ОСТЕОПАТ КОЛ МЕНЕН ДИАГНОЗ КОЮП, КОЛ МЕНЕН ДАРЫЛАЙТ

Остеопаттык кесип жаңыдан таралып келе жаткан кесиптердин бири. Бул эмне болгон кесип, адамдарга кантип диагноз коюп, кантип дарылай тургандыгын, башкача айтканда, остеопатияга катылган сырларды медицина илимдеринин жана остеопатиянын доктору, Евразия остеопатиялык медицина институтунун генералдык директору, Орусия остеопаттар регистринин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын остеопаттар ассоциациясынын президенти Бактыгүл Усупбекова айтып берди.

“ОСТЕОПАТТЫК ЫКМАЛАР ООРУТПАЙТ, КОРКУНУЧСУЗ”

– Остеопатия – бул дары-дармек менен да, хирургиялык жол менен да эмес, кол менен гана дарылап организмди калыпка келтирүүгө багытталган далилдөөчү медицина.

Остеопатиянын негизги максаты – адамды текши, жалпы бир бүтүн систем катарында карап, жаракаттан же оорудан улам өзгөрүүлөргө туш болгон омуртка, кол-буттун, нервдердин, кан тамыр жана лимфа системинин, органдардын ишин калыпка келтирүү.

Остеопаттын колу органдардын же муундун кайсы жеринде жаракат же оорудан улам өзгөрүү бар экенин, организмдин кайсы жеринде чел кабык тартылып калганын, ткандардын кайсы жеринде токтоп калган суу, кан же лимфа бар экенин сезет. Өзгөрүү бар жерде сөзсүз оору бар, же оору жаралып жаткан болот. Ошондой эле тартылып, кысылып калган чел кабыктарды бошотпосо да дарттар пайда боло баштайт.

Адам организминде түрдүү ткандар: без, сөөк, булчуң, чел кабык, суюктук (кан, суу жана лимфа), тери ткандары бар жана булардын баары дем алат. Врач-остеопаттын колу алардын дем алганын же жакшы дем ала албай жатканынан бери сезе алат.

Адамдын бөйрөгү ооруса нефрологго, көзү ооруса окулистке, тамагы ооруса ЛОР врачка барат. Ал эми остеопаттар ооруну тигил же бул адистиктеги врачтын оорусу деп бөлбөйт, денени бир бүтүн организм катары карайт жана дарылайт. Остеопаттык ыкмалар таасирдүү, оорутпайт, коркунучсуз. Врач-остеопат адамдын организмине колу менен гана диагноз жасайт жана остеопатиялык ыкмалардын жардамы менен дарылайт.

ОСТЕОПАТТАР 5 БАГЫТТА ИШТЕЙТ

Диагностика

– Бизге келген бейтаптардан качан жаракат алганын, эмне операцияларды башынан өткөргөнүн, кандай оорулар менен ооруганын сурайбыз. Кичинекей балдарды алып келишсе апасынан кош бойлуулугу жана төрөтү кандай өткөнүнөн бери сурайбыз. Бул маалымат диагностикага, дарылоого да жардам берет. Диагностиканы кол менен 3 абалда: тургузуп, отургузуп, жаткызып жүргүзөбүз. Ошол 3 абалда тең өзгөрүү бир жерде экени билинсе, демек, ошол жерде маселе бар жана аны жоюу керек. Мисалы, адам бир жеринен операция болсо ошол жердин эле эмес, анын айланасындагы чел кабыктар да автоматтык түрдө тартылат. Ошондуктан аппендицит болгон адамда кийин өт, ашказан, жоон ичеги же жыныс мүчөлөрүнүн иштеши бузулушу мүмкүн. Врач-остеопаттар оорунун белгилерине гана көңүл бурбай, оорунун өзөгүн таап, тамырын алып салганга аракеттенет.

Дарылоо

– Адам организми бири-бири менен тыгыз байланышта болгон бир бүтүндүк дедик. Демек, бир жер ооруса, башка жердин да тиешеси болот. Бир нече мисал келтирейин. Эгер чач түшө баштаса, анда артериалдык кан менен башыңыз жакшы камсыз болбой жатат, же стресстен улам кан тамырлар, нервдер, баш сөөктөр кысылып жатат. Демек, ошого жараша дарылоо кажет. Бөйрөктөгү оору тигил же бул омуртканын жылып кетишинен же болбосо инфекция, катуу суук, уулануу, булчуңдун кысылышы жана башкалардан болушу мүмкүн. Талма аттан, имараттан, лыжадан катуу кулагандан, катуу стресстен, автокырсыктан улам пайда болот. Мээнин катуу чел кабыгы кысылып, баш, жамбаш жана анын тегерегиндеги органдар козголот. Баштагы катуу мээ чел кабыгы бекилген жерлерди дарылоо керек.

Ымыркай балдардын тынбай ыйлашы төрөт учурунда жаракатка кабылып (балакай сыгып алынса, киндиги моюнуна оролсо, төрөт узакка созулуп кетсе, ара төрөлсө) баш сөөктөрү, мээсинин катуу чел кабыгы, диафрагмалары, биринчи жана экинчи моюн омурткалары, алардын арасындагы нерв, кан тамырларынын кысылып калуусу мүмкүн. Ошолорду бошотуу керек. Ооруларды дарылоодо атайын көнүгүүлөрдү да үйрөтөбүз. Алардын арты менен адам организмин толук калыпка келтирип алат.

Колу өтө сезгич врач-остеопаттар гана балдар менен иштей алат. Бул өтө “ювелирдүү” иш. Кыскасы, врач-остеопат төрөбөйт деген аялдардын көпчүлүгүнө төрөгөнгө жардам берет, баспай жатат деген баланы майпаңдатып болсо да бастырууга аракет кылат, сүйлөбөйт дегенди чулдуратып болсо да сүйлөтүүгө жетишет.

Калыпка келтирүү

– Химия терапиясын алгандар, автокырсыкка, инфаркт, инсульт, жаракатка кабылгандар, оор төрөттү башынан өткөзгөндөр, катуу ооруларга чалдыккандар, операция болгондор дарылангандан кийин калыпка келиши үчүн остеопатка барышы керек.

Профилактика

– Жазында, күзүндө остеопатка баруу керек. Айталы, кышта лыжадан же велосипедден жыгылдыңыз, стресс абалдарды баштан өткөрдүңүз, же операция болдуңуз. Аталгандар жөн кетпейт, бир жериңизге доо кетирип, ооруну жарата баштайт. Врач-остеопат болсо оорунун өөрчүп кетишине жеткирбей калат.

Францияда остеопаттар жаңы туулган баланын киндиги кесилери менен колуна кармап, төрөлүп жатканда башы кысылып калса, чел кабыгы тартылса, денеси буралып калса бошотуп, анан ороп-чулгаганга беришет. Кыргызстанда андай мүмкүнчүлүк азырынча жок. Биз төрөлгөндөн кийин жок дегенде бир жолу врач-остеопаттарга балакайды көрсөтүш керек дейбиз. Канчалык эрте көрсөтсө, ошончолук жакшы. Кыйын абалда төрөлгөн, денесинин сарысы узакка кетпеген, сыгып алынган, кысылып калган бала кийин майып же начар окуучу болуп калышы мүмкүн. Начар окуганы менен андай бала көп кыймылдайт, көп сүйлөйт, анткени ал өзү билбей кысылган денесин кыймыл, кыйкырык менен бошотууга аракет кылат. Кичинесинен ыйлаак болот. Кийин андай баладан оорукчан же кылмышка барган, же мүнөзү катаал адам чыгышы мүмкүн. Врач-остеопат баланын тагдырын туулганда эле оңдоп, андай жаман адам чыгуусуна жеткирбейт.

Күз келгенде биз ата-энелерге “окуу башталганы калды, балдарыңарды врач-остеопатка көрсөткүлө, жыгылган, кулаган жери же башка нерселери болобу денесин түздөп, оңдоп берели, ошентсе балдарыңар жакшы окуйт” деп айтабыз.

Өмүрдү узартуу, карылыкты токтотуу

– Японияда 100 жашка чыккандар жана андан ашкандардын саны 1 миллионго жакындап калды. Алар деңиз азыктарын жегенден да мурун, ден соолугуна убагында кам көрүшүп, оң эмоция менен жашоого аракеттенишет. Жаш кезинен аларды башкаларга терс эмоцияларын көргөзбөөгө үйрөтүшөт. Биз да ушул жаатта иш алып барабыз.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Erlan_95
2021-05-03 20:57:27
Шарлотандар
-1
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-05-05 08:38:56
Бир көрүнүп коюш керек экен
+2
№ 960, 29-апрель-5-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан