып жерди сугара берет. Апанын мээрими бала үчүн аба, суу сыяктуу эле кадимки муктаждык. Ошондуктан ал тууралуу урунттуу окуялар баланын эсинде сакталбаса керек. Ата башка. Атам бир жумада же бир айда бир бизди отургузуп алып сүйлөшчү. Аныкын эч унутпайсың. Энелерге таандык дагы бир сапат – дайым баарын теңдеп тургусу келет. Бир тууган болгон менен, ар кимдин жолу ар башка эмеспи. Айрым бир туугандарым бүгүнкү күндө материалдык жактан кыйналып жүрүшөт. Апам алардын баарын теңдегиси келе берчү.

“ТААРЫНЫП КАЛСАМ АПАМ ИЗДЕЧҮ”

– Эсимде, ошол кезде мода беле, окуучулар кычыраган кышта пальто, баш кийим кийбей мектепке кетип калчубуз. Жалаңдап кетип баратсам, апам көрүп калчу. Кайра кийгизип туруп жиберсе, таарынып, дугдуңдаган боюнча кетем. Жарым чакырымдай жерге чейин артымдан келет. Мени таарынтып алдымбы деп түтпөй жаткандагысы да. Артымдан чакырса да укмаксан болуп баратып бир маалда “ии, эмне болду?” демиш болуп кылчаям. Апам колуна алма кармап алат, анысын берип бетимден өөп кайра кайтат эле. Бир туугандар болуп сүйлөшүп калганда апамдын ушул сыяктуу билинбеген сапаттары жарк деп чыга калат.

Бала кезде апаң башка бир тууганыңа көбүрөөк көңүл буруп жаткандай сезилет. Же мен башынан эле таарынчаак болгонмунбу билбейм (күлүп). Чарбагыбыз кенен эле, таарынып калганда ошол жакка барып жатып алчумун. “Барбайм, ушуну менен Шерниязовдордун фамилиясынан колумду үзөм, өзүмчө оокат кылам” дейм. Түшкө чейин жатам, курсак ача баштайт. “Булар мени эмнеге издешпейт?” деп ойлоно баштайм. Баргандан намыстанам, анткени өзүмчө оокат кылам деп чечим чыгарып албадым беле. Анан апам кыйкырып издеп баштайт. Издей турган, жок экениңди байкай турган бир адам бар экенин билүү кандай жакшы.

“ТАҢ АТСЫН!”

– Ал убактарда үй-бүлөнү эркек башкарчу. Үй-бүлөнүн президенти, папа Римскийи да, ханы да атам эле. Айтканы айткан, дегени деген болчу. Эми жашоодо ар кандай нерселер болот эмеспи. Атам деле күнөөлөрдү кылат окшойт. Катуурак ичип коёбу же башка нерсе кылабы, айтор, апамдын жинине тиет. Апам болгону бир эле сөз айтчу. “Таң атсын, болду, мен кетем!” дечү. Иним экөөбүз ал сөздү укканда аябай кубанчу элек. “Таң атса таякелерибизге конокко барат экенбиз” деп кудуңдап алабыз. Таң атат, баягынын бири жок. Апамдын атама болгон таарынганы, урушканы ушул сөз менен бүтчү. Биз эч кайда барбай калар элек (күлүп).

Агаларым чоң ата, чоң эненин колунда өскөндүктөн атам менен апамды “аке, жеңе” деп чоңоюшту. Баткен аттуу иним экөөбүздү апам чоңойтту. Андыктан экөөбүз апамды жакшы көрчүбүз. Башында айткандай, биздин колубузда жок эле. Апамдын “баланча норка шуба кийиптир” деген сөзүн көп укчу элем. Эми ойлосоңуз, үйдө 8 бала, атам ветврач, апам колхоздун иши менен алек. Тез эле балдары чоңоюп катары менен үйлөнө баштады. Алардын калыңы бар, бөлүш керек дегендей. Жетишпестиктен апам көп түйшүк тартты. “Чоңойгондо апамды минтип кийинтем, минтип багам” деп ойлончумун. Кийин иним экөөбүздүн келинчектерибиз ай сайын апамды ой-боюна койбой базарга алып барып кийим сатып беришчү. Мен буга аябай кубанар элем.

Апам өтө жөнөкөй эле. Балдарынан генералдар, министрлер, депутаттар чыгып жатса кимдин зоболосу көтөрүлбөйт? Кыргызда балдары менен мактанган сапат бар эмеспи. Бул нерсе апамды өзгөрттүбү деп ойлосом, такыр өзгөртпөгөн экен. Апам бирөөнү, ал тургай балдарын да убара кылчу эмес. Анан кимдин болсо да бетине эле балп эттире айтып салчу. Ушул эки сапаты менде бар, өң, келбети да мага окшоп кетет.

“ЧОҢ АТАМ ШЕРНИЯЗ ЖАНА ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ”

“Шерлерди төрөгөн адам кандай болду экен?” деп сурап калдыңыздар. Буга атамдын, апамдын жана генибиздин салымы бар. Апам мээрими менен сугарды, атам сөзү менен тарбиялады. “Жалгыз жанын кайырчы да багат” дечү атам. Бул кара курсакты ойлогон даражадан чык деген сөз да. Ген дегенимдин себеби – чоң атабыз Шернияз комузчу эле. Өз убагында филармонияга чакырышса, динге берилген киши экен, бузуп коёт деп борборго келбей коюптур. Өзү Жеңижок, Токтогулдар менен жашташ болсо керек, комузун алып алар менен эл кыдырып кетчү дешет. Бүгүнкү тил менен айтканда, гастролдошчу тура.

Токтогул менен Шернияздын окуясын мага атам айтып берген, ага Шернияз айтып бериптир. Өзүбүздүн чыныгы чоң атабыз Ачакей болгон, Ачакей менен Шернияз бир тууган. Шернияз балалуу болбой атамды багып алыптыр. Ачакей көрүнүктүү, элге сөзү өткөн, дыйкан, эмгекчил болуптур. Шернияз болсо колуна кетмен кармамак түгүл, тырмооч кармабаган, комузу менен үй-бүлөсүн баккан киши экен. Жарашыктуу кийинип, эл кыдырчу. Шернияз чоң атам бир күнү үйүндө отуруп боорсокту кычкач менен кармап алып отко кактап жеп отурган экен. Ушундан эле мага ал кишинин мүнөзү билинет да (күлүп). Сырттан аскердик шинель кийген бирөө шып кирип келет. Конокту кимсиң деп ал убакта сурачу эмес. Конокту сыйлап отурайын деп Шернияз комуз чертип баштайт. Күү бүткөндө тиги да коюнунан кичинекей комузун сууруп чыгып черте баштайт. Шернияз бир кайрыктан конок Токтогул акын экенин билет. Сакал-муруту өскөн, Сибирдин запкысын көргөн адамды өңүнөн эмес, кайрыктан тааныйт, элестетиңиз. “Токо” деп эле баса калып сүйүнүптүр. Эл чогулуп Токтогулду аттап, тондоп өз жерине узатышыптыр.

Шернияз менен Ачакей бир тууган дебедимби, ортосунда Толгонай деген кыз бар. Үчөө бир тууган. Толгонай кадимки Чыңгыз агабыз жазып кеткен “Саманчынын жолундагы” Толгонайдын прототиби. Төрөкул Айтматов атылгандан кийин Нагима апабыз балдарын алып Таласка кайтып жатпайбы. Толгонай апабыз аны “менин үйүмдө жашайт” деп киргизип алган экен. Ал эл башкаргандардын бири экен. Китептегидей эле баласынын аркасынан поездде чуркап коштошуп калганын чоң энем айтып бергени бар. Эненин жүрөгү тууралуу айта берсең сөз бүтпөйт. Карындашым, ушуну менен жыйынтыктайлы.

Нуржамал Жийдебаева

 Кыстарылган видео 
Садык Шер-Нияз: "Апамды такыр кейитпегенге аракет кылдык"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
akmanai
2021-05-05 01:43:17
Бизде козу тируусундо баалап ала турган асыл адамдардын бири ушул агай. Ден соолукта болунуз агай. Сиз айтыш фондун туптоп эле элге ат которо алгыс зор эмгек жасап койгонсуз.
+1
№ 960, 29-апрель-5-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан