“АЛ КЕТТИ!”
– Кайда барасың?
– Ишиң болбосун!
Насип кийимдерин чоң сумкага салып жатты. Эгерде ал босогодон аттап чыгып кете турган болсо ошол замат жаным үзүлүп кетчүдөй сезилди. Бутуна жыгылып ыйлап жаттым.
– Кетпе, мен сенсиз эмне кылам, өлүп калышым мүмкүн. Мен... Мен баарын кылам, сен каалагандай болом, эч урушпайбыз. Каалайсыңбы, жумушумду да таштайм, үйдө отурам.
– Муунтуп жибердиң сен, качан болсо кызганасың, үйдөн чыгарбайсың, досторум менен да жолуктурбайсың. Сен оорулуусуң! Коё бер дедим сага! Азыр менден бирди жейсиң!
Күйөөмдүн көздөрү коркунучтуу чакчайып жатты. Болбой бутуна илеше бердим эле, көмөлөтө тепти да, сумкасын алып чыгып кетти. Менин өлгүм келди. Үч бөлмөлүү үйдүн ар бурчу мага чоочун сезилди. Өзүмдү жапжалгыз сездим. Ата-энем каза болгондон кийин жалгыз жарыгым Насип болчу. Ал да кетти! Кетти! Мен андан эч нерсе сураган жокмун. “Мени бак, кийинт” деген жокмун, “үйүң жок” деген жокмун. Ата-энемден калган үйдө жашачубуз, болгону “мени сүй” дедим. Көп нерсе сурадымбы мен?
Үч күн үйдөн чыкпай жаттым. Жумуштагыларга коронавирус менен ооруп калганымды айтып обочолонушум керек деп койдум. Жумушта менсиз кыйын, бирок азыр иштей албайм. Тамак ичпей, түнү менен уктай албай чыгам. Эртең менен туруп эптеп кофе кайнатып жатсам курбум чалды.
– Алло, Сезим, жакшы элесиңби?
– Жакшы...- дедим үнүм араң чыгып.
– Мен бир психолог таптым. КМШ өлкөлөрүндө эң мыкты адис экен. Аны чет жактан издеп келишет имиш. Сени жаздырып койдум.
– Психологбу?- дедим ишенимсиз.
– Сезим, алтыным, сен бир барып көрчү. Жакпаса келе бересиң. Сен мени кабатыр кылып жатасың. Өзүнө кол салабы деп ойлоп кетип жатам.
Айтор, жабышып жатып курбум менден барам деген убаданы алды. Чын эле эмне жоготом? Барып көрөйүн, жок дегенде эшикке чыгам. Болбосо бул жымжырттыктан өзүм корко баштадым.
“ӨТМҮШ ӨМҮР БОЮ ЖАШАЙТ”
Эшикти тыкылдатып киргенимде алдымда сулуу жүздүү 50 жашка жакындап калган аял отурду. Жүзү күлүмсүрөп, мени эбактан берки жакын адамындай мээрим төгө тиктейт. Кызык, адамдар мындай бейпилдикти кайдан алышат? Креслого коомай отурдум.
– Атың ким?
– Сезим.
– Адам баласы сезимсиз эч жашай албайт эмеспи, ысымың сонун экен,- деди эже күлүмсүрөп. Чекем тырыша түштү. Жаным ачышып жатса, бул ысымың жакшы дейт. Чыгып кетким келди, кайра өзүмдү бастым.
– Эмне болду, Сезим?- деди ал. Ушунчалык мээримдүү, боорукер үн болчу. Аргасыз көзүмдү өйдө көтөрдүм.
– Сен сулуу кыз экениңди билесиң да, Сезим?
– Сулуусуң, акылдуу, ийгиликтүүсүң дешет баары,- дедим күңк эте.
– 4 чет тилин билем, кесибим мыкты, мага ушулардын пайдасы барбы, эже? Насип кетип калды!- көзүмдөн жаш эркиме койбой тоголонуп кетти.
– Хм, Насип жолдошуңбу?
– 2 жыл сонун жашадык, ал мен үчүн өлгөнгө даяр адам эле. Соңку 2 жыл тозок болду. Эмне кылсам да жакпайм, “сүйүүң менен муунтуп жатасың” дейт. Эмне кылсам да жакпадым. Акылым, сулуулугум да жардам бербеди. Ажырашам дейт да турат.
– Ар нерсе ченеминен ашса зыян алып келет. Сүйүү дагы...
– Мен башкача сүйө албайм да. Мен...
– Кел, Насипке чейинки жашооң тууралуу сүйлөшөлү, мисалы, балалыгың?
– Эң мыкты үй-бүлөдө өстүм,- дедим сыймыктана. Психолог ичимди аңтара караган көздөрүнөн оңтойсуздана түштүм. Калп айтканымды сезип койдубу?
– Апаң сени жакшы көрчү беле?
– Атам да, апам да мага жанын бергенге даяр болчу, алардын жалгыз кызымын. Экөө тең илимий кызматкер, атамдын аты кичине көчөгө берилген. Профессор Исмаил Аманов деген адам.
– Демек, сен медицинада бир топ эмгек калтырып кеткен профессор Исмаил аганын кызысың? 5 жыл мурун автокырсыктан аялы экөө тең каза болду деп уктум эле.
Денем дирилдеп кетти. Жалгыз калган күндөрүмдү эч эстегим келбей башымды чулгуй бердим.
– Ооба, алардын кызымын!
Ыйлап жибердим. Бир аз убакытта өтмүшүм тиги аялдын алдында жайылды да калды.
“БАЛДАР ҮЙҮНДӨ ЧОҢОЙДУМ”
– Алар менин багып алган ата-энем. 7 жашымда балдар үйүнөн алышкан. Экөө тең илимий иштери менен алек болгондуктан чоңураак мени алалы дешиптир. Сулуу, акылдуу кыз деп тарбиячылар мени сунушташыптыр.
– Өз ата-энеңди билесиңби?
– Төрөгөн апамды элес-булас билем. Сулуу аял эле, атам ким экенин билбейм. Эсимде калганы – апама чоочун эркектер келер эле. Алардын күлкүлөрүн, кээде ал эркектер апамды уруп жатканын байкачумун. Ушулар эсимде... 5 жашымда апам балдар үйүнө өткөрүптүр. Баккан ата-энем сонун адамдар болчу, мени жакшы чоңойтушту. Бардар жашоого мен тез көндүм. Бирок ичимде коркунуч бар эле. Булар да мени бир күнү таштап кетпесин деп алардын айтканы менен болчумун. Түндөп сабак окуп, 10 жашымда 4 чет тилди үйрөндүм. Бир күндө үч ийримге барган убагым болду. Чарчап өлгөнү турсам да кайра сабак окучумун.
– Ата-энең сенден ошону талап кылчу, демек?
– Мен алардын ийгиликтүү уландысы болуумду каалашчу. Мактаган сөздөр, суктанып караган көздөр мага эмес, аларга керек болчу. Балалыгым сынак, коркуу менен өттү. Эгерде мен мунун баарын аткарбасам алар да мени өз апам сыяктуу таштап кетет деп өжөрлөнө ийгиликтерди багындырдым.
– Мээрим бериштиби?
– Билбейм, өөп-жыттап кучактап жатышчу эмес. Бирок катуу сүйлөп көңүлүмдү калтырышкан жок. Мени эмес, менин ийгиликтеримди сүйсө керек.
Кызык, мунун баарын мен биринчи жолу бирөөгө айтып жатам. Токтоно албай айтып жатканымды кара. Баянымды эже ийне-жибине чейин укту.
– Сезим, баланын тагдырын эне жазат. Таштап кеткен апаң сага коркунучту гана үйрөтүптүр. Баккан апаң аны кайсы бир деңгээлде уланткан экен. Бүтүндөй өмүрүң коркуу менен, “мени сүйүшү үчүн аракет кылышым керек” деген ой менен жашаптырсың. Ушул себептен жолдошуңдун айтканынын баарына макул болдуң, сөзүнөн чыкпадың. Эркектер аялга күрөшүп жеткенди жакшы көрүшөт. Күйөөңдүн күнөөсү жок. Сен дагы да ташталып калбаш үчүн аны сүйүүң, камкордугуң менен муунтуп салыптырсың. Корккон нерсе дайым башыңа келет, Сезим! Баккан ата-энең сени таштап кеткенден коркуптурсуң. Бирок алар сени эрте таштап кетиптир. Насип сени таштап кетет деп коркуп жашаптырсың, ал дагы жашооңдон чыкты. 5 жаштагы Сезим сүйүлбөгөндөн, жалгыз калуудан, ташталуудан корксо, 28 жаштагы Сезим деле ошол нерселерден коркот. Балдарды кичинесинен сүйүү керек. Азыр канчалаган мигранттардын балдары ушинтип жашап жатышат. Ата-энеси “алгач бутубузга туруп алалы, кийин сүйүүгө, мээримге толтурабыз” дейт. Бирок бала кезинде толбогон нерсе кийин миң аракет кылсаң да толбойт. Өксүк боюнча калат. Жашоосунун ар бир тепкичинде жан дүйнөсүндөгү ошол коркунуч менен сыналат.
– Муну жеңгенге мүмкүнбү?
– Экөөбүз бирге аракет кылсак жеңебиз. Коркууңду жеңсең, Насип, балким, сага кайтат. Балалык коркунучуңдан арылышың керек. Кана, аптанын кайсы күндөрү мага келесиң?
– Жума күнү келейинби?
Имараттын ичине өлгүсү келип кирген жаным сыртка үмүт менен чыгып бара жаттым. Психолог мага жараларымды ачып көрсөттү. Мен коркууларымды жеңгенге, жашоомду жакшы жакка бурганга аракет кылам. Менин колумдан келет! Буга чейин жашоонун бардык сынактарынан “5” деген баа менен өттүм, демек, бул сыноону да жеңем. Рахмат, сага жакшы адам! Сен менин жашоомду өзгөрттүң!
Сезим